Бекжан Турабеков: “Туура эмес тамактануудан көптөгөн оорулар келип чыгат”

Акыркы мезгилде көпчүлүк дени сак жашоо образын калыптандыруу, туура тамактанууну баштоо тууралуу ойлонуп баштады. Албетте, бул жакшы көрүнүш. Бирок кээ бир азыктардан баш тартуу, режим менен жашоо дегенге жеткенде көйгөйлөр, бүтпөгөн суроолор жаралат. Ошону эске алуу менен бул жолку маегибиз туура тамактанып баштоонун оңой жолдору, рацион түзүү, деги эле ден соолугубузга кам көрүү жөнүндө болмокчу. Суроолорубузга жалпы практикалык врач, «Sunna medicine” салттуу жана алтернативдүү медицина адистеринин профессионалдуу ассоциациясынын президенти, “Дени сак жашоого кадам” курсунун автору – доктор Бекжан Турабеков жооп берди.

– Ассалому алейкум. Саламатсызбы, Бекжан мырза? Эмне себептен туура тамактануу биз үчүн маанилүү?

– Ва алейкум ассалом. Өзүңүздөр билгендей, акыркы учурда адамдар туура жашоого, анын ичинен туура тамактанууга аябай кызыктар болуп жаткан кез. Мындай абалдан пайдаланып, кээ бирлер өздөрүнүн түрдүү диеталарын, муну кылуу же тигини кылбоо тууралуу сунуштарын берип жатышат. Адам үчүн тамактануунун кандай мааниси бар? Организмибиз бардык микро жана макронутриенттерди тамактан гана алат. Аллах Таала азык-түлүктү ушундай жаратып койгон. Денедеги ар бир клеткабыз, органыбыз азык затка муктаж. Тамак-аш курамында макронутриенттер жана микронутриенттер болот. Макронутриенттерге: белок, углевод, майлар жана суу кирет. Ал эми микронутриенттер: минералдар, витаминдер, аминокислоталарды камтыйт. Биз тамактанууда организмге өтө керектүү макронутриенттерди алабыз. Алардын жардамы менен биздин организмибиз кыймылдайт, клеткаларыбыз иштеп, анын жыйынтыгында рибосома ар кандай белокторду бөлүп чыгарат. Митохондрия тамак жегендин эсебинен организмге керектүү АТФти иштетет. АТФ ар бир клеткабыздын иштөөсүнө энергия берет. Жөнөкөй сөз менен айтканда, кыймылыбыз, дем алуубуз үчүн, деги эле жашообуз үчүн тамак керек. Машинага сапатсыз бензин куйса, ал начар жүрөт. Ошол сыяктуу эле ашказанга азыктык баалуулугу жок, сапатсыз тамак кире турган болсо, адам организми акырындап талкалана баштайт. Көптөгөн оорулар туура эмес тамактануудан келип чыгат. Эгер адам рационалдуу түрдө азыктанса, ден соолукка таасири жакшы. Жыйынтыгында, адам дарысыз, түрдүү каражаттарсыз ар кандай патологиядан арылууга шарт түзүлөт.

– Идеалдуу тамактануу кандай болуш керек?

– Эң жөнөкөй сыр менен бөлүшөйүн. Бир тарелканы элестетиңиз. Ар бир адам ошол тарелканы төрткө бөлүш керек. Эртең мененки тамактанууда же түшкү тамактанууда болсун, тарелканы төрткө бөлүп аласыз. Анын бир бөлүгүндө жалаң жер-жемиштер, экинчисинде жашылчалар, үчүнчүсүндө татаал углеводдор (арпа, таруу, буурчак ж.б), төртүнчүсүндө белоктор (мал эти, балык) болот. Организм тамактанууда ушул азыктар менен камсыздалыш керек. Анткени бардык микро жана макронутриенттерди ушундай азыктанууда гана организмге жеткире алабыз.

– Туура тамактануудагы эң негизги принциптер жана эрежелер?

– Адам баласы тамактанып жатканда ойлонуп жеш керек. Эмнени жеп жатам? Ушул азык менин организмим үчүн кандай пайда келтирет? Тамактануудан кийин организмим күч топтой алабы? Ушул суроолорго алгач жооп берип алыңыз. Эгер адамды максималдуу түрдө эрежеге киргизип сала турган болсоң, ал көп дегенде бир ай чыдайт, аткарат. Анан кайра баягы абалына түшөт. Ошондуктан ар кандай чектөөлөрдү киргизип, тигини кыл, муну жаса дебеш керек. Тескерисинче, адам тамактануу адатын жакшыртуусу зарыл. Рационалдуу азыктанууга аракет кылуусу керек. Рационалдуу тамактануу деген эмне? Үч маал тамактануу, эртең мененки жана түшкү тамактануунун ортосунда өзөк жалгоо (перекус). Ошондой эле түшкү тамактануу менен кечки тамактануу аралыгында дагы бир өзөк жалгоо бар. Жыйынтыгында адам 5 жолу тамактанат, анын ичинен суу ичүүгө өзгөчө көңүл бурулат. Окурмандарга дагы бир кеңешим бар. Максималдуу түрдө организм тамактарды сиңирүүгө даяр, күчтүү абалда иштеп турганда тамактаныш керек. Бул – күн чыккандан баштап, батканга чейинки аралык. Мындай маалда гормондорубуз, ферменттерибиз идеалдуу форматта бөлүнүп чыгып, жеп жаткан азыктардын баарын сиңирүүгө мүмкүнчүлүгү болот. Ошондуктан организм активдүү иштеп турганда тамактанып, ал эми кеч киргенде уктоого даярдануу зарыл.

– Бул режимге жаңыдан өтүп жаткандарга туура тамактанып баштоонун оңой жолдорун айтып өтсөңүз?

– Эч качан жашоону кыйындатпоону сунуш кылам. Максималдуу түрдө жеңил жасалган азыктар менен тамактаныңыз. Колдун келишинче, сууга, бууга бышкан тамактарды жеңиз. Жогоруда айтып өткөн тарелка ыкмасын сөзсүз колдонуңуз. Жаңы баштап жаткандарга бул эң жакшы формат.

– Күнүмдүк рационубузду кантип туура түзөбүз? Ага алгач кайсы азыктарды киргизген жакшы?

– Негизи рацион түзөрдө атайын күндөлүк ачып, жей турган азык-түлүктөрдү жазып чыгуу жакшы. Рациондо сөзсүз дан азыктары, мөмө-жемин, жашылчалар, эт, жаңгактар болуш керек. Мындан сырткары, тизмеге сүт азыктары: быштак, сыр, айрандын кирүүсү зарыл.

– Кайсы тамак-аштан толук баш тартышыбыз керек?

– Организмибизге минималдуу пайда берип, бирок максималдуу зыян тийгизген тамактар менен кош айтышуу зарыл. Буларга: газдалган суусундуктар, фри картошкалары, фастфуддар, куурулган тамактар, майонез, кетчуп кирет. Мунун баарын үй шартында жасаса болот. 2-3-сорттогу ундан нанын бышырып, ортосуна бууга бышкан котлет, жумуртка коюп, кадимкидей фастфуд жасап жегенге мүмкүн. Майонез, кетчупту да үй шартында жасаса жакшы. Анын баарын интернеттен оңой эле үйрөнүп аласыз. Ошондой эле түстүү суулардан, соктон, конфет-шоколаддардан колдон келсе баш тарткан дурус. Мен такыр жебеш керек, баары уу дебейм. Алар адамды өлтүрбөйт, бирок канчалык бир деңгээлде органимге зыян, пайдасы өтө аз. Биз жөн гана аларды колдонууну азайтып салышыбыз керек.

Жашообуздун бир бөлүгүн түзгөн нанды көп адистер жебегенди сунушташат. Сиз кандай пикирдесиз?

– Нан жешибиз керек, бирок 2-3-сорттон жасалган кара нандарды гана. Жогорку сорттон жасалган, аппак, оозго салса эригидей жумшак нандардан баш тартууга чакырам. Анткени анын курамына титан диоксиди деген зат кошулат. Ал кошулгандан кийин нандын пайдасы жоголот. Биздин максатыбыз – туура тамактануу, колдон келишинче жеген тамактарыбыздан өз организмибизге пайда алып келүү.

null

– Бир күндө 2 литрден кем эмес суу ичүү керек деген эреже бар эмеспи. Бул канчалык деңгээлде туура?

– Адам күнүнө 2-3 литрге чейин суу чыгарып турат. Эми ушул сууну толуктабай турган болсо, адам организминде “өнөкөт суунун жетишсиздиги” деген оору пайда болот. Суу тууралуу “Дени сак жашоого кадам” курсумда 1 сааттык лекциям бар. Угуп чыгууну ар бириңиздерге сунуштайм. Анткени суунун жетишсиздигинен коркунучтуу оорулар келип чыгат. Бул жерде баары 2 литр ичүү керек деген туура эмес. Ар бир адам индивидуалдуу түрдө суу ичиши керек. Менин сунушум – ар бир килограммга 30 граммдан суу ичүү. Мисалы, сиз 80кг болсоңуз, анда сизге 2 литр 400мл суу керектелет.

– Кечки саат 6дан кийин тамактанууга болобу?

– Албетте, болот. Бирок эмне менен тамактанасыз? Мына ушуга көңүл буруш керек. Көпчүлүк адамдар чарчап келишип, негизги тамакты кечинде жешет. Бул туура эмес. Кечки 6дан кийин кофе (уктаарга 4 саатка чейин), суу, шорпо сыяктуу жеңил нерселер болот. А бирок кечинде өзгөн күрүчүнөн басылган аштан, беш бармактан, чучуктан, камыр тамактардан жеп отурса, организм стресс болот. Кадимкидей органдар кыйналып, эптеп сиңирет. Уйкусу да начарлайт.

– Туура тамактануу кымбат. Карапайым адамдар туура тамактана алышпайт деген көз караштар бар. Деги эле көп каражат сарптабай туура тамактануу мүмкүнбү?

– Билимсиздигибизден улам туура тамактануу десе кымбат тамак-аштарды сатып алуу деп түшүнүп алганбыз. Туура тамактануу негизинен арзан. Мисалы, жумасына 3-4 түрлүү дан азыктарын колдонуңуз (гречка, буурчак, маш сыяктуу). Булар базарда арзан эле турат. Эт бир аз кымбатыраак болушу мүмкүн. Анын ордуна балык, тоок этин алыңыз. Жумасына 3 жолу балык, 1 жолу тоок эти, 1 жолу эт жесе абдан жакшы. Сүт азыктары арзан. Чөп-чарлар: укроп, петрушка, көк пияз, сельдерей базарда 10-20 сом эле. Бирок баары организмибизге керектүү нерселерди камтыйт. Болгону өзүбүз жебейбиз. Тескерисинче, туура эмес тамактануу биз үчүн кымбат. Биздин эл эмнени кантип сатып алууну билбегендиктен, баягы эле картошка, ун менен чектелип келүүдө. Ошолордун ордун башка арзан, пайдалуу тамак-аштар менен алмаштырса болот.

Маегиңиз үчүн ыракмат! Эл ден соолугу үчүн кызмат кылып жүрө бериңиз. Жараткан ишиңизди илгерилетип, чоң ийгиликтерди багындырууну насип кылсын!

Комментарий жиберүү