Түндүк Кореяда белгисиз ысытма оорусунан 350 миң адам жабыркады

Түндүк Кореяда белгисиз ысытма оорусунан 350 миң адам жабыркады

Түндүк Кореяда белгисиз ысытма ооруусу жайылууда. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары маалымдашты. Илдет апрель айынын аягында катталган. Жалпысынан андан 350 миң адам жабыркаганы жана буга чейин 162 миңдей бейтап оорудан дарыланганы айтылууда. Бирок, азырынча бул белгисиз ысытма оорусунун коронавирус менен байланышы бар же жок экени тактала элек. Бул белгисиз ысытма кечээ, 12-майда эле 18 миң адамдан табылып, жалпысынан 187,000 адам карантинге алынган.Буга чейин, Түндүк Кореяда коронавирус инфекциясынын биринчи учуру аныкталганы жана андан 6 адам…

Прочитайте больше

COVID-19: Дүйнөдөгү акыркы абал

COVID-19: Дүйнөдөгү акыркы абал

Жонс Хопкинс университети 2022-жылдын 10-майына карата дүйнөдө 517 миллион 888 миң 062 коронавирус инфекциясын жуктуруу учуру катталганын билдирди. Бул тууралуу коронавирус боюнча Республикалык штаб маалымдады. Маалыматка ылайык, дүйнө жүзү боюнча илдеттен 6 миллиондон ашуун адам каза болгон. Ал эми, ага каршы 11 миллиард адам эмдөөдөн өткөн. Эксперттердин айтымында, коронавирустун качан бүтөөрүн айтуу азырынча мүмкүн эмес. Анткени, вирус мутацияга кабылып, ар кандай штаммдар жана белгилелери байкалып жатат. Учурда вируска каршы эң натыйжалуу коргоо бул – эмдөө…

Прочитайте больше

Тегеран Ирактын Эрбил шаарын аткылаганы кабарланды

Тегеран Ирактын Эрбил шаарын аткылаганы кабарланды

Ирандын “Тасним” маалымат агенттиги 11-майда Ислам революциясынын сакчылар корпусу Ирактын түндүгүндөгү Күрт автоном районунун баш калаасы Эрбилге чабуул койгонун кабарлады. Маалыматка караганда, Ислам революциясынын сакчылар корпусу Эрбилдеги “террордук топтордун турумдарын” бутага алган. Жабыркагандар тууралуу маалымат жок. “Ирактын түндүгүндөгү террордук топтордун, анын ичинде Күрдистан демократиялык партиясынын штабы буга чейин да бир нече жолу бутага алынган”,-деп жазды “Тасним”. Марттын орто ченинде сакчылар корпусу Эрбилге баллистикалык ракеталар менен сокку урушкан. Тегеран өз кадамын Эрбилде “Израилге караштуу стратегиялык борбор…

Прочитайте больше

Жер ортолук деңизинде кеме чөктү: 44 адам каза болду

Жер ортолук деңизинде кеме чөктү: 44 адам каза болду

Мыйзамсыз мигранттарды ташыган кеменин Канар аралдарына барууга аракет кылып жатканда чөгүп кеткени кабарланды. Батыш Сахара жээгинен жолго чыгып, Испаниянын түштүк-батышындагы Канар аралдарына барууга аракет кылган мыйзамсыз мигранттарды ташыган кеменин чөгүп кетишинен 44 кишинин каза болгону билдирилди. Испаниялык бейөкмөт уюму Caminando Fronteras тарабынан жасалган билдирүүдө, Атлантика океаны менен жээктеш Батыш Сахаранын батышындагы Божадордон жолго чыккан мыйзамсыз мигранттарды ташыган кеменин Канар аралдарына барууга аракет кылып жатканда чөгүп кеткени, ичиндеги 44 адамдын каза болгону, 12 адамдын болсо аман…

Прочитайте больше

БУУ Украинада үч миңден ашык жайкын тургун каза болгонун билдирди

БУУ Украинада үч миңден ашык жайкын тургун каза болгонун билдирди

Бириккен Улуттар Уюму Орусия кол салгандан бери Украинада каза болгондор 3300гө чукулдаганын билдирди. Каза болгондордун 231и жашы 18ге толо элек балдар болгон. БУУнун жарыялаган отчётуна ылайык, жалпы 3,5 миңден ашуун адам жараат алган. 73 наристенин сөөгү өздүгүн аныктоого болбой турган абалда. Улуттар Уюму жикчилдердин өздөрүн “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” деп атап алган аймактарда 105 адам өлүп, 417 киши жарадар болгонун кабарлады. Алардын дээрлик баары ракета, артиллериялык чабуулдарда көз жумган. БУУ бул сандар…

