«Эркиндик» үчүн «экижүздүү» күрөш: Ирандагы толкундоолордун себеби эмнеде?Эксперттин пикири

 Сепаратист чет элдиктердин кийлигишүүсү менен болгон Ирандагы соңку башаламандыктар бул өлкөгө кысым жасоо үчүн шылтоо болуп, “өзөктүк келишимди” кайра жандантуу жана Ирандын бул позициядагы аракеттери жана укуктары сыяктуу маселелер четте калтырылды.

Саясий маселелер боюнча эксперт Сергей Кожемякин Ирандагы соңку баш аламандыктар тууралуу “Правда” басылмасына пикирин билдирди.

Өзөктүк келишимдин тегерегиндеги оюндар

Заманбап дүйнө – ар түрдүү кызыкчылыктар чырмалышкан түрмөк жип сыяктуу. Кандайдыр бир кубулуштун маңызын түшүнүү үчүн бир жипти сууруп алуу жетишсиз. Ал үчүн ага ачык же кыйыр түрдө байланышкан башка нерселердин баары изилдениши керек. Мындай чечмелөөсүз  Ирандагы кырдаалды түшүнүү мүмкүн эмес.

Жай мезгилинин аягында Биргелешкен комплекстүү иш-аракеттер планын (JCPOA) же “өзөктүк келишимди” калыбына келтирүү боюнча сүйлөшүүлөрдө жылыш байкалып, Евроүчтүк (Франция, Германия, Улуу Британия), Россия жана Кытай өкүлдөрү болгон ортомчулар келишимдин долбоорун даярдашкан. Маалымат каражаттары Вашингтон менен Тегеран өз ара эпке келүүгө даяр экендиктерин жазышты.

АКШ 200 ирандык компанияга жана мекемеге киргизилген санкцияларды алып салууга, тоңдурулган активдердин бир бөлүгүн кайтарып берүүгө жана көмүр суутектерин тоскоолдуксуз экспорттоого уруксат берүүгө макул болгон. Өз кезегинде Иран Дональд Трамптын тушунда террордук уюмдардын тизмесине киргизилген Ислам революциясынын сакчылар корпусун ал  тизмеден дароо чыгарууну талап кылуудан баш тартып жаткан.

Мындай прогресс бир катар факторлорду жеңилдеткен. Биринчи фактор катары Ирандын коңшулары Катар менен Омандын сүйлөшүүлөргө катышуусун атаса болот. Алардын дипломаттары Тегеран менен Батыштын борбор шаарларын кыдырып, талаштуу маселелерди такташкан. Экинчиден, келишимдин түзүлүшү батыш элитасынын кызыкчылыгында болгон. Эгерде Евробиримдик күйүүчү майдын жаңы булактарын алууну көздөсө, анда Ак үй үчүн Конгресске шайлоодо демократтардын утулуп калышына жол бербөө маанилүү.

Жо Байдендин рейтингинин төмөндөшүнүн жана экономикалык көйгөйлөрдүн фонунда – дипломатиялык прогресс бирден бир жол болуп саналат, ошондуктан Иран менен түзүлгөн келишим бул үчүн абдан ылайыктуу болгон.

Сурамжылоолорго караганда, америкалыктардын 79 пайызы Иран менен сүйлөшүүлөргө оң көз карашта, бул тышкы саясатка карата жалпы мамилеге ылайык келет. Америкалыктардын үчтөн экисинен көбү Сауд Аравияга курал сатууга каршы, 47 пайызга жакыны Израил менен тыгыз байланыштын пайдасынан күмөн санашат.

Мындай перспективалар катуу каршылык жаратып, Израил негизги кыймылдаткыч күчкө айланды.

Иранга каршы катуу пропаганданын шартында өзөктүк келишимди калыбына келтирүү Яир Лапиддин өкмөтүнүн бийликти сактап калуу мүмкүнчүлүгүн азайтат жана оппоненттерин “өлбөс душманга” каршы тура албаганы үчүн сындаган Беньямин Нетаньяхуга жашыл жарык берет.

