Эрдоган Иранга каршы санкцияларды алып салууга үндөдү

Түркиянын президенти Иранга каршы бир тараптуу санкциялардын алынып салынышы жана «өзөктүк келишимге” кайтып келүү регионалдык туруктуулукка жол ачат деп эсептейт.

Mehr News агенттигинин Sputnik агенттигине шилтеме берип билдиргенине караганда, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Экономикалык Кызматташтык Уюмунун (ЭКО) 14-саммитинде сүйлөгөн сөзүндө Иранга каршы санкцияларды алып салууга чакырды.
 Ал мындай деп кошумчалады: “Иранга каршы бир тараптуу санкциялардын алынып салынышы жана “өзөктүк келишимге” кайтып келүү аймактагы туруктуулукту камсыз кылууга шарт түзөт”.
Белгилей кестек, февраль айынын башында ал ирандык кесиптеши Хасан Рухани менен телефон аркылуу сүйлөшүүдө санкцияларды алып салуу үчүн Тегеран-Вашингтондун диалог эшиги ачык деп айткан.
Бирок, АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен кайталап билдирүү жасап, айрым санкциялардын алынышынын шарты Ирандын өзөктүк келишимдин милдеттенмелерине кайтып келиши менен аткарыларын ырастады.
Эске салсак, Иран бир нече жолу АКШнын жана Европанын өлкөгө киргизген санкцияларын алып салгандан кийин гана өзөктүк келишимге кайтып келерин баса белгилеген.
Иран тараптын пикиринде,Иранга каршы санкцияларды алып салуу Байдендин Демократиялык администрациясынын милдети, анткени Трамп администрациясынын өзөктүк келишимден бир тараптуу чыгып кеткен катасын оңдоосу керек.

Комментарий жиберүү