Түштүк Корея, АКШ жана Япониянын ортосундагы кызматташтык

Үч өлкөнүн Түндүк Корея коркунучуна каршы дагы күчтүү кызматташууну убада кылгандары белгиленди.

Түштүк Кореянын Тышкы иштер министрлиги Америка Кошмо Штаттары (АКШ) жана Япония менен биргеликте Түндүк Корея коркунучуна каршы күчтүү кызматташтыкты бекемдөө боюнча биргелешкен убадаларын кайталагандарын билдирди.

Йонхап агенттигинин маалыматына ылайык, Корея жарым аралынын атайын өкүлү Ким Гун, Япониянын Тышкы иштер министрлигинин Азия жана Океания иштери боюнча башкы директору Фунакоши Такехиро жана АКШнын президенти Жо Байдендин Түндүк Корея боюнча атайын өкүлү Сун Ким менен Балидеги G20 министрлеринин жыйынында жолугушту.

Тышкы иштер министрлигинен жасалган билдирүүдө, үч өлкөнүн Түндүк Корея коркунучуна каршы дагы күчтүү кызматташууну убада кылгандары белгиленди.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Нед Прайс: «АКШнын атайын өкүлү Ким Түндүк Кореянын мыйзамсыз баллистикалык ракета учурууларына каршы үч тараптуу коопсуздук кызматташтыгын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн дагы бир жолу ырастады жана Түндүк Кореянын зыяндуу кибер ишмердүүлүгүнөн келип чыккан коркунучтарды азайтуу үчүн тыгыз кызматташууну убада кылды»,-деди.

Комментарий жиберүү