Бийликтен ажырап калуу коркунучунан улам аткаминерлер “дипломатиялык сапарларга” жөнөштү. Коргоо министри Бенни Ганц, улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи Эяль Хулата, “Моссаддын” чалгын кызматынын директору Давид Барнеа жана башка кызмат адамдары АКШга барышты. Өз кезегинде Лапид европалык багытты алды. Сүйлөшүүлөрдүн темасы “Иран коркунучу” болду. Алар Тегерандын өзөктүк дүрмөттөрдү “бир нече жуманын ичинде” жасоого жөндөмдүүлүгү тууралуу куру божомолдорду кайталап, келишим түзүлгөндөн кийин Израил аны аткарбай турганын эскертти.

Башка оюнчулар да жанданды. Сауд Аравиянын тышкы иштер министри Фейсал бин Фархан өзөктүк келишимдин кайра жанданышына тынчсыздануусун билдирип, Тегерандын аскердик-техникалык ийгиликтерин аймак үчүн коркунуч деп атаган. Мүмкүн Эр-Рияддын мунай өндүрүүнү кыскартуу чечимине бул тынчсызданууларды Батышка жакшыраак жеткирүү каалоосу себеп болгондур.

Америкада Республикалык партия ага каршы чыкты. Мурдагы вице-президент жана Ак үйгө ыктымал талапкер Майк Пенс Ирандын Улуттук каршылык көрсөтүү кеңешинин Албаниядагы баш кеңсесине барды. Оппозициялык топтордун бул коалициясы Иранда бийликти кулатууну колдойт. Алардын ишмердүүлүгүн колдой турганын билдирген Пенс республикачылар бийликке кайтып келери менен кайра жанданган келишимди үзгүлтүккө учуратууга убада берген.

Көп өтпөй албан бийликтери Иранды кибер чабуулдар үчүн айыптап, Тегеран менен дипломатиялык мамилесин үзгөн. «Ак үй» союздаштарды колдой турганын жарыялоого аргасыз болгон. Провокацияларды дээрлик отуз демократ конгрессмендин сүйлөшүүлөргө тынчсыздануусун билдиргени жеңилдетет. Алардын кайрылуусу Тель-Авивдин алдыңкы лобби тобу болгон америка-израилдик коомчулук менен байланышы боюнча комитетинин кайрылуусун чагылдырат.

Провокациянын куралдары

Өзөктүк келишимге кайтып келүүнү толук үзгүлтүккө учурата турган акыркы “темир” аргумент керек болгон.  Буга күрт кызы Махса Аминин өлүмү себеп болду. Оппозициянын жана Батыш маалымат каражаттарынын маалыматтарына ишене турган болсок, ал мусулмандардын “дресс-кодун” бузганы үчүн сабалып, бир нече күндөн кийин каза болгон.

“Махса Аминин” өлүмү бул маселеден упай топтоп жүргөндөрдүн эки жүздүүлүгүн ачыкка чыгарды. Ирандын каршылаштары “аялдардын геноцидин” гана айтып, маанилүү фактыларды жашырып жатышат.

Биринчиден, Махса Аминиге дароо жардам көрсөтүлүп, Тегерандагы эң мыкты медициналык мекемелердин бири болгон Касра ооруканасына жаткырылган. Экинчиден, каргашалуу окуяны жогорку бийлик өкүлдөрү өз көзөмөлүнө алып, президент Ибрахим Раиси ички иштер министрине анын жагдайын кылдат иликтөөнү тапшырган. Көп өтпөй журналисттер кызды дарылаган дарыгерлердин көрсөтмөлөрү жана видеокамералардагы видеолор менен таанышышкан. Акыркы видео кыздын жүрөгү кармап калганын көрсөтүп турат. Үчүнчүдөн, маалымат тараткандар башка өлкөлөрдүн кыйла катаал саясатын этибарга алышпайт. Мисалы, Сауд Аравияда аялдар жарым-жартылай гана добуш берүү укугуна ээ, ал эми кийим-кечесине жана эркин жүрүүсүнө чектөөлөр сакталып турат. Израилде болсо палестиналык балдар жана аялдар дээрлик күн сайын өлтүрүлүүдө, ал жердеги арабдар “экинчи сорттогу” адамдарга айланган. Бирок Батыштын маалымат каражаттарында буга катуу тыюу салынган.

