Президент Жапаров чек арадагы талашты тынч жол менен чечүү керектигин айтты

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин негизги жана өзгөрүүсүз принциби – ага мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы достук, ынак коңшулук жана өз ара пайдалуу кызматташтык мамилелерин мындан ары өнүктүрүү жана чыңдоо экенин айтып, чек арадагы талаштуу маселелерди тынчтык жана дипломатиялык жол менен чечүү зарыл экенин кайталады.

Бул тууралуу мамлекет башчы, бүгүн 14-октябрда Казакстандын борбору Астана шаарында өткөн КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынында сүйлөп жатып билдирди.

“Мамлекет башчысы бири-биринин аймактык бүтүндүгүн урматтоо жана азыркы чек аралардын кол тийбестиги сыяктуу маанилүү принципти баса белгиледи. Бул бүгүнкү мамилелердин негизги пайдубалы болгон эң маанилүү келишимдердин бири. Президент кыргыз тарап талаштуу маселелерди тынчтык жолу жана саясий-дипломатиялык ыкмалар менен гана чечүү зарылчылыгы боюнча өзгөрүүсүз позицияны карманарын дагы бир жолу ырастады”, – деп жазылган президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Мамлекет башчы 2023-жылдын 1-январынан тарта КМШга төрагалык кылуу Кыргызстанга өтөрүн кошумчалады. Кыргыз тарап бул убакытта КМШга мүчө-мамлекеттердин ортосундагы ынак коңшулук жана ишенимдүү мамилелерди чыңдоого өзгөчө көңүл бура турганын айтты.

Президент климаттын өзгөрүшү, жаратылышты коргоо жана экология маселелери коопсуздук жана туруктуу өнүгүү маселелери менен түздөн-түз байланышта болгон артыкчылыктуу милдеттер экенин кошумчалады.

Казакстандын борбору Астана шаарында бүгүн, 14-октябрда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынында соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө, коопсуздук жаатында интеграциялык байланыштарды мындан ары да өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду. Ага ылайык, КМШга төрагалык кылуу Кыргызстанга өтүп, кеңешменин 2023-жылдагы жыйыны Бишкек шаарында өтмөй болду.

Садыр Жапаров эл аралык жыйындарга катышуу үчүн 12-октябрда Астанага барган. Ал 13-октябрда Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге (Азия Кеңешмеси) мүчө мамлекеттердин VI саммитине катышты. 

Комментарий жиберүү