Иранда базарда болгон террордук чабуулда 7 киши каза болду

Иранда базарда болгон террордук чабуулда 7 киши каза болду

  16-ноябрь күнү кечинде Ирандын Хузестан провинциясынын Изе шаарындагы борбордук базарда белгисиз адамдар тарабынан ок атылып, кеминде жети киши набыт болуп, 20га жакын адам жаракат алды. Бул туураруу иран ЖМКлары жазды. Маалыматта каза болгондордун арасында полиция кызматкерлери да бар экени жана жабыркагандардын айрымдарынын абалы оор экени айтылат. Билдирүүгө караганда, эки мотоцикл минген белгисиз адамдар чогулган элге жана полиция кызматкерлерине автомат менен ок чыгарышып, дароо окуя болгон жерден из жашырып кетишкен.  Иран бийлиги бул окуяны террордук акт деп…

Прочитайте больше

Уурулук – Аллахтын каарын келтирген чоң күнөө

Уурулук – Аллахтын каарын келтирген чоң күнөө

Чыныгы мусулман эч качан башка бирөөнүн мал-мүлкүн уруксатсыз албайт. Пайгамбарыбыз ﷺ айткан: “Мусулмандын жаны, мал-мүлкү жана намысы башка мусулман үчүн арам”. Динибизде ар бир мусулмандын укугу корголгон. Тилекке каршы, учурда биз эч кимге ишене албаган коомдо жашап жатабыз. Коомдук транспортто кетип бара жатсак, баалуу буюмдарыбызды алдырып ийбөөнүн камын жейбиз. Капчык, телефон уурдатуу кадимки көрүнүштөрдүн бирине айланган. Бул биз үчүн трагедия эмей эмне? Уурулук – Исламдагы эң чоң күнөөлөрдүн бири. Ыйык Куранда мындай деп келет:«Эй ыйман…

Прочитайте больше

Канткенде толук бактылуулукка жетебиз?

Канткенде толук бактылуулукка жетебиз?

Бул дүйнөдөгү ар бир адамдын максаты – бактылуу болуу. Бакытка жетүү тууралуу канча китептер жазылды, кинолор тартылды, эксперименттер жүргүзүлдү. Бирок эки дүйнөлүк бактылуулукка жетүү үчүн эч бир изилдөө жардам бере албайт. Чыныгы бактылуулук Исламда. Бактылуулук – бул ыйманга толгон жүрөк, Аллахка тапшырылган жан дүйнө. Бул макалада бактылуулукка жетүү үчүн айрым кеңештерди сунуштайбыз. Маалыматты жакындарыңыз менен бөлүшүүнү унутпаңыз. Ибадаттарыбызды чын жүрөктөн аткаруу менен бактылуу болобуз Аллахка жакындоо жана ыраазычылыгына жетүү үчүн кылынган ибадат жүрөккө тынчтык тартуулайт….

Прочитайте больше

Раби́ Ас-Са́ни айы кирди. Бул айда кандай окуялар орун алган?

Раби́ Ас-Са́ни айы кирди. Бул айда кандай окуялар орун алган?

Раби́ Ас-Са́ни (Раби́-уль-Ахир – ربيع الآخر‎‎) – Ислам календары боюнча 4-ай.“Сани” – экинчи, ал эми “раби” – жаз. Ошентип, эки сөздү бириктиргенде “экинчи жаз” дегенди билдирет. Раби Ас-Сани айында жалпы Ислам дүйнөсү үчүн бир катар маанилүү окуялар болгон. Алардын негизгилерине токтолобуз. ИЕРУСАЛИМДИН БОШОТУЛУШУ (ХИТТИН САЛГЫЛАШЫ) Хижранын 583-жылы Раби ас-Сани айынын 19-күнүндө (1187-жылы 4-июлда) мусулмандар үчүн өтө маанилүү окуялардын бири Хиттиндеги салгылаш орун алган. Бул күнү Салахуддиндин башчылыгындагы мусулман аскерлери Палестинадагы Хиттин деген айылда кресттүүлөрдү жеңген….

Прочитайте больше

Айя-София – пайгамбарыбыз ﷺ сүйүнчүлөгөн Константинополду багынтуунун символу

Айя-София – пайгамбарыбыз ﷺ сүйүнчүлөгөн Константинополду багынтуунун символу

Стамбул ажайып кооздугу, өзгөчө атмосферасы жана тарыхый жерлеринин көптүгү менен барган адамды өзүнө тартып турат. Бул шаар мусулмандар тарабынан багындырыла тургандыгы сүйүктүү пайгамбарыбыз ﷺ тарабынан 14 кылым мурун убадаланган. Стамбулда бир гана мусулмандар үчүн эмес, жалпы адамзат үчүн ыйык эсептелген Айя-София мечити жайгашкан. Айя-София толлеранттулуктун, конфессиялар ортосундагы ынтымактын үлгүсү десек да жаңылышпайбыз. Айя-София – христиандардын алгачкы чиркөөсү. 1520-жылы Севилья Катедралы курулганга чейин 1000 жыл бою христиан дүйнөсүндөгү эң чоң чиркөө болгон. Ошондуктан христиандар үчүн бул…

Прочитайте больше

Садыр Жапаров бир катар чет мамлекеттердин элчилери менен жолугушту

Садыр Жапаров бир катар чет мамлекеттердин элчилери менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров Франциянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Франсуа Делаус, Германиянын элчиси Габриэла Геллил, Америка Кошмо Штаттарынын Убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Коултер жана Улуу Британиянын Кыргызстандагы Убактылуу ишенимдүү өкүлү Энн Херриган менен жолугушту. Эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу окуялар, сөз эркиндигинин абалы жана өлкөдөгү коомдук-саясий процесстер боюнча пикир алмашуу болду. Мамлекет башчысы Кыргызстан ар дайым мыйзамдуулуктун принциптерине берилгендигин, адам укуктары менен эркиндиктери өлкөдөгү эң жогорку баалуулуктардын бири экенин белгиледи. Ошол эле учурда канчалык…

Прочитайте больше

Ысык-Көлдөгү мөңгүгө БАЭнин негиздөөчүсүнүн ысымы ыйгарылды

Ысык-Көлдөгү мөңгүгө БАЭнин негиздөөчүсүнүн ысымы ыйгарылды

 Ысык-Көл облусундагы Ак-Шыйрак тоо кыркасында жайгашкан №354 мөңгүгө “шейх Заед бин Султан Аль Нахайян” географиялык аталышы ыйгарылды. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев соцтармактагы баракчасына жазды. Анын маалыматына ылайык, бул маалыматты КР президенти Садыр Жапаров Бириккен Араб Эмираттарынын президенти, шейх Мухаммед бин Аль Нахайян менен жолугушуусу учурунда айткан. Мамлекет башчысы Мухаммед бин Заед Аль Нахайянга географиялык аталышты ыйгаруу жөнүндө сертификат менен аталган мөңгү чагылдырылган картинаны тапшырды. Мухаммед бин Аль Нахайян сууну сарамжалдуу…

Прочитайте больше

Meraj-521: Иран жаңы «жанкечти» дронун көрсөттү. Сүрөт

Meraj-521: Иран жаңы «жанкечти» дронун көрсөттү. Сүрөт

Ирандын Куралдуу күчтөрү Meraj-521 деп аталган “камикадзе” же “жанкечти” дронун көрсөттү. Жеңил класстагы бул учкучсуз аппарат бутага жетип урунганда жарылып кетет. Дрон Ислам революциясынын сакчылар корпусунун кургактагы күчтөрү Азербайжан менен чек арадагы Арас аймагында өткөрүп жаткан аскердик машыгууларга тартылып, сыноодон ийгиликтүү өткөрүлдү. Камикадзе дрону 5 чакырым радиуска 15 мүнөткө чейин учуп жүрө алат. Оператор аны атайын планшеттин жардамы менен бутага багыттай алат.  Дрондун өзгөчөлүгү – ал компакттуу жана жеңил болгондуктан аны бүктөл абалда рюкзакка салып жүрүүгө…

Прочитайте больше

Аз жештин пайдалары

Аз жештин пайдалары

Суроо: Орозо кармап, ачка болуунун кандай пайдалары бар? ЖООП: Орозо кармоо башка, ачка болуу башка. Ачка болуунун пайдалары: 1-Ачка болгондун басирети (көрөгөчтүгү, даанышмандыгы) ачылат. Түшүнүү жөндөмү күчөйт. Хадиси шарифте: “Ачка болгон адамдын түшүнүгү артат, зээни (акылы) ачылат” жана “Тафаккур (ой жүгүртