Рухани: «Cанкцияларды жоюу өзөктүк келишимди жандандыруунун бирден-бир жолу»

Ирандын президенти Хасан Рухани Франциянын президенти Эмманюэль Макрон менен болгон телефондогу сүйлөшүүсүндө өзөктүк келишимди сактап калуунун жана жандандыруунун бирден-бир жолу – АКШнын санкцияларын алып салуу болуп саналарын билдирди.

Бул тууралуу “Ir.Sputnik” агенттиги жазды. Рухани Ирандын өзөктүк келишимдеги өз милдеттенмелерин аткарууну кыскартуусу АКШнын келишимден чыгуусунун жана Европанын өз убадаларын аткарбагандыгынын кесепети экенин белгиледи. “Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик  (МАГАТЭ) менен кызматташуубуз уланууда жана биз эч качан өзөктүк келишимден чыккан эмеспиз. МАГАТЭнин Башкаруучулар Кеңешиндеги ар кандай конструктивдүү эмес иш-аракеттер же позициялар жаңы чакырыктарга алып келиши жана учурдагы кырдаалды татаалдаштырышы мүмкүн”, – деди ал.

Ирандын президенти АКШнын санкциялары Тегеранга өзүнүн каржылык ресурстарына жетүүсүн, ал тургай, дары-дармек жана медициналык жабдыктар менен камсыздоосун кыйындатканын билдирип, Европа Биримдиги, айрыкча Франция бул адамкерчиликсиз аракеттерге унчукпай койбойт деп күтөөрүн кошумчалады.

Комментарий жиберүү