Россиянын тактика, стратегиясы

Украинада согуштук аракеттердин жүрүп жатканына алтынчы күндүн жүзү болду.

Согуштун эң татаал, оор жана чечүүчү мезгилдери ушул күндөрү башталуу алдында турат.

Согуштун алгачкы күндөрү Россия Куралдуу Күчтөрүнүн жеңил-желпи бөлүктөрү Украина территориясына кирип, чалгындоочу аракеттерди жүргүздү. Анын максаты – орус аскерлерине каршы чыга турган Украинын Куралдуу Күчтөрүнүн, абадан коргонуу системаларынын, базаларынын, учактарынын жайгашкан, жашырылган жерлерин аныктап, тактоо эле.

Аныкталган жерлерге абдан катуу соккулар урулду. Талкалады.

Украин жетекчилиги жеңил-желпи куралданган орус аскерлерин айрым учурларда жеңип, талкалап, “мына жеңиш биз тарапта болуп калды”,- дегендей маанайда болушту.

Орус жетекчилиги да, мүмкүн, жеңил-желпи куралданган аскерлер кирсе эле украиндер “бизди колдоп кетет” деп ойлошкон. Бирок андай болбоду.

Ошондуктан, эми Россиянын оор куралданган аскердик бөлүктөрү ишке кире баштады. Кырдаал өтө олуттуу мүнөзгө ээ боло баштады.

Украинанын буга каршы кандай стратегиясы бардыгын жакынкы күндөр аныктайт. Аскердик стратегия болбосо, партизандык согушка өтүү турат.

Россия жетекчилигинин алдында болсо Украинанын тагдырын чечүү маселеси турат. Эгерде сүйлөшүүлөр натыйжасыз болсо, анда Украинанын үчкө бөлүнүп калуу коркунучу турат.

Биринчи, Донбасс жана Луганскинин тагдыры. Бул облустардын тагдыры чечилди десек да болот. Алар мурунку облустук аймактарын толук ээлеп, ДНР жана ЛНР бойдон калышат.

Экинчи, Харьков, Херсон, Одесса, Запорожье, Днепр ж.б. чыгыш жана борбордук Украина облустарынын базасында Новороссия же Жаңы Украина мамлекети түзүлүшү мүмкүн. Украинанын бул облустарында өнөр жай, кара топурактуу берешен дыйкан талаалары жайгашкан.

Үчүнчү, Батыш Украина облустары-Львов, Хмельницкий, Ивано-Франковск ж.б. облустары өзүнчө мамлекетке айланышы мүмкүн.

Ошон учүн Украинанын нейтралдуу статусту алып, Батыш менен да, Россия менен да кызматташып, жашай берүүсү эң туура жол беле деген ой кетпейт.

Бирок, кеч болуп баратат…

Aidanbek Akmatov.

(Материал автордун ФБдагы барагынан алынды).

Комментарий жиберүү