Путин “Жаңы СТАРТ” келишимин беш жылга узартты

Орусиянын президенти Владимир Путин “Жаңы СТАРТ” келишимин беш жылга узартуу боюнча документттерге кол койду.

«ir.Sputnik News» агенттигининин маалыматына ылайык, Кремль “Жаңы СТАРТ” келишимине ылайык, Орусия менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы чабуул коюучу куралды кыскартуу жана чектөө чаралары беш жылга узарганын билдирди.
Владимир Путин Орусия Федерациясы менен АКШнын ортосундагы стратегиялык чабуул куралдарын кыскартуу жана чектөө жөнүндө келишимди 2026-жылдын 5-февралына чейин узартуучу документтерге кол койду.
Орусия менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосунда стратегиялык чабуул коюучу куралдарды кыскартуу жана чектөө чаралары жөнүндө он жылдык макулдашууга 2010-жылдын 8-апрелинде Прагада кол коюлган. Келишим 2011-жылдын 5-февралынан баштап күчүнө кирип, мөөнөтү 2021-жылдын 5-февралында аяктамак.
Буга чейин, Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков Орусия менен АКШ Москванын шарттарына ылайык стратегиялык куралдарды кыскартуу келишимин (Жаңы START) узартуу чечимин кабыл алышканын билдирген.

Комментарий жиберүү