Иранды каптаган башаламандыктар көптөгөн суроолорду жаратат, анткени ал дароо деструктивдүү мүнөзгө ээ болду. Көбүнчө куралданган агрессивдүү топтор полиция бөлүмдөрүнө, мечиттерге, тез жардам унааларына хаос жаратуу максатында кол салышкан.

“Түстүү” ыңкылаптарга мүнөздүү өзгөчөлүктөр пайда болуп – снайперлер коопсуздук күчтөрүн жана карапайым калкты аткылап, нааразылык акциясына катышкан бир нече чет элдиктер камакка алынган.

Толкундоолордун чордону улуттук азчылыктар: күрттөр, белужилер жана азербайжандар отурукташкан аймактарда болгон. Көз карандысыздыкты талап кылган демонстрациялар башталып,  тез эле зордук-зомбулукка айланып кеткен. Захедан шаарында полиция бөлүмдөрүнө кол салуудан 19 укук коргоо кызматкери, анын ичинде Систан жана Белужистан провинциясынын Сакчылар корпусунун чалгындоо бөлүмүнүн башчысы Сейед Али Мусави каза болду. Кол салуу жоопкерчилигин исламчыл “Жундалла” тобу өзүнө алды. Хузестан провинциясында террордук чабуулдар ооздукталып, чет өлкөдөн келген курал-жарактын ири партиясы колго түшүрүлдү.

Ички иштер министри Ахмад Вахиди билдиргендей, тополоңчулар алдын ала даярдалган жана жөн гана учурду күтүп жатышкан. Бул сөздөргө ишенүүгө толук негиз бар. “Моссаддын” мурдагы жетекчиси (2016-2021-жылдары) Йоси Коэн анын тушунда Израил “Ирандын жүрөгүндө” көптөгөн жашыруун операцияларды жүргүзгөнүн мойнуна алган. Ал эми “Reuters” агенттиги АКШнын Борбордук чалгын агенттигинин (ЦРУ) агентурасынын Ислам Республикасындагы иштери тууралуу репортаж жарыялаган. “Ирандын амбицияларын ооздуктоо Вашингтон үчүн көптөн бери артыкчылыктуу маселе болуп келгенин” белгилеген иликтөөнүн авторлору агенттерди тартуунун схемалары жана атайын кызматтардын жашыруун операциялары тууралуу айтып беришкен. Бул Борбордук чалгын агенттигинин (ЦРУ) азыркы директору Уильям Бернс CBS телеканалынын эфиринде Иранда “революциянын” болушун каалай турганын жарыялаган.

Полишинелдин сыры – сырттан келген сепаратисттик топторду колдоо. Күрт аймактарынын бөлүнүшүн талап кылган “Комала” кыймылы, Күртстандын эркин жашоо партиясы жана башка уюмдардын Ирактын түндүгүндө базалары бар жана НАТО өлкөлөрүнүн контингенттери жана атайын кызматтары менен тыгыз кызматташат. Израилдин “Иерусалим пост” газетасы күрттөр “теократиялык режимге каршылык көрсөтүүнүн эң ийгиликтүү тажрыйбасын көрсөтүп жатышат” деп жазган. Провокациялардын күчөшү Иранды Ирактын Эрбиль жана Сулаймания провинцияларындагы согушкерлердин лагерлерине бир катар сокку урууга мажбур кылды.

Амининин өлүмү шылтоо гана болгондугун тышкы күчтөрдүн бир добуштан кийлигишүүсү толук тастыктады.

