«Россия жеңиши керек». АКШда Украинада кетирген каталарын түшүнүштү

 АКШ менен НАТОнун Украинадагы аракеттери өзөктүк кагылышуу коркунучун күчөтөт. Бул туурасында Рональд Рейгандын администрациясы алдындагы Ак үйдүн мурдагы кызматкери Пол Крейг Робертс өзүнүн сайтына жазды.

“Мен чыр-чатак өзөктүк Армагеддонго айланганынан көрө, Россиянын согушта жеңгенин артык көрөм”, – деди ал.

Робертстин айтымында, курал-жарак корпорациялары чыр-чатактын курчушуна кызыкдар, анткени алар мындан зор киреше алышат.

Адис Вашингтонду украин кризисине катышууну токтотууга чакырып, антпесе америкалыктарды вьетнамдык сценарий күтүп турарын айтты.

“Украин аскерлери жеңилип жатат, демек жакында америкалык жана европалык бөлүктөрдү киргизүү боюнча агитация башталат. Адегенде алар Киевди колдоо үчүн бир дивизия жетиштүү болот дешет. Анан бул дивизияны сактап калуу үчүн дагы бир дивизия керек болот. Биз мунун баарын Вьетнамда көрдүк”, – деп сөзүн жыйынтыктады макаланын автору.

Буга чейин Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров БУУнун Коопсуздук кеңешинин Украина боюнча жыйынында сүйлөп жатып, Киев режимин колдогон батыш өлкөлөрү жаңжалдын тарапташына айланып баратканын билдирген. Ал ошондой эле Украина үчүн курал-жарак камтыган ар кандай жүктөр Россия үчүн мыйзамдуу бутага айланарын белгилеген.

Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков өз кезегинде Украинанын Куралдуу күчтөрүн Батыштан курал-жарак менен камсыз кылуу орус-украин сүйлөшүүлөрүнүн ийгилигине салым кошпой, терс таасирин тийгизерин белгилеген.

Дүйнө жакында Украинага курал жеткирүүнүн кесепеттерин сезет

Америкалык аскерий эксперт Питер Сучиу 8-декабрда 19FortyFive журналына жазган макаласында Киевге курал жеткирүүнүн кесепеттери тууралуу айтып берди. Анын айтымында, Батыш өлкөлөрү Украинага жеткирген согуштук техника дүйнөнүн башка аймактарында көмүскө базарга (черный рынок) чыгат.

Ал мынчалык көлөмдөгү курал-жарак импортун жеткирүүнүн акыркы чекитине байкоо жүргүзүү кыйын деп эсептейт.

“Согуштук аракеттер аяктагандан кийин маселе ого бетер курчушу мүмкүн. Миллиондогон ок-дарыларды эсепке алуу керек болот жана Киевде аларды чогултууга аракет кылуу үчүн каражаты бар болобу же жок болобу азырынча белгисиз. Ондогон, атүгүл жүз миңдегендер (курал-жарактар – ред.) жөн эле жок болуп, көмүскө базарда сатылат”, – деди Сучиу.

Буга чейин, 6-декабрда Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя Батыштын Украинага жеткирип жаткан курал-жарактары көбүрөөк бандиттердин жана террорчулардын колуна өтүп жатканын билдирген.

Эске салсак, 2-ноябрда Батыш өлкөлөрү Украинага жеткирген курал-жарактар Европанын көмүскө базарында пайда болгону белгилүү болгон. Түндүк Европа өлкөлөрүндө мурда Киевге өткөрүлүп берилген фин куралдары мыйзамсыз соода аянттарында байкалганы кабарланган.

Комментарий жиберүү