Прочитайте больше

Кытайдын Хунань аймагында имарат кулап 53 адам каза болду

Кытайдын Хунань аймагында имарат кулап 53 адам каза болду

Имараттын кулашына себепкер деген жүйө менен имараттын ээси да болгон 9 киши камакка алынды. Кытайдын Хунань провинциясынын борбору Чанша шаарында ураган имаратта каза болгондордун саны 53кө жетип, 10 адам жаракат алды. Жергиликтүү башкаруулардан берилген маалыматта 29 –  апрелде  ураган имараттын урандысында бир жумадан бери жүргүзүлүп жаткан куткаруу иштеринин  акырына чыккандыгы белгиленди. Уранды астында калган бардык кишилерге жетишилгендиги билдирилип,   каза болгондордун саны 53кө жеткендиги маалымдалды.  Мурунку күнү түнкү сааттарда бир киши 132 саатта урандыдан куткарылды. Урандыдан…

Прочитайте больше

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму сырдуу гепатиттен 228 баланын каза болгондугун билдирди

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму сырдуу гепатиттен 228 баланын каза болгондугун билдирди

Истербрук бейтаптардын эч биринде  белгилүү болгон гепатит А, B, C, D менен Енин жок экендигин, Ковид  – 19  вакцинасынын вирус менен байланышынын жок экендигин кайталады. Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму  Британияда пайда болгон жана кийинчерээк көптөгөн өлкөлөргө жайылган  сырдуу гепатит менен ооруган балдардын саны 228ге жеткенин жарыялады. Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму ВИЧ, гепатит жана жыныстык жол аркылуу жуккан инфекциялар программасынын изилдөөчүсү доктор Филипп Истербрук уюмдун Женевадагы борборунда өткөргөн   пресс  – жыйынында  журналисттердин гепатит тууралуу суроолоруна жооп берди. Ушул кезге чейин…

Прочитайте больше

Казакстанда үч жаңы аймак пайда болду

Казакстанда үч жаңы аймак пайда болду

Кечээ, 4-майда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөдө үч жаңы облус түзүү боюнча жарлыкка кол койду.  Бул тууралуу Казакстан Республикасынын башчысынын басма сөз кызматы билдирди. Жарлыкка ылайык, Чыгыш Казакстанда Абай облусу түзүлүп, борбору Семей шаары болду. Чыгыш Казакстан облусунан Аксуат, Абай, Аягөз, Бескарагай, Бородулиха, Жарма, Үржар, Көкпекте райондору жана Семей менен Курчатов калаалары бөлүнүп кетти. Ошондой эле, Алматы облусунун курамынан Аксуу, Алакөл, Ескелди, Каратал, Кербулак, Көксуу, Панфилов, Саркан райондору жана Талдыкорган менен Текели райондорун чыгарылып, жаңы Жетисуу облусу…

Прочитайте больше

Ереванда полиция митингге чыккандарды кармай баштады

Ереванда полиция митингге чыккандарды кармай баштады

Армениянын борбор шаары Ереванда бир нече күндөн бери митингдер өтүп жатат. Өлкөнүн премьер-министри Никол Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылган оппозициячыл күчтөр бүгүн Еревандын бир катар көчөлөрүн кайрадан тосуп алышты. Полиция митингчилерди кармай баштаганын Para TV интернет-ресурсу билдирди. Нааразычылык акциянын катышуулары бүгүн эртең менен Еревандын бир катар көчөлөрүн бууп, жарандарды алардын бийликке каршы митингине кошулууга чакырышууда. РИА Новости агенттигинин маалыматына караганда, Еревандын чет жагында нааразылык акциясы болгон жерге укук коргоо кызматкерлери келип, бир нече демонстранттарды унааларга…

Прочитайте больше

Сионисттер Аль-Акса мечитинде азандын жарыяланышына бөгөт коюшту

Сионисттер Аль-Акса мечитинде азандын жарыяланышына бөгөт коюшту

Палестиналык маалымат булактары сионисттик режим шейшемби күнү Аль-Акса мечитинде хуфтан азанынын берилишине тоскоол болгонун билдирди. Fars News агенттигинин эл аралык тобунун маалыматына ылайык, сионисттик режим Аль-Акса мечитине жана ал жердеги палестиналык намазчыларга каршы агрессиясын улантууда. Палестинанын Шахаб маалымат агенттиги сионисттик режим шейшемби күнү Аль-Акса мечитинде хуфтан азандын уктурууга тоскоол болгонун билдирди. Ал ортодо өткөн жылдын ыйык Рамазан айында сионисттер ушул айдын биринчи күнүндө Месжид-и Аксадан куптан азанын уктурууга уруксат беришкен эмес. Бул кадам Палестина элинин…

