Түркияда байчечекей тергендерге айып пул автоунаанын баасына көтөрүлдү

Түркиядагы байчечекейлер жок болуу коркунучунда.

Islam Today маалымат порталы билдиргендей, Түрк бийлиги улуттук парктарда байчечекейлерди чогулткандарга айып пулду бир топ көбөйттү.
Берилген маалыматтарга караганда, эми бир гана түп байчечекей үзгөндүгү үчүн 80 465 лира (болжол менен 848 миң рубль) төлөнүшү керек.

“Эгерде байчечекейлерди коммерциялык максатта жыйналганы далилденсе, айып пулдун көлөмү үч эсеге көбөйөт”,- деп жазат “Российская газета”.

Эске салсак, Түркиядагы байчечекейлер айлана-чөйрөнү коргоо мыйзамы менен бирге корголот.
Быйыл эрте гүлдөгөндүгүнө байланыштуу аларга өзгөчө көңүл бурулду. Ошол эле учурда, байчечекейлер түрк элдик медицинасында кеңири колдонулат, айрыкча, алар полиомиелит жана Альцгеймер оорусун дарылоого жардам берет деген ишенимдер бар.

Ушул себептен улам гүлдөр жок болуу коркунучунда турат.

Комментарий жиберүү