Борбор Азиядагы суу көйгөйү жана аны чечүү жолдору, келечеги кандай болот?

Борбор Азиядагы суу көйгөйү жана аны чечүү жолдору, келечеги кандай болот?

Борбор Азияны бириктирген да, ажыратып, ажырымга алып келе турган да – бул суу болуп саналат. Бул чөлкөмдө мөңгүлөрдө чоң суу запастары болгону менен жылдар өткөн сайын бул чөлкөмдө суу көйгөйү негизги маселеге айланып баратат. Анын үстүнө Советтер мезгилинде суу эле эмес, газ менен мунай сыяктуу жаратылыш ресурстарын ортодо колдонуп келген Борбор Азия, эми анын баары союз тарагандан кийин таптакыр өзгөрдү. Башкача айтканда, жаңыдан куралган мамлекеттер жаратылыш байлыктарын өз ара эркин бөлүшпөй калышты. Союз учурунда Борбор…

Прочитайте больше

Гаитиде 3 миллион бала гуманитардык жардамга муктаж

Гаитиде 3 миллион бала гуманитардык жардамга муктаж

Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар Фонду (ЮНИСЕФ) тарабынан жасалган билдирүүдө борбор шаар Порт-о-Пренс жана айланасында жайылган «бандалык зомбулукта» балдардын түздөн-түз бутага алынганы белгиленди. Гаитиде 3 миллионго жакын бала “бандалык зомбулуктан” улам гуманитардык жардамга муктаж. Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар Фонду (ЮНИСЕФ) тарабынан жасалган билдирүүдө борбор шаар Порт-о-Пренс жана айланасында жайылган «бандалык зомбулукта» балдардын түздөн-түз бутага алынганы белгиленди. Билдирүүдө балдардын мектепке бара жатканда каза болгонуна же жараланганына, аялдар менен кыздардын да сексуалдык зомбулукка кабылганына көңүл бурулду. Билдирүүдө балдардын…

Прочитайте больше

2027-жылдан тартып желим баштыктарды өндүрүүгө жана сатууга тыюу салынат

2027-жылдан тартып желим баштыктарды өндүрүүгө жана сатууга тыюу салынат

«Кыргыз Республикасынын аймагында полимер пленкасынан пакеттерди жүгүртүүнү чектөө жөнүндөгү” мыйзам долбоору каралды. 15-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында  «Кыргыз Республикасынын аймагында полимер пленкасынан пакеттерди жүгүртүүнү чектөө жөнүндөгү” жана “Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндөгү  кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорлору каралды. Бул тууралуу Парламенттин Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү билдирди. Жыйында демилгечи депутат Марлен Маматалиев маалымат берип, мыйзам долбоорлору полимердик материалдардын ден соолукка жана айлана-чөйрөгө зыяндуу таасирин азайтуу максатында иштелип чыкканын белгиледи. Тагыраагы, мыйзам долбоорлору аркылуу Кыргыз Республикасында полимердик материалдардын ден соолукка жана айлана-чөйрөгө…

Прочитайте больше

Кыргыз-Түрк достук ооруканасында органдарды трансплантациялоо боюнча операциялар жасала баштайт

Кыргыз-Түрк достук ооруканасында органдарды трансплантациялоо боюнча операциялар жасала баштайт

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-июнда, өлкөнүн саламаттык сактоо тармагынын актуалдуу маселелери боюнча жумушчу кеңешме өткөрүп, анын жүрүшүндө Кыргыз-Түрк достук ооруканасынын базасында ички органдарды трансплантациялоону уюштуруу маселеси каралды. Оорукананын жетекчилиги мекеме мындай операцияларды жасоого даяр экенин, бул үчүн керектүү ресурстар бар экенин маалымдады. “Үстүбүздөгү жылдын август айында органдарды трансплантациялоо боюнча биринчи операцияны өткөрүү пландалууда. Келечекте бул оорукана Борбор Азиядагы алдыңкы медициналык борбор болуп, ага башка өлкөлөрдүн муктаждыгы бар жарандары келе алышат”, – деп айтылат маалыматта. Мамлекет башчысы…

Прочитайте больше

Кыргызстанда Палестинанын элчилиги ачылышы мүмкүн

Кыргызстанда Палестинанын элчилиги ачылышы мүмкүн

Палестина Кыргызстанда өз элчилигин ачууга даяр. Бул туурасында Палестинанын президенти Махмуд Аббас Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен болгон жолугушуусунда билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз-Палестина эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелери жана биргелешкен өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды. Махмуд Аббас Кыргызстан Палестина үчүн боордош жана дос мамлекет экенин белгилеп, эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу мамилелердин абдан чоң потенциалын эске алуу менен өнөктөштүктүн темпин күчөтүүнү кааларын билдирди. Ал Палестина тараптын Кыргызстанда өз элчилигин ачууга жана Палестинанын эл аралык кызматташуу агенттигин кыргыз тарап…

Прочитайте больше

Садыр Жапаров Палестинанын президенти Махмуд Аббас менен жолукту

Садыр Жапаров Палестинанын президенти Махмуд Аббас менен жолукту

Президент Садыр Жапаров  16-июнда, Пекин шаарынан (Кытай Эл Республикасы) мамлекеттик сапардан кийин, Кыргызстанга жол ара (кыска мөөнөттүү) сапар жасаган Палестина мамлекетинин президенти Махмуд Аббас менен жолугушту. Кыргыз-Палестина эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелери жана биргелешкен өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды. Садыр Жапаров баса белгилегендей, Кыргызстан боордош Палестина Мамлекети менен достук мамилелерди өнүктүрүүгө жана ар кандай өз ара пайдалуу тармактарда кызматташууну чыңдоого кызыкдар. Эки элди жалпы тарыхый жана руханий достук байланыштар бириктирип турат. Ал Кыргызстандын эки тараптуу байланыштарды өнүктүрүүгө…

Прочитайте больше

Дүйнөнүн эң чоң экономикасы АКШнын кызматкерлердин  укуктары жагынан артта калгандыгы белгиленди

Дүйнөнүн эң чоң экономикасы АКШнын кызматкерлердин  укуктары жагынан артта калгандыгы белгиленди

Экономикалык Кызматташтык жана Өнүгүү Уюмуна (OECD) мүчө өлкөлөрдүн эмгек саясатын салыштырган Oxfam America уюмунун отчетуна ылайык, АКШ “кызматкерлер эң аз бааланган” өлкөлөрдүн бири болду. Дүйнөнүн эң чоң экономикасы АКШнын кызматкерлердин  укуктары жагынан артта калгандыгы белгиленди. Экономикалык Кызматташтык жана Өнүгүү Уюмуна (OECD) мүчө өлкөлөрдүн эмгек саясатын салыштырган Oxfam America уюмунун отчетуна ылайык, АКШ “кызматкерлер эң аз бааланган” өлкөлөрдүн бири болду.  Отчетто эркин базар экономикасына кирген 38 демократиялык өлкө “эмгек акы саясаты”, “кызматкерлерди коргоо” жана “уюштуруу укугу” жагынан…

Прочитайте больше

Сизди ак ниет дос катары билебиз. Садыр Жапаров Си Цзиньпинди куттуктады

Сизди ак ниет дос катары билебиз. Садыр Жапаров Си Цзиньпинди куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпинди 70 жылдык мааракеси менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. “Туулган күнүңүз менен чын жүрөктөн жылуу куттуктоолорумду кабыл алыңыз! Сиздин турмуштук тажрыйбаңыз жана талыкпас эмгегиңиздин негизинде Кытай Эл Республикасы гүлдөп-өнүгүү жолуна ишенимдүү багыт алууда. Биз Сиздин эркиңизге жана алдыга койгон максатка жетүүдөгү чечкиндүүлүгүңүзгө суктанабыз. Кыргызстан Сизди кыргыз-кытай ынак коңшулук, достук жана кызматташтык мамилелерин өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө зор күч-аракет жумшап жаткан ак ниет дос катары билет. Кытай Эл…

Прочитайте больше

Кыргызстандан ЕАЭБ жана башка өлкөлөргө сүт экспорту 2,5 эсеге көбөйгөн

Кыргызстандан ЕАЭБ жана башка өлкөлөргө сүт экспорту 2,5 эсеге көбөйгөн

Министрлер Кабинетинде өлкөбүздүн фермерлери өндүргөн  сүт жана сүт азыктарын экспорттоо мүмкүнчүлүгүн жакшыртуу маселеси талкууланды. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев өлкөдөгү сүт өндүрүүчү ишканалардын жана тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда сүт жана сүт азыктарын экспорттоо мүмкүнчүлүгүн жакшыртуу боюнча жыйын өткөрдү.  8 тонна сүт эмнеге дарыяга агызылды? Жыйынга катышкан Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Талас облустарындагы сүт өндүрүүчү ишканаларынын өкүлдөрү сүт өндүрүмүн жакшыртуу үчүн мамлекет тарабынан берилүүчү жеңилдетилген насыянын көлөмүн жогорулатуу, ошондой эле сүт азыктарын экспорттоонун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачуу маселелерин…

Прочитайте больше

Россия ТИМи: Эгер АКШ Киевге ураны бар куралдарды жеткирсе, украин даны булганат

Россия ТИМи: Эгер АКШ Киевге ураны бар куралдарды жеткирсе, украин даны булганат

Эгер АКШ Киев режимине курамында кемитилген ураны бар танктын снаряддарын жеткирсе, ал экологиялык абалга зыян келтирип, украин даны булганат. Бул тууралуу Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова РИА Новостиге берген маегинде билдирди. Буга чейин Ак үй Украинага курамында кемитилген ураны бар танктын снаряддарын берүүнү жактырганы жатканын америкалык аткаминерлерге шилтеме берүү менен Wall Street Journal басылмасы жазган. “Америка Кошмо Штаттары үчүн бул такыр эле көйгөй эмес окшойт. Алар муну көйгөй катары көрүшпөйт, анткени алар башка континентте…

Прочитайте больше

Грецияда кеме чөгүп, 80ге жакын мигрант каза таап, 100дөн ашууну табылбай жатат

Грецияда кеме чөгүп, 80ге жакын мигрант каза таап, 100дөн ашууну табылбай жатат

Грецияда кеминде 80 мигранттын өмүрүн алган балык уулоочу кеменин кыйрашынан кийин издөө иштери уланууда. Издөө-куткаруу иштеринин жүрүшүндө 104 адам куткарылып, жүздөгөн киши дайынсыз болууда. Ливиядан Италияга багыт алган кеме кечээ, 14-июнда эртең менен Ион деңизинин эл аралык сууларында жээкке жакын жерде оодарылып кеткен. Грециялык ERT телеканалынын малыматы боюнча “Андриана” балык уулоочу кемесинин бортунда Ооганстан, Пакистан, Сирия жана Палестинадан келген 500дөн 700гө чейин мыйзамсыз мигрант бар болгон болушу мүмкүн. Окуя болгон жерде Грециянын жээк кызматынын биргелешкен издөө…

Прочитайте больше

Кыргызстанда өндүрүлбөгөн дары-дармек чыгарыла турган завод курулат

Кыргызстанда өндүрүлбөгөн дары-дармек чыгарыла турган завод курулат

Кыргызстандын Жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын улуттук тизмесине кирген жана өлкөдө өндүрүлбөгөн дары-дармек чыгарыла турган фармацевтикалык завод курулат. Экономика жана коммерция министрлиги билдиргендей, Евразия экономикалык биримдигинин өндүрүш тажрыйбасынын талаптарына жооп берүүчү дары-дармек заводунан, лабораториялардан, окуу борборунан, кампалардан турган атайын фармацевтикалык комплекс куруу тууралуу макулдашууга кол коюлган. Мекеменин маалыматына караганда, Life Sciences индустриалдык паркынын инвестициялык долбоорун ишке ашыруу боюнча инвестициялык макулдашуу кыргыз өкмөтү менен нидерландиялык BioPharmax B.V. компаниясы ортосунда түзүлдү. Фармацевтикалык заводдо Кыргызстандын Жашоо үчүн маанилүү…

Прочитайте больше

АКШ долларынын ордун Кытайдын юаны ээлеп жатат

АКШ долларынын ордун Кытайдын юаны ээлеп жатат

Россиянын Украинадагы атайын аскердик операциясы жана анын арты менен Батыштын Москвага каршы экономикалык санкциялары дүйнө жүзүндөгү көптөгөн мамлекеттердин, анын ичинде Түштүк Америкада кескин түрдө кытай юаны менен эсептешүүгө алып келди. Эгер АКШ өзүнүн валютасы аркылуу дүйнөлүк үстөмдүк жүргүзүп жаткандыгын эске ала турган болсок, анда Вашингтон бул көрүнүшкө өтө тынчсызданып жаткандыгын Shukan Gendai маалымат булагы жазды. Антироссиялык санкциялардын капканы Кытай юаны эл аралык валюта катары өзүнүн таасирин күчөтүүдө.  Россиянын Украинадагы аскердик атайын операциясы эл аралык төлөмдөрдүн…

Прочитайте больше

Кадыр түнү

Кадыр түнү

Суроо: Кадыр түнүнүн мааниси эмнеде? ЖООП: Ыйык Рамазан айы ичинде болгон касиеттүү түн. Кээ бир аалымдар Мавлид түнүнөн кийин эң кадырлуу түн деп эсептешет. Кадыр түнү бул үммөткө тийиштүү. Башка пайгамбарларга мындай фазилаттуу түн берилген эмес. Бир хадиси шарифтин мааниси мындай: “Аллаху таала Кадыр түнүн үммөтүмө белек кылды, башка үммөткө бербеди.” [Дайлами] Расулуллахка “саллаллаху алейхи ва саллам” өзүнөн мурдагы адамдардын өмүрлөрүнүн канчалык экендиги билдирилгенде өз үммөтүнүн өмүрлөрүнүн кыска экенин көрдү. Узун өмүрлүү болгон башкалардын кылган салих амалдарын орундай…

Прочитайте больше

Куран – акыретке чейин кала турган жалгыз керемет

Куран – акыретке чейин кала турган жалгыз керемет

Куран – Аллахтын бүткүл адамзатка түшүргөн акыркы аяны жана ислам илими менен мыйзамдарынын негизги булагы. Курани Карим – кыяматка чейин бурмаланбай сакталчу жалгыз китеп. Куран түшкөндөн тартып Ислам душмандары андан ката табууга жана ага окшошту жаратууга жандалбас уруп келишет. Бирок алардын аракети майнапсыз. Ыйык китебин жокко чыгарып, ага ишенбегендерге Аллах Таала мындай деп кайрылат: “Эгер бардык адамдар жана жиндер чогулуп, Куранга окшогон нерсени жаратууга аракет кылышса да, атүгүл бири-бирине жардам беришсе да, эч качан ага…

Прочитайте больше
1 4 5 6 7 8 133