Путиндин ортомчулугунда Жапаров менен Рахмондун жолугушуусу кандай өттү?

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Россиянын президенти Владимир Путин жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун Астана өткөн үч тараптуу сүйлөшүүлөрүнүн чоо-жайы боюнча азырынча так маалымат аз.

Ошондой болсо да мамлекет башчыларынын басма сөз кызматтарынын кыска жана эмоциясыз билдирүүлөрү бардык пикир келишпестиктерди тынч жолу менен гана жөнгө салуу үчүн негиз түптөлгөнүнөн кабар берет. Балким татаал болгондур… Ондогон адамдардын өлүмү менен коштолгон аскерий кагылышуудан кийинки диолог жөнөкөй болушу мүмкүн эмес. Бирок, башкысы диалог жүрүп жатат. Эки тарап тең жаңжал саясий-дипломатиялык жол менен гана чечилиши керектигине бекем турушууда. Талаштуу жерлер үчүн Кыргызстан менен Тажикстандын эли жапа чекпеш керек.

Эл аралык мамилелердин практикасы эгер үстөл үстүндө чек арада тынчтыкка жетүү үчүн эки тарапка тең пайдалуу чечимдердин варианты болбосо, Астанадагы үч тараптуу жолугушуу таптакыр болмок эмес экенинен кабар берет.

Кыргызстандын позициясы өзгөрүүсүз калат. Президент Садыр Жапаров буга чейин бир нече ирет белгилегендей, башканын жеринин бизге кереги жок, бирок Кыргызстан ата-бабаларыбыздан калган жердин бир метрин дагы бербейт. “Биз башка жерге көз артпайбыз, бирок өзүбүздүкүн дагы бербейбиз. Биз улуттук кызыкчылыгыбызды каттуу коргойбуз”, – деди президент.

Буга карата биринчи кадам тараптар согуштук линиядан аскерлерин жана техникасын чыгарып, чет ара өтмөктөрүн алганында жасалды. Блогерлердин жана активисттердин күмөн санаганына жана сындаганына карабай, бул кандайдыр бир деңгээлде туура болгонбу деген биринчи тыянактарды эми гана жасай алабыз. Азыр биз дипломатия иштеп жатканын көрүп жатабыз, бул эң негизгиси. Бул Баткендеги коңшулар менен тынчтык жана ынтымак болсун деген үмүт.

Сүйлөшүүлөрдүн чоо-жайы жана деталдарына келе турган болсок, аны жарыялоого шашылбаса дагы болот, эң башкысы Бишкек менен Душанбенин ортосундагы диалог уланууда.

Комментарий жиберүү