2023-жылы КМШ уюмуна Кыргызстан төрагалык кылат


Казакстандын борбору Астана шаарында бүгүн, 14-октябрда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынында соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө, коопсуздук жаатында интеграциялык байланыштарды мындан ары да өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду. Ага ылайык, КМШга төрагалык кылуу Кыргызстанга өтүп, кеңешменин 2023-жылдагы жыйыны Бишкек шаарында өтмөй болду.

Мындан сырткары Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигин өнүктүрүүдө мүчө мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын ролу, КМШнын алдында түзүлгөн орус тилин колдоо жана өнүктүрүү боюнча эл аралык уюм жөнүндө документке кол коюлду.

Уюмга мүчө өлкөлөрдө 2024-жыл Ыктыярчылар кыймылынын, 2025-жыл — Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгы — Нацизмге каршы күрөшүүдөгү тынчтык жана биримдик жылы, 2026-жыл — Саламаттык сактоо жылы, 2024-жыл Санкт-Петербург шаарын (Орусия) Шериктештиктин маданий борбору деп жарыяланмай болду. КМШ өлкөлөрү коррупция, терроризм жана экстремизмге каршы күрөшүү, климат, маданият чөйрөсүндө кызматташат.

14-октябрда Астана шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны өттү. Ага Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров катышты.

Садыр Жапаров эл аралык жыйындарга катышуу үчүн 12-октябрда Астанага барган. Ал 13-октябрда Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге (Азия Кеңешмеси) мүчө мамлекеттердин VI саммитине катышты.

Комментарий жиберүү