Прочитайте больше

Швецияда мусулман жана христиандарга таандык мазарларга карата кол салуу болду

Швецияда мусулман жана христиандарга таандык мазарларга карата кол салуу болду

Полиция кол салгандар тууралуу эч кандай маалыматы жок экенин айтып, окуяга күбө болгондорго кайрылууну суранды. Швециянын Мальмё шаарындагы Остра көрүстөнүндө мусулмандар жана православ христиандарына таандык 20дай көрүстөн талкаланды. Швециянын мамлекеттик телеканалы SVTге билдирүү жасаган Мальмё полициясынын катчысы Нилс Норлинг белгисиз адамдардын кол салуусунда көп сандаган мүрзө таштарынын талкаланып, үстүнө боек төгүлгөнүн айтты. Норлинг сөз болуп жаткан мүрзөлөрдүн мусулмандарга жана православ христиандарга таандык экенин белгиледи. СВД гезитинин кабарында 20га жакын көрүстөндүн талкаланганы, Орозо айттын биринчи күнү…

Прочитайте больше

Йеменде катуу кагылышуулар болду

Йеменде катуу кагылышуулар болду

Йемен армиясынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта өлкөнүн түндүгүндө орун алган Жевф провинциясында  хусилердин ок атышы менен бир аскердин каза болгондугу белгиленди. Йеменде өкмөт  күчтөрү менен Иран колдогон хуси  куралдуу күчтөрдүн ортосунда ок атышпоо башталган  2 –  апрелден бери биринчи жолу эки тараптан тең жоготуулар болду. Йемен армиясынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта өлкөнүн түндүгүндө орун алган Жевф провинциясында  хусилердин ок атышы менен бир аскердин каза болгондугу белгиленди. Бир тараптан аскердик булактардан алынган маалыматка караганда Йемендин түштүк –…

Прочитайте больше

Кабулдагы жардырууда каза болгондор элүүгө жеткени айтылууда

Кабулдагы жардырууда каза болгондор элүүгө жеткени айтылууда

Ооганстандын борбору Кабулдагы Халифа Сахиб мечитинин башчысы Сайед Фазил жардыруудан өлгөндөрдүн саны 50 адамга жеткенин кабарлады. Анын айтуусунда, жанкечти жума намазга жыгылгандардын ичинде болгон. Жардыруу болгон мечитте Орозо айынын акыркы жума намазы окулуп жаткан. Мурдараак расмий бийлик жардыруудан 10 адам өлүп, 30 киши жараат алганын кабарлаган. Ал эми атын айтпаган медициналык кызматкер Reuters агенттигине ооруканага 65тен ашуун адамдын сөөгү жана 80ге чукул жараат алган адамдар жеткирилгенин маалымдаган. Талибдердин расмий өкүлү Забиулла Муджахид жардырууга күнөөлүүлөр табылып,…

Прочитайте больше

Канада жумушчу күчтүн жетишсиздигинен кризис коркунучунда турат

Канада жумушчу күчтүн жетишсиздигинен кризис коркунучунда турат

Канаданын эмгек рыногу жумушчу күчтүн жетишпегендигинен улам кризис коркунучунда турат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты. Маалыматта өлкөдө жумушчу күчтүн кыскарышына калкынын тез картаюусу себеп болуп жатканы айтылат. Эл каттоонун маалыматы боюнча, 2021-жылы Канадада пенсияга жакындап калган адамдардын саны жумушка орношкондордон ашкан. Бул Канаданын жумушчу күчүнүн жетишсиздиги жакынкы жылдарда начарлап кетиши мүмкүн деген кооптонууну жаратууда. Канаданын статистика кызматы бул айырыма бир аз кыскарып, 2036-жылдан тарта кайрадан өсө баштайт деп божомолдоодо. Бирок, ошол эле учурда эмгекке…

Прочитайте больше

Орусия Мариуполдогу заводдо гуманитардык коридор ачканын жарыялады

Орусия Мариуполдогу заводдо гуманитардык коридор ачканын жарыялады

Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын Мариупол шаарындагы “Азовсталь” заводунун аймагында камоолдо жаткан жайкын тургундарды чыгарып кетүү үчүн гуманитардык коридор ачканын жарыялады. Бул тууралуу маалымат мекеменин сайтына коюлду. Анда коридор Москва убактысы боюнча 14:00дө (Бишкек убактысы боюнча 17:00) иштеп баштай турганы, ушул убакыттан тартып орус аскерлери ок атууну бир тараптуу токтотуп турары белгиленет. Азов деңизинин жээгинде жайгашкан шаардын дээрлик бардык аймагын орус аскерлери басып алган. Аталган заводдун аймагында калган украин аскерлери гана каршылыгын улантып, толугу менен камоолдо…

Прочитайте больше
1 10 11 12 13 14 47