Нигерияда католиктердин чиркөөсүнө жасалган чабуулдан 50 киши набыт кетти

Нигерияда католиктердин чиркөөсүнө жасалган чабуулдан 50 киши набыт кетти

Нигериянын түндүк-батышындагы Ово шаарындагы католиктердин чиркөөсүнө жасалган чабуулдан кеминде 50 киши набыт кетти. Бул тууралуу Нигериянын парламент мүчөсү Аделегбе Тимилейн билдирди. Маалыматка караганда, 5-июнда динчилдер чиркөөгө зыяратка чогулганда белгисиз согушкерлер аларды туш келди аткылап, имараттын ичине жардыруучу зат ыргытышкан. Калаба үчүн жоопкерчиликти азырынча эч ким ала элек. Мерт кеткендердин арасында балдар көп экени кабарланды. Согушкерлер чиркөөнүн башчысын уурдап кетишкен. Нигериянын президенти Мохаммаду Бухари кол салууну айыптап, аны “акылга сыйгыс” деп атады. “Эч нерсеге карабай мамлекетибиз…

Прочитайте больше

Иранда имараттагы кырсыктан мерт кеткендердин саны 38ге жетти

Иранда имараттагы кырсыктан мерт кеткендердин саны 38ге жетти

Ирандын Абадан шаарында кулаган имараттан мерт кеткендерин саны 38ге жетти. Бул тууралуу бийлик өкүлдөрү 5-июнда билдиришти. Куткаруучулар урандылардын алдында калгандардын сөөктөрүн алып чыгууну улантып жатышат. 23-майда болгон кырсыкта дайынсыз жоголгондор дагы эле бар, алардын так саны канча экени белгисиз. Жарадарлардын саны 40ка чамалады. Кырсыкка байланыштуу 13 адам, анын ичинде калаа мэри жана башка бийлик өкүлдөрү техникалык коопсуздукту сактабаганы үчүн жана курулуштагы мыйзам бузууларга айыпталып камалышты. Окуя болгон жерде майдын аягынан бери нааразылар чогулуп, бийликке каршы акцияларды…

Прочитайте больше

Түркия расмий түрдө чет тилдердеги аталышын өзгөрттү

Түркия расмий түрдө чет тилдердеги аталышын өзгөрттү

Түркия өлкөнүн аталышынын чет тилдердеги жазылышын өзгөртүү боюнча БУУга расмий өтүнүч жолдоду. Бул тууралуу Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Твиттер баракчасында жарыялады. “Президент Режеп Тайип Эрдогандын жетекчилигинде өлкөбүздүн брендинин кадыр-баркын көтөрүү үчүн баштаган процессибиз соңуна чыгууда. Бүгүн БУУнун баш катчысына жөнөткөн катым менен өлкөбүздүн аталышынын чет тилдердеги жазылышын “Türkiye” деп каттадык”, – деп жазды ал. Ошентип, мындан ары Türkiye деген аталыш бардык эл аралык форумдарда жана мурда ар кандай орфографиялар колдонулуп келген (Turkey, Turkei, Turquie ж.б.)…

Прочитайте больше

Ооганстандагы кризис: Борбор Азияга качкындардын агымы менен террорчулар да кириши мүмкүн

Ооганстандагы кризис: Борбор Азияга качкындардын агымы менен террорчулар да кириши мүмкүн

«Ооганстандагы гуманитардык курч кризис коңшу өлкөлөргө баңгизат ташыган кылмыштуу топтордун ишинин жандануусун шарттайт, ошондой эле качкындардын агымы менен эл аралык террорчулардын Борбор Азия регионуна жана Орусияга кирип келүү тобокелчилигин жаратат». Бул тууралуу Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) Чек ара кызматынын жетекчиси Владимир Кулишов билдиргенин РИА Новости жазды. Кулишев “Российская газета” басылмасына берген маегинде 2021-жылы Ооганстандан Борбор Азияга ташылып чыккан баңгизаттын көлөмү эки эсе өскөнүн билдирди. Анын айтымында, учурда Ооганстандагы абал оор бойдон калууда. Саясий-экономикалык себептерден тышкары, өлкөдөгү…

Прочитайте больше

Иранды каптаган кум бороонунан улам үйдө да беткап тагынуу сунушталды

Иранды каптаган кум бороонунан улам үйдө да беткап тагынуу сунушталды

Ирандын бир нече аймактарын катуу кум бороону каптады. Бул тууралуу ирандык басылмалар жазды. Маалым болгондой, бир апта мурун башталган бороондон миңдеген адамдар жабыркап, медициналык жардам сурап кайрылышууда. Айрым аймактарда аэропорттор убактылуу ишин токтоткон. Өлкөнүн адистер абанын булганышынын деңгээли жогору болгондуктан жарандарга үйдө жүргөндө да беткап тагынууну сунушташууда. Ошондой эле, мындай шартта үйдө отуруп суюктук, өзгөчө сүт ичүү зарылдыгын белгилеп, беткап колдонууну да олуттуу кабыл алуу керектигин белгилешүүдө. Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо жана Электр энергетика министрликтери өзгөчө…

Прочитайте больше

Түркиянын тышкы иштер министри басып алынган Палестинага кирди

Түркиянын тышкы иштер министри басып алынган Палестинага кирди

Анкара менен Тель-Авивдин мамилеси жылыгандан кийин Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу шейшемби күнү (бүгүн) оккупацияланган Палестинага барды.  Fars News агенттигинин эл аралык тобунун маалыматына ылайык, Түркиянын тышкы иштер министринин басып алынган Палестинага сапары тууралуу маалымат булактары жазып чыгышты. Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушо оглунун басып алынган Палестинага сапарынын убактысы жана бул сапардын күн тартиби тууралуу кээ бир Израил маалымат каражаттарынын акыркы божомолдорунан кийин болгон.  Израилдин маалымат булактары, анын ичинде Can News гезитинин жогорку…

Прочитайте больше

Арменияда митингге чыккандар ТИМдин имаратын бөгөттөдү

Арменияда митингге чыккандар ТИМдин имаратын бөгөттөдү

Армениянын борбору – Ереванда премьер-министр Никол Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылып митингге чыккандар 24-майда Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) имаратынын жана башка өкмөттүк имараттардын кирип-чыгуучу эшиктерин бөгөттөштү. Парламенттин оппозициялык вице-спикери, “Айастан” фракциясынын депутаты Ишхан Сагателян кызматкерлерди киргизбөө чакырыгын жасады. Анын айтымында, ТИМ Армениянын кызыкчылыгы үчүн иштебей жатат. Армениядагы нааразылыктар апрелдин аягында башталды. 2-майда акциялар күчөп, “баш ийбөө” формасына өткөн. Алар көчөлөрдөгү кесилиштерде отургучтарды, таштанды челектерин пайдаланып, баррикада жасап, жолдорду бууганга аракет кылууда. Андан бери Тышкы иштер…

Прочитайте больше

Түндүк Кореяда COVID-19 жуктургандардын саны өсүүдө

Түндүк Кореяда COVID-19 жуктургандардын саны өсүүдө

Түндүк Кореяда бир суткада COVID-19 жуктарган 167 650 жаңы учур катталып, бир адам каза тапты. Коронавирус боюнча расмий статистиканы КЭДРдин Борбордук телеграф агенттиги Өзгөчө кырдаалдарды башкаруу боюнча улуттук агенттигине шилтеме берип билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты. Түндүк Корея расмий түрдө “ысытма” деп атап жаткан бул илдетке апрель айынын аягынан бери 2,8 миллион адам чалдыгып, 68 адам каза болгон. Бирок, өлкөдө коронавирустун жайылышы боюнча көз карандысыз маалымат жок. Расмий эсептөөлөр пандемиянын бүткүл мезгилиндеги оорунун дүйнөдөгү эң…

Прочитайте больше

Дүйнө тарыхында биринчи жолу качкындардын саны 100 миллионго жетти

Дүйнө тарыхында биринчи жолу качкындардын саны 100 миллионго жетти

Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча Жогорку комиссарлыгынын башкармалыгынын билдирүүсүндө айтылат. “Жүз миллион – бул олуттуу көрсөткүч. Бул рекрод эч качан коюлбашы керек болчу”, – деди БУУнун Качкындар иши боюнча Жогорку комиссары Филиппо Гранди. Анын айтымында, бул кырдаал “кыйратуучу чыр-чатактарды чечүү жана алдын алуу, куугунтуктоону токтотуу жана бейкүнөө адамдарды үйлөрүн таштап кетүүгө мажбурлаган түпкү себептерди жоюу үчүн коңгуроо болушу керек”. Аталган комиссарлыктын маалыматы боюнча, 2021-жылдын аягына карата Эфиопия, Буркина-Фасо, Мьянма, Нигерия, Ооганстан жана Конгодогу чыр-чатактардан…

Прочитайте больше

Жакынкы келечекте илим ракка дабат абары божомолдонду

Жакынкы келечекте илим ракка дабат абары божомолдонду

Америкалык Pfizer компаниясынын башкы директору Алберт Бурла жакын арада илим рак оорусун айыктыра турган дары чыгарарын божомолдоду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар ERT3 телеканалына таянуу менен жазышууда. “Рак илими бышып жетилди жана биз жакынкы жылдарда колдонулуп жаткан дарылоо методдорунда олуттуу жакшыртууларды көрөбүз”, – деди Бурла. Фармацевтикалык компаниянын өкүлү башка ооруларга анчалык деле оптимист эмес экенин тактап, бирок рак оорусунда илимпоздор максатка жакындап калышканын айтты. Мындан тышкары, ал илимий коомчулуктун коронавируска каршы күрөштө алдыга жылганын белгилеп, вакцина жана…

Прочитайте больше

Сахарадан келген ысык шамал жана чаң Европаны каптады

Сахарадан келген ысык шамал жана чаң Европаны каптады

Африкадан ысык аба массалары Европага чаң жана болуп көрбөгөндөй ысыкты алып келди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты. Маалыматка караганда, Испаниянын түштүгүндө жана борборунда термометр 40˚С дан 46˚С га чейин көрсөткөн. Севильяда жана Кордова провинциясында коркунучтун “кызгылт сары” деңгээли жарыяланды. Ошондой эле, бул аймактарда чөлдөн чыккан чаңдын жогорку концентрациясы күтүлөөрү, бул жолдордордун көрүнбөй калуусун эле шарттабастан, абанын сапатына терс таасирин тийгизери эскертилди. Бийлик өлкө тургундарына жана конокторуна ушул күндөрү көчөгө чыгууну чектөөнү сунуштады. Белгилей кетсек,…

Прочитайте больше

Дүйнөдө маймыл чечеги жайылып жатат. Жаңы пандемия чыгабы?

Дүйнөдө маймыл чечеги жайылып жатат. Жаңы пандемия чыгабы?

Май айынын башында АКШда, Европанын бир катар өлкөлөрүндө, ошондой эле Австралияда маймыл чечегинин ондогон кишилерге жуккан жаңы учурлары катталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды. Биринчи учурлар Улуу Британияда катталганы, андан кийин Португалия, АКШ, Швеция, Канада жана башка өлкөлөрдө да аныкталганы белгилүү болду. 20-майда Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму чукул жыйынга чогулуп, инфекциянын жайылышы боюнча учурдагы кырдаалды талкуулады. Маймыл чечеги деген эмне? Ал кооптуубу? Маймыл чечек – вирустук оору, илдет адатта 1980-жылы эмдөө аркылуу жок…

Прочитайте больше

Окумуштуулар Айдын топурагына биринчи жолу өсүмдүк өстүрүштү – Видео

Окумуштуулар Айдын топурагына биринчи жолу өсүмдүк өстүрүштү – Видео

Флорида университетидеги америкалык окумуштуулар Айдын топурагына отургузулган өсүмдүктү ийгиликтүү өстүрө алышты. Бул тууралуу НАСА билдирди. Маалыматка ылайык, Айдын топурагында жасалган эксперименттер 11 жылга созулган. Топурак 1960-1970-жылдары Аполлон миссиясы учурунда чогултулган. Бардыгы болуп Жерге 382 кг ай таштары жана реголит жеткирилген. Үлгүлөр чоң тарыхый мааниге ээ жана окумуштуулар үчүн аларды NASAдан алуу оңой болгон эмес. Бирок агенттик ошого карабастан микро бакчаны өстүрүү үчүн 12 грамм материал алууга уруксат берген. Чондугу оймоктой болгон идиштерге бир граммдан ай…

Прочитайте больше

Климаттык катастрофа жакындап келе жатат – БУУнун баш катчысы эскертүү жасады

Климаттык катастрофа жакындап келе жатат – БУУнун баш катчысы эскертүү жасады

Дүйнөлүк метеорологиялык уюмдун 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча докладында климаттык катастрофа жакындап келе жатканы ачык көрүнүп турат. Бул тууралуу БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты. “Глобалдык энергетика системасы бузулду жана бул бизди климаттык катастрофага жакындатууда”, – деди БУУнун Башкы катчысы документке комментарий берип жатып. Ошондой эле, деңиз деңгээлинин көтөрүлүшү, океандагы температуранын жана кычкылдуулуктун жогорулашы боюнча 2021-жылы катталган рекорддук көрсөткүчтөрдү баса белгиледи. Ал эми Бүткүл дүйнөлүк метеорологиялык уюмдун башкы катчысы Петтери Таалас өз кезегениде бул процесстер атмосферадан көмүртектерди соруп…

Прочитайте больше

Бириккен Араб Эмираттарынын президенти каза болду

Бириккен Араб Эмираттарынын президенти каза болду

Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) президенти Халифа бен Заид Аль Нахайян 73 жашында каза болду. Бул тууралуу эмираттардын WAM маалымат агенттиги Президенттин иштери боюнча министрликке таянуу менен кабарлады. Президенттин өлүмүнө байланыштуу өлкөдө 40 күндүк аза күтүү жарыяланды. Министрликтерде, мекемелерде жана жеке секторлордо 13-майдан тартып үч күнгө иш токтотулду. Халифа бен Заид Аль Нахайян мамлекеттин башчысы кызматын 2004-жылдан бери аркалап келген. Ага чейин өлкөнү анын атасы Заид Аль Нахайян башкарган. 1971-жылдан 2004-жылга чейин лидерлик кызматты ээлеген Заид…

Прочитайте больше
1 9 10 11 12 13 47