Ливияда бийлик үчүн күрөшкөн топтордун кагылышуусунан 23 адам каза болду

Ливияда бийлик үчүн күрөшүп жаткан топтордун ортосундагы айыгышкан кагылышууда 26-августтан бери 23 адам каза болду, ондогон адамдар жараат алды.

AFP агенттиги маалымдагандай, борбор калаа Триполиде кеминде алты оорукана талкаланды.

Май айында бул өлкөдө мамлекеттик төңкөрүш аракети жасалып, ишке ашпай калган. Эл аралык коомчулук тааныган өткөөл өкмөттүн башчысы Абдел Хамид Дбейбаны атаандаштары алып түшүүгө аракет кылышкан.

Ливияда башаламандык 2011-жылы диктатор жетекчиси Муамар Каддафи бийликтен алынгандан бери токтобой келе жатат. 2020-жылдын октябрында ливиялык конфликттеги тараптар ок атышууну токтотуу тууралуу келишим кабыл алышкан. 2021-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун ортомчулугу менен убактылуу өкмөт дайындалган.

Комментарий жиберүү