ЮНИСЕФ: Африкада миллиондогон адамдар гумжардамга муктаж болушат

Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар Фонду (ЮНИСЕФ) Африкадагы 20 миллиондон ашык адам алдыдагы алты айдын ичинде суу жана азык-түлүк жардамына муктаж болушарын эскертти.

Бул тууралуу чет элдик басылмалар маалымдашты.

Уюмдун Чыгыш жана Түштүк Африка боюнча аймактык директору Мохаммед Малик Фолл журналисттерге Эритрея, Эфиопия, Кения жана Сомалиде гуманитардык кризис күчөп жатканын билдирди.

“Биз бул аймакта акыркы 40 жылда болуп көрбөгөндөй кургакчылык болуп жатканына күбө болуудабыз. Климаттын өзгөрүшү менен шартталган катуу кургакчылыктын айынан жаныбарлар кырылып калган. Кийинки алты айдын ичинде Эритрея, Эфиопия, Кения жана Сомалиде 20 миллиондон ашык адам чукул гуманитардык жардамга муктаж болот», – деп билдирди Фолл.

Ошондой эле, ал бул аймактарда кургакчылыктан, азык-түлүктүн жетишсиздигинен жана коронавирустан жапа чеккен адамдар миграцияга кетүүгө аргасыз болуп, көбүнчө балдар жапа чегип жатышканын баса белгиледи. Анын айтымына караганда, Эритрея, Эфиопия, Кения жана Сомалидеги кургакчылыктан улам 5,5 миллион бала ачкачылыкка дуушар болушкан.

«Алдыдагы үч айда жамгыр жаабаса, бул сан эки эсеге көбөйөт», – деди Фолл.

Комментарий жиберүү