Орусия доллардан баштарта баштады

Америка Кошмо Штаттарынын санкцияларынын күчөшүнөн улам Орусия акырындык менен доллардан баш тарта баштады.

Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Bloomberg агенттиги белгилегендей, өткөн жылдын төртүнчү чейрегинде Орусиянын экспорттук төлөөлөрүндө доллардын үлүшү биринчи жолу 50%дан төмөндөп, 48,3%ды түздү. Мындан бир жыл мурун бул көрсөткүч 61 пайыздан ашкан.

Учурдагы кырдаал көбүнчө Орусия менен Кытайдын ортосундагы соода жүгүртүүнүн өсүшүнө байланыштуу экени айтылууда.  Өткөн жылдын төртүнчү чейрегинин аягында эки өлкөнүн экономикалык алакаларынын 80 пайыздан ашыгы евро менен жүргүзүлгөн.

Маалыматта, акыркы айларда Орусиянын бийлиги өлкөгө каршы санкциялардын коркунучу күчөп жаткандыктан экономиканы Американын кийлигишүүсүнөн бөлүп салууга аракет кылып жаткандыгы баса белгиленген.

15-апрелде Вашингтон Орусияга каршы жаңы санкцияларды киргизди. Чектөөлөрдүн бир бөлүгү Орусиянын улуттук карызына таасирин тийгизген. 14-июндан тартып америкалык компанияларга Борбордук банк, Улуттук жыргалчылык фонду же Каржы министрлиги тарабынан чыгарылган Орусиянын карыздык милдеттемелерин түздөн-түз сатып алууга тыюу салынат. Бирок, алар Орусиянын мамлекеттик облигацияларын экинчи рынокто сатып алып же сата алышат. Америкалык инвесторлор жана эксперттер мындай санкцияларды өтө эле жумшак деп аташты.

Ал эми Кытай өз кезегинде Москваны колдоого даярданган. Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Ван Вэньбинь “Мамлекеттик суверендүүлүктү коргоодо Кытай менен Орусия бири-бирин колдошот”, – деп жарыялап, ошол эле учурда Пекин Вашингтон менен Москва конструктивдүү диалог баштап, өз ара урматтоонун негизинде келишпестиктерди жөнгө саларына үмүт артарын билдирди.

Комментарий жиберүү