Өзбекстандын Президенти 26-27-январда мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келет

Өзбекстандын Президенти 26-27-январда мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келет

Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев 26-27-январда мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.  «Сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр пландалууда.  Өлкө лидерлери тар жана кеңейтилген курамда кыргыз-өзбек стратегиялык өнөктөштүгүнүн кеңири чөйрөсүндөгү маселелерди, ошондой эле достук, боордоштук жана ынак коңшулук мамилелерди мындан ары өнүктүрүү пландарын талкуулашат.  Мындан тышкары бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландалууда.  Шавкат Мирзиёевдин Кыргыз Республикасына болгон мамлекеттик…

Прочитайте больше

Чоң-Алайда памирлик кыргыздарга 400 үй курулат

Чоң-Алайда памирлик кыргыздарга 400 үй курулат

Мамлекет Афганистандан көчүп келген кыргыздарга бекер үй салып берет. Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен жакынкы мезгилде Ош облусунун Чоң-Алай районунда памирлик кыргыздар үчүн 400 үйдүн курулушу башталат. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди. Курулуш иштерин быйыл май айында баштоо пландалууда. Бардык үйлөр жылуулук, электр энергиясы жана ыңгайлуу жашоо үчүн зарыл болгон башка нерселер менен камсыздалат. Өлкө жетекчилиги Афганистан Ислам Республикасынын Кичи жана Улуу Памиринин аймактарынан бардык этникалык кыргыздарды толугу менен көчүрүү үчүн бардык зарыл…

Прочитайте больше

Жапаров Лукашенко менен эмне тууралуу сүйлөштү?

Жапаров Лукашенко менен эмне тууралуу сүйлөштү?

Кыргызстан менен Беларустун ортосунда дипломатиялык мамиле түзүлгөндүгүнө 30 жыл болду. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө мамлекет башчылары бири-бирин Кыргызстан менен Беларустун ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы менен кызуу куттукташты. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди. Отуз жылдын ичинде өлкөлөр ортосунда өз ара урматтоонун жана өнөктөштүктүн негизинде түзүлгөн достук мамилелер өнүгүп келе жатканы тууралуу лидерлердин пикири бир чыкты. Эки тараптуу кызматташтыктын бүтүндөй комплекси, анын ичинде саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда бара-бара өнүгүп келе жатат. Президент Садыр…

Прочитайте больше

Түрктөрдүн кыянатчылыгы; Сионисттик режимдин президенти түрк элчисинин ишеним грамотасын кабыл алды

Түрктөрдүн кыянатчылыгы; Сионисттик режимдин президенти түрк элчисинин ишеним грамотасын кабыл алды

Сионисттик режимдин президенти түрк элчисинин ишеним грамотасын кабыл алды.  11- январда сионисттик режимдин президенти Түркиянын басып алынган аймактардагы жаңы элчисинин ишеним грамотасын кабыл алды.  Аль-Алам – оккупацияланган Палестиная: Россия Бүгүн маалыматына караганда, Анкара менен Тель-Авивдин ортосундагы толук дипломатиялык карым-катнаштардын нормалдашуусунан бери биринчи жолу Израилдин президенти Исаак Герцог бүгүн Түркиянын элчиси Шакер Өзкан Турунлардын ишеним грамотасын кабыл алды. Герцог мындай деди: Израилдин жеке мен сыяктуу Түркия менен болгон тарыхый карым-катнашыбызга чоң маани бергени эч кимге жашыруун…

Прочитайте больше

Казакстан менен Өзбекстандын президенттери эки маанилүү келишимге кол коюшту

Казакстан менен Өзбекстандын президенттери эки маанилүү келишимге кол коюшту

Эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн, министрликтеринин жана ведомстволорунун деңгээлинде 15 документке кол коюлду. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Ташкентке жасаган иш сапарынын жыйынтыгында эки мамлекеттин башчылары эки маанилүү документке: шериктештик мамилелер жана өзбек-казак мамлекеттик чек арасын  демаркациялоо боюнча келишимге кол коюшту. Бул тууралуу Өзбекстан президентинин басма сөз кызматы билдирди. “Казак президенти Касым-Жомарт Токаевдин Өзбекстанга жасаган сапарынын алкагында “Ар тараптуу кызматташтык, ишеним, тең укуктуулук жана улуттук кызыкчылыктарды эске алуу” жөнүндө жазылган макулдашууга кол коюлду”, – деп айтылат маалыматта. Документте тараптардын бири…

Прочитайте больше

Мессинин рекорддору, Мбаппенин хет-триги, Роналдунун көз жашы. Футбол чемпионатынын жыйынтыктары

Мессинин рекорддору, Мбаппенин хет-триги, Роналдунун көз жашы. Футбол чемпионатынын жыйынтыктары

 Ошентип бүйүр кызыткан Катардагы дүйнөлүк футбол чемпионаты аяктады. Бул мундиаль эмнеси менен эсте калды? Маанилүү фактыларды келтиребиз. Дүйнө чемпионаты биринчи жолу кышта өттү 20-ноябрдан 18-декабрга чейин созулган футбол боюнча дүйнө чемпионаты биринчи жолу күз-кыш мезгилинде өткөрүлдү. Адатта турнир жай мезгилдерине өтчү. Катар мамлекетинде аба ырайы бул убактарда өтө ысык болгондуктан, ушундай чечим кабыл алынган. Тактап айтканда, жайында Катарда абанын орточо температурасы +40 градус болсо, ноябрь-декабрь айларында +24 градустан +30 градуска чейин ысыйт. Бул мамлекет турнирди өткөрүү…

Прочитайте больше

Акылбек Жапаров: «Бүгүн тарыхый күн, Кыргызстан деңизге чыгууга мүмкүнчүлүк алды»

Акылбек Жапаров: «Бүгүн тарыхый күн, Кыргызстан деңизге чыгууга мүмкүнчүлүк алды»

Бүгүн тарыхый күн. Дүйнөлүк океандан эң алыс жайгашкан мамлекеттердин бири болгон Кыргызстане деңизге чыгууга мүмкүнчүлүк алды. Бул алдыга карай жасалган чоң секирик.  Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров БّАЭге болгон иш сапарынын алкагында AD Ports Group жана Maqta Gateway ири компаниялары менен келишимдерге кол коюу салтанатында айтты. Жапаровдун айтымында, кол коюлган макулдашуулар эки тараптуу кыргыз-эмират мамилелеринин өнүгүшүнө чоң түрткү гана бербестен, Кыргызстанга кубаттуу экономикалык бурулуш жасоого жардам берет. Маалыматка караганда, Бириккен Араб Эмираттары менен сооданы өнүктүрүү…

Прочитайте больше

Борбор Азия дрондор менен куралданууда. Ким кайдан сатып алууда?

Борбор Азия дрондор менен куралданууда. Ким кайдан сатып алууда?

 Борбор Азия өлкөлөрү дрондор менен куралданууда. Мындай бааны Түркиянын Fikir Turu аналитикалык борборунун адистери беришүүдө. Алардын айтымында, Борбор Азия өлкөлөрүнө дрондорду жеткирүүчүлөрдүн арасында Түркия алдыда. Андан кийин Россия, Иран, Кытай, АКШ, Израиль жана Италия турат. Азыркы тапта Түркия Түркмөнстан менен Кыргызстанга учкучсуз учактарды жеткирди, кийинки кезекте Казакстан турат. Түрк учкучсуз учактарын аймактагы өлкөлөрдөн биринчилерден болуп Түркмөнстан алган. Түркмөнстан 2021-жылдын сентябрь айында Ашхабадда республиканын 30 жылдыгына арналган парадда түркиялык “Bayraktar” ​​учкучсуз учактары көрсөтүлгөнү кабарланган. Адистердин эсеби…

Прочитайте больше

ДҮЙНӨ БИРИНЧИЛИГИНДЕ КИМ КАНЧА АКЧА АЛАТ?

ДҮЙНӨ БИРИНЧИЛИГИНДЕ КИМ КАНЧА АКЧА АЛАТ?

ФИФА турнирге катышкан ар бир командага 1,5 млн $бөлүп берген. Бул сумма дүйнөлүк чемпионатка даярдык көрүү учурундагы чыгымдарды жабуу үчүн эсептелген.Ал эми дүйнө чемпиондугунун тайпалык баскычынан өтпөй калган ар бир команда ала турган сумма: бардык командалар 9 млн $ Ошондой эле 1/8 финалда утулгандардын шыбагасы:13 млн $ 1/4 финалда утулган бардык командалар 17 млн $ алышат. Жарым финалда жана үчүнчү орун үчүн беттеште утулуп калса, командага: 25 млн $ берилет. Чемпионатта үчүнчү орунду алган команда…

Прочитайте больше

«Россия жеңиши керек». АКШда Украинада кетирген каталарын түшүнүштү

«Россия жеңиши керек». АКШда Украинада кетирген каталарын түшүнүштү

 АКШ менен НАТОнун Украинадагы аракеттери өзөктүк кагылышуу коркунучун күчөтөт. Бул туурасында Рональд Рейгандын администрациясы алдындагы Ак үйдүн мурдагы кызматкери Пол Крейг Робертс өзүнүн сайтына жазды. “Мен чыр-чатак өзөктүк Армагеддонго айланганынан көрө, Россиянын согушта жеңгенин артык көрөм”, – деди ал. Робертстин айтымында, курал-жарак корпорациялары чыр-чатактын курчушуна кызыкдар, анткени алар мындан зор киреше алышат. Адис Вашингтонду украин кризисине катышууну токтотууга чакырып, антпесе америкалыктарды вьетнамдык сценарий күтүп турарын айтты. “Украин аскерлери жеңилип жатат, демек жакында америкалык жана европалык бөлүктөрдү киргизүү…

Прочитайте больше

Португалия Мароккого жеңилип, жарым финалга чыкпай калды

Португалия Мароккого жеңилип, жарым финалга чыкпай калды

  Катарда өтүп жаткан дүйнө чемпионатынын чейрек финалында Марокконун курамасы Португалияны жеңип, тарыхта биринчи жолу Дүйнө чемпионатынын жарым финалына өттү.“Эл-Тумама” стадионунда өткөн жолугушуу 1:0 эсебинде марокколуктардын пайдасына аяктады. Голду беттештин 42-мүнөтүндө Юсеф Эн-Несери киргизди. Экинчи таймдын кошумча убактысында марокколук чабуулчу Валид Шеддир экинчи сары кагаз алып оюндан четтетилди. Бул беттеш 51-мүнөттө алмаштырууга чыккан португалиялык чабуулчу Криштиану Роналдуга улуттук курама үчүн 196-матчы болду. Ал курама командалар үчүн жолугушуулардын саны боюнча кувейттик чабуулчу Бадер аль-Мутаванын рекордун кайталады. Марокколуктар…

Прочитайте больше

Чыккынчы араб режимдери абалды нормалдаштыруу сазында

Чыккынчы араб режимдери абалды нормалдаштыруу сазында

 Мароккодо Иордания, Бахрейн, Бириккен Араб Эмираттары, АКШ жана сионисттик режим катыша турган “Бирге жашоо жана сабырдуулук жана аймактын жарандары үчүн нормалдашуунун артыкчылыктарын түшүндүрүү” конференциясы өтөт. Аль-Алам агенттигинин маалыматына ылайык, конференциянын катышуучулары нормалдаштыруу боюнча прогресс реалдуу аймактык интеграцияга алып келе турган жана бул өлкөлөрдүн жарандарына нормалдаштыруунун артыкчылыктарын көрсөтүүчү көп тараптуу институттарды түзүү аракеттери менен коштолушу керектигин айтышты. Баамда бул конференциянын максаты региондун өкмөттөрү үчүн кызматташтыкты арттырып, билим берүү тармагындагы толеранттуулукту бекемдөөгө жана региондун жаш муундарынын өз…

Прочитайте больше

Катар-2022: Кайсы командалар плей-оффко чыгып, кимиси үйлөрүнө кайтты

Катар-2022: Кайсы командалар плей-оффко чыгып, кимиси үйлөрүнө кайтты

 Катарда өтүп жаткан дүйнө чемпионатында плей-офф баскычына чыккан жана үйлөрүнө кайткан командалар аныкталууда. Кечээ, 29-ноябрда Катардагы футбол боюнча дүйнө чемпионатында 3-турдун алгачкы төрт беттеши орун алды. А жана В тайпаларынын бул беттештеринен кийин 1/8 финалына кимдер чыкканы ошондой эле кайсы командалар үйлөрүнө кайтканы аныкталды. Кечээки беттештеде А тайпасынан плей-офф баскычына Нидерланды менен Сенегал курамалары чыкты. Нидерланддар Катарга каршы ойноп, 2:0 эсебинде жеңишке жетип, турнирдик таблицада 1-орунга чыкты. Голду Коди Гакпо киргизди. Кийинки чечүүчү оюнда Сенегал…

Прочитайте больше

Ооганстанда «Хизбут-Тахрирдин» ишмердүүлүгүнө тыюу салынды

Ооганстанда «Хизбут-Тахрирдин» ишмердүүлүгүнө тыюу салынды

 Талибан Ооганстанда “Хизб ут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун жана башка эки уюмдун ишмердүүлүгүнө тыюу салды. Ооганстандагы башкаруучу Талибан кыймылы өлкөдө “Хизб ут-Тахрир аль-Ислами” жана башка эки уюмдун ишмердүүлүгүнө тыюу салды. “Башкы чалгындоо башкармалыгынын жетекчилигинин буйругуна ылайык, “Хизб-ут-Тахрир”, “Жамиат Эслах” жана “Нажм” уюмунун ар кандай саясий ишмердүүлүгүнө тыюу салынат”, – деп айтылат Талибандын чалгындоо башкармалыгынын РИА Новостиге түшкөн билдирүүсүндө. 2021-жылдын август айынын башында Талибан кыймылы ооган өкмөттүк күчтөрүнө каршы чабуулун күчөтүп, 15-августта Кабулга кирип, эртеси согуш бүткөнүн жарыялашкан….

Прочитайте больше

Түндүк Корея АКШнын аймагына чейин жете ала турган ракетасын сынады

Түндүк Корея АКШнын аймагына чейин жете ала турган ракетасын сынады

Түндүк Корея 18-ноябрда континенттер аралык деп болжолдонуп жаткан баллистикалык ракетасын сыноодон өткөрдү. Ал болжол менен Япония аймагынан 200 чакырым алыстыкка түштү. Япониянын расмий адамдары сыноодон өткөрүлгөн ракета АКШнын материктик бөлүгүнө чейин жете ала тургандай учуу узактыгына ээ экенин билдиришти. Түндүк Кореянын жаңы ракеталык сыноосу тууралуу Түштүк Кореянын бийлиги да билдирген. Күн мурун Пхеньян кыска аралыкка уча турган баллистикалык ракетасын сынап, АКШнын аймактагы өнөктөштөрү менен коопсуздук тармагындагы кызматташтыгын кеңейтүү аракетине “мындан да катаал жооп болорун” эскерткени…

Прочитайте больше
1 6 7 8 9 10 133