Түркияда Эрдоган катышкан митингде терракт ооздукталды

Түркиянын коопсуздук күчтөрү президент Режеп Тайып Эрдогандын катышуусундагы митингде терракттын алдын алганы белгилүү болду.

Бул тууралуу CNN Turk телеканалы маалымдады.

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын башысынын орун басары Хамза Дагдын айтымында, коопсуздук күчтөрүнүн кызматкерлери тинтүү учурунда унаалардын биринен жардыруучу затты табышып, зыянсыздандырышкан. Бул мамлекет башчынын эл алдына чыгар алдында болгон.

“Жардыруучу зат Мардинде иштеген полиция кызматкеринин унаасынын астына коюлган, аны Эрдоган Сиирт шаарына митингге келгенде жардыруу пландалган. Алар митингди үзгүлтүккө учуратууну пландаштырышкан. Тынч чөйрөнү бузууга аракет кылып жаткандар бар”, – деп билдирди саясатчы.  

Учурда кылмышка шектүүлөрдү издөө иштери жүрүп жатат.

Сиирт өлкөнүн түштүк-чыгышында жайгашкан. Эрдоган Элдик-республикалык партиянын лидери Кемал Кылычдароглу Мерсинде миңдеген адамдардын катышуусунда митинг уюштургандан кийин Сиирт шаарына өзүнүн тарапташтарынын митингине катышып, эл алдында сөз сүйлөө үчүн барган.

Өлкө лидери жарандарды улуттук экономикага болгон ишенимди сактоого үндөп, өлкөдөгү кырдаалды турукташтырууга убада берди.

Эске салсак,  Түркиянын түштүгүндөгү Мерсин шаарында лиранын курсунун рекорддук төмөндөшүнө байланыштуу Эрдогандын кызматтан кетишин талап кылган миңдеген адам катышкан митинг өттү.

Комментарий жиберүү