Путин жакында Иранга барат

Россиянын президенти Владимир Путин 19-июлда Тегеранга барат.

Бул тууралуу Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдиргенин РИА Новости жазды.
Ал бул сапарынын алкагында Ирандын президенти Ибрахим Раиси жана Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен үч тараптуу саммитке катышат. Ошондой эле эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

“Президенттин Тегеранга сапары даярдалып жатат. Ал жерде Астана процессинин кепилдиги болгон мамлекет башчыларынын жолугушуусу өтөт”, – деди Песков журналисттерге.

Өткөн аптада Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын да расмий сапар менен Иранга барары маалымдалган.

Кечээ, 11-июлда Кремль Россия менен Түркиянын президенттери телефондон сүйлөшкөнүн жана Иранда жогорку деңгээлдеги Анкара-Москва жолугушуусу болуп, анда мамлекет башчылар өз ара кызыкчылыкты көздөгөн бир топ маселелердин топтомун талкуулоосу пландалып жатканын билдирген.

Комментарий жиберүү