Путин: Россия азырынча Украинада олуттуу эч нерсе баштай элек

Россия Украинадагы атайын операциянын жүрүшүндө олуттуу чара көрө элек.

Бул тууралуу 7-июлда РФ президенти Владимир Путин Мамлекеттик Думанын фракция лидерлери менен жолугушууда билдирди.

“Алар бизди согуш талаасында жеңүүнү каалап жатканын угуп жатабыз. Эмне дейбиз, аракет кылышсын. Батыш биз менен акыркы украиналык калганга чейин согушкусу келерин буга чейин көп жолу укканбыз. Бул украин эли үчүн трагедия, бирок баары ушуга бара жатат окшойт. Алар Россия “олуттуу эч нерсе баштай элегин” түшүнүшү керек”, – деди Путин.

Ошол эле учурда ал Москва тынчтык сүйлөшүүлөрүнөн баш тартпасын, бирок баш тарткандар сүйлөшүү канчалык кеч болсо аларга РФ менен сүйлөшүү ошончолук кыйын болорун баса белгиледи.

Депутаттар менен жолугушууда Владимир Путин да Россияга каршы санкциялардын демилгечилери өз максаттарына жете электигин билдирди.

“Россияга каршы киргизилген мыйзамсыз чаралар бизге кыйынчылык жаратууда. Бул ачык-айкын факт. Бирок Москвага каршы экономикалык блицкригдин демилгечилери ойлогондой эмес”, – деди Путин.

Комментарий жиберүү