«Фараондор жолу» менен сейилдөө: Египетте сфинкстердин аллеясы ачылды (фото)

Египеттин Луксор шаарында Сфинкстер аллеясынын ачылыш аземи болуп өттү. Музей он жылдан ашык убакытка созулган реставрациядан кийин кайрадан конокторду кабыл ала баштады. 

Сфинкстер аллеясы байыркы мезгилден бери биринчи жолу Луксор менен Карнак храмдарын бириктирди. Эми ал туристтер үчүн сейилдөө аймагына айланат.

Казуу учурунда археологдор кочкор баштуу 250 сфинксти жана адам баштуу 807 сфинксти табышкан. Сфинкстер аллеясынын калыбына келтирилгенден кийинки узундугу үч километрге жетет. Азыр 1057 айкел бар. Байыркы убакта аллеяда айкелдер үч эсе көп болгон. Археологдор бир нече жылдар бою казуу иштерин улантууну көздөшүүдө.

Аллея 13-династиядагы фараон Нектанеб Iнин тушунда (б. з. ч. 380-362-жылдары) тургузулган. Аллеяны баштапкы көрүнүшүндөй кылуу боюнча акыркы калыбына келтирүү иштери 2010-жылы башталып, мыйзамсыз курулуштар алынган.

Комментарий жиберүү