Путин Ооганстандын азыркы бийлиги менен иштешүүгө чакырды

 Россиянын президенти Владимир Путин Астанада “Россия-Борбор Азия” саммитинде Ооганстандын азыркы бийлиги менен иштешүү зарыл экенин билдирди.

Анын айтымында азыркы ооган бийлиги менен иштешүү – бул багыттагы иштерди кылдат талдоо жана аракеттерди координациялоо предмети болуп саналат.

“Албетте, биз Ооганстандын азыркы бийлиги менен иштешибиз керек, бул позицияны баарыңыздар билесиздер. Бирок бул биздин бардык мамлекеттер үчүн ушул багытттагы ишибизди кылдат талдоо жана координациялоонун өтө маанилүү болгон предмети. Россия бул жаатта сиздер менен тыгыз байланышта иш алып барууга даяр”, – деди Путин.

Путин экономикалык төмөндөө контекстинде Талибан өкмөтү (Талибан кыймылы) Ооганстан үчүн салт болуп калган кирешенин айрым түрлөрүнө, анын ичинде баңги аткезчилигине көңүл бурбай коюуга аргасыз болуп жатканына токтолуп өттү.

Анын айтымында, чет элдик чалгын кызматтарынын кысымы астында талибдер өлкө түндүгүндө террористтердин чептеринин пайда болушуна көз жумуп жатышат жана бул бардыгы үчүн коркунучтуу.

Белгилей кетсек, бүгүн, 14-октябрда Астанада  “Россия-Борбор Азия” форматындагы биринчи саммит өттү. Ал Россия Федерациясы демилгеси менен аймактын бардык беш мамлекетинин ортосунда дипломатиялык мамилелердин орнотулганына отуз жыл толушуна карата уюштурулган.

Комментарий жиберүү