Израилдин Тышкы иштер министрлиги өз билдирүүсүндө “Иран элинин кылмыштуу режимге каршы каарынын жалынын өчүрүү мүмкүн эмес” десе, Евробиримдиктин бийликтери Тегерандан “демонстрацияларды ырайымсыз басууну токтоосуз токтотуп, маалыматтын эркин агымын камсыздоону” талап кылды. Бул хорго Ак үй да кошулду.

Ирандын Ички иштер министрлиги, Байланыш министрлиги жана башка түзүмдөрдүн жетекчилерине каршы санкциялар киргизилди, АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен айткандай, “эл обочолонуп, караңгылыкта калбашы” үчүн бийликтер Американын интернет-тармактарын Иранга таратууга буйрук беришти. Аны аткарган миллиардер Илон Маскка таандык “Старлинк” спутник системасы болгон.

“Караңгылыктан кутулуу” деген эмне экенин 1979-жылы кулатылган династиянын күтүүсүз жерден чыккан  мүчөлөрүнөн билсе болот.

Хан сарайда бакыбат турмушка балкып жашап, иран элинин жек көрүндүсүнө айланган Ирандын акыркы шахынын жесири Фарах Пехлеви эми “аятолла режими менен өз укуктарыңар үчүн күрөшүүгө” чакырууда.

Ал эми анын АКШдагы уулу Реза “эр жүрөк мекендештеринин жеңишке жетишине жардам берүү үчүн” баарын жасайм деп убада берүүдө. Сүргүндөгү ханзаада Батышты “күрөшүп жаткан ирандыктарга сөз түрүндө эмес, иш жүзүндө” колдоо көрсөтүүгө чакырып, “революциядан кийин” Иран Израилдин досу болоорун айткан.

Дагы бир “маалымат фронтунун каарманы” Америка үнү жана “Азаттык Радиосу” радиостанцияларында иштеген диссидент кыз Масих Алинежад болду. 2019-жылы АКШнын Мамлекеттик катчысы Майк Помпео аны кабыл алып, аны эрдиги үчүн мактаган. “The New Yorker” гезитинин жазганына караганда, Алинежад “миллиондогон ирандык аялдарды режимдин гендердик апартеиддин эң күчтүү символу болгон хижабды талкалоого шыктандырган”.

Эки жүздүү кошуна

Провокациялар үчүн жаңы плацдарм Азербайжан болуп калды. Анын Израил менен мурда болгон тыгыз мамилеси ар тараптуу өнөктөштүктүн мүнөзүн алды. Ушул жылдын октябрь айынын башында Бенни Ганц башындар турган делегация Азербайжанга келген. Министр журналисттерге билдиргендей, Бакуда ал стратегиялык мамилелерди сактоонун маанилүүлүгүн белгиледи. Делегациянын мүчөлөрү сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө “Ирандын пландарына” каршы аракеттерди координациялоо талкууланганын ачык-айкын айтышты. Муну Израилдин Азербайжандагы элчиси Жорж Диктин үзгүлтүксүз жана жазасыз билдирүүлөрү тастыктап турат.

“Биз гумандуулукту, теңдикти жана эркиндикти даңазалаган баалуулуктар үчүн күрөшүп жаткан Иран эли менен тилектешпиз”,- деген ал. Дипломат сепаратизмди да колдой турганын жашырбайт. Жайында ал Твиттерде “Табриздин сыйкырдуу жомоктору” китеби менен сүрөтүн жарыялаган. “Бул байыркы азербайжан шаары”, – деп жазылган постто.

Тебриз эзелтеден Персиянын, андан кийин Ирандын бир бөлүгү болгондугун Дик, албетте, билбей койбойт.

Кыскасы, элчи жергиликтүү басылмалардын лейтмотивин гана кайталайт.

“Калибер” интернет-порталы “Убакыт келди! Түштүк Азербайжан Ирандан бөлүнүшү керек” деген макала жарыялаган. Дагы бир белгилүү “Хаккин” сайты Бакуда “өз мекендештеринин укуктарын коргоо жана улуттук боштондук кыймылдын жаңы толкунун колдоо үчүн жетиштүү мобилизациялык күчтөр бар” деп жазган. Мындай маанайды түрк бийликтери күчөтүүдө. Өкмөттү жактаган “Daily Sabah” гезити Ирандын ыдырашы тууралуу ачык айтып жатат. Вашингтондо жайгашкан Демократияны коргоо фондусу Иранды “Советтер Союзу сыяктуу” кулатууга чакырган.

Баку менен Тель-Авив аскердик чөйрөдөгү кызматташтыгы да өсүүдө. Баку сатып алган куралдардын 70 проценти Израилдин үлүшүнө туура келет, массалык маалымат каражаттары Израилдин авиациялык жана чалгындоочу техникасы республикада жайгаштырылышы мүмкүн экени жөнүндө жазып жатышат.

Иранга каршы плацдармды түзүүгө Москванын саясаты көмөктөшүүдө. Кремль Түркия менен Израилдин Закавказьеде бекемделишине көз жумуп гана тим болбостон, агрессивдүү кадамдарга да көмөк көрсөтүүдө. Армения менен Азербайжандын чек арасындагы сентябрь айындагы кагылышууларда эч нерсе кылган жок. Анда Ереван ЖККУдан чыгарын айта баштады. Баку менен Анкара үгүттөгөн формада Армения менен Россияны Ирандан ажырата турган “Зангезур коридору” маселеси боюнча солгун позицияны карманууда.  

Тегеранга чабуулдун жыйынтыгы сүйлөшүүлөрдүн үзгүлтүккө учурашы болду. Ирандын эгерде АКШ келишимден чыгып кетсе кепилдик берүү жана МАГАТЭнин иликтөөсүн токтотуу боюнча адилеттүү талабына  жабышкан Европанын үч өлкөсү  Тегеранды “аракетти үзгүлтүккө учуратып жатат” деп айыптап чыкты. Вашингтон да муну кыйытып, нааразычылык акцияларынан улам диалогдун мааниси жок экенин билдирүүдө. Израилдин бийликтери да кубанганын жашырган жок. Лапид Батышка “бекем позициясы үчүн” ыраазычылык айтып, “келишимди үзгүлтүккө учуратуу боюнча кампания ийгиликтүү болгонун” жарыялады.

Бул аймактагы туруксуздаштыруу процессин гана тездетет. Израилдин Сирияга жаңы чабуулдары жана Йемендеги элдешүүнүн бузулушу тынчсыздануу сигналдары болду. Бардык учурларда Америка Кошмо Штаттары интервенттердин тарабын алат. Ирандын тайманбас позициясы үчүн аны эч качан кечиришпейт жана аны алсыздандыруу үчүн ар кандай шылтоолорду колдоно берет.

Эске салсак, Ирандагы башаламандыктар 22 жаштагы Махса Амини аттуу студент кыздын өлүмүнөн кийин тутанган. 13-сентябрда Тегеранда адеп-ахлак полициясы аны көчөдө хижабсыз жүргөнү үчүн деген негизде кармап кеткен. Амининин абакта каза болгону 16-сентябрда кабарланган. Полиция ал жүрөгү кармап көз жумганын маалымдаган.

Жергиликтүү ЖМКлардын маалыматына караганда, өлкөдөгү нааразычылыктардын натыйжасында кеминде 41 адам каза болуп, дагы 1500 киши кармалган. Каза болгондор менен жаракат алгандардын арасында коопсуздук күчтөрү да бар.

Ирандын жогорку руханий лидери аятолла Али Хаменеи эки жумадан ашык убакытка уланган масштабдуу нааразылык акцияларын уюштурууга АКШ менен Израилди күнөөлөгөн. Eurasia Today.

Комментарий жиберүү