Өзбекстанда 26 миңден ашуун адам вакцинадан баш тартканы үчүн жумуштан четтетилди

Республикада мыйзамдарды аткаруудан баш тарткандарга катуу чаралар көрүлүүдө.

Өзбекстанда коронавируска каршы милдеттүү эмдөөдөн баш тарткан жарандарга айып пул салынып, жумуштан четтетиле баштады.

Бул туурасында Республиканын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдик жана коомдук саламаттыкты сактоо кызматынын (СЭС) Telegram-каналындагы билдирүүдө айтылат.

“Эмдөө талаптарын сактабаганы үчүн 26 миңден ашык адам жумушунан четтетилип, 2 миңден ашуун иш берүүчүгө айып салынып, 175 мекеме убактылуу жабылды”, — деп белгиледи уюм.

Жалпысынан 50 миң адам милдеттүү эмдөө талабын аткарган эмес. Санитардык-эпидемиологиялык бейпилдик жана коомдук саламаттыкты сактоо кызматынын Ташкент облустук башкармалыгы милдеттүү эрежелердин сакталышын текшере баштады. Рейддер өлкөнүн башка аймактарында да өткөрүлөт.

Эске салсак, республикада соода, коомдук тамактануу, тейлөө жана билим берүү тармагында иштеген чоң кишилерди, ошондой эле аскер кызматкерлерин коронавируска каршы милдеттүү эмдөө иштери 19-июлдан тарта башталган. Бул жарандар 1-ноябрга чейин эмдөөдөн өтүшү керек болчу.

Август айынын башында мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилип, иш берүүчүлөргө эмдөөдөн өтүүнү каалабаган кызматкерлерди жумуштан четтетүү мүмкүнчүлүгү берилген.
Республиканын тургундары коронавируска каршы эмдөөнү 1-апрелден тарта ала башташкан. Бул убакыттын ичинде 15 миллиондон ашык адам вакцинанын биринчи дозасын алышкан.
Эмдөө Anhui Zhifei Longcom Biopharmaceutical, CoronaVac, “Спутник V”, AstraZeneca, Moderna жана Pfizer препарттары менен жүргүзүлүүдө.

Комментарий жиберүү