Түркия Кыргызстанга ГЭС курат

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Түркиянын Палаталар жана товардык биржалар союзунун (ТОВВ) жетекчиси Рыфат Хисаржыкоглу жетектеген делегация менен жолукту.

Бул тууралуу  Өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Жолугушууда Улукбек Марипов кыргыз тарап кыргыз-түрк мамилелерин өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерине жана Түркия Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө зор салым кошуп жатканына токтолуп, “Бүгүнкү күндө жетекчиликтин бирден бир милдети бул инвесторлор үчүн шарттарды түзүү. Тилекке каршы бүгүнкү күндө эки өлкөнүн ортосундагы товар жүргүзүү реалдуу потенциалга жооп бербейт. Жалпы максатка жетишүү үчүн биздин өлкөлөр ириде биргелешкен инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруусу керек”,-деди.

Ал эми делегация башчысы Рифат Хисарджыкоглу Түркия Кыргызстандагы кичи жана ири гидроэлектростанцияларды куруу жаатында кызматташууга даяр экендигин билдирди. Ошондой эле, өлкөнүн товар жүгүртүү тармагына кызыктар экенин айтты.

2013-жылы Түркиянын учурдагы президенти Режеп Тайип Эрдоган премьер-министр болуп турган учурда Кыргызстанга ГЭС курууга көмөктөшөрүн билдирген.

Комментарий жиберүү