Талибан Ооганстанда согуш аяктаганын жарыялады

“Талибан” кыймылы Ооганстанда 20 жылдан бери уланып келе жаткан согуш аяктаганын жар салды.

Бул тууралуу аталган топтун расмий өкүлү Мухаммед Наим Al Jazeera телеканалына берген маегинде билдирди.
Ал өлкөдө башкаруу формасы жакында белгилүү болорун айтып, “Биз 20 жыл мурун өлкөбүздө башталган согушту токтоттук”, – деди.
Анын айтымында, Талибан ооган лидерлери менен диалог жүргүзүүгө даяр жана аларды коргоого убада беришүүдө. Ошондой эле, өлкөнүн жашоочулары менен чет элдик дипломаттардын коопсуздугуна кепилдик берилерин баса белгиледи.
Мындан тышкары, аталган топ эл аралык коомчулуктагы маселелерди сүйлөшүү жолу аркылуу чечүүгө жана башка мамлекеттер менен мамилелерин бекемдөөгө даяр экенин билдирди.
Буга чейин, “Талибан” кыймылы баш калаа Кабулду курчап алганы жана Ооганстандын президенти Ашраф Гани өлкөдөн чыгып кеткени белгилүү болгон.
Айрым өлкөлөр Кабулдагы элчиликтерин эвакуациялап жатышканы айтылууда.

Комментарий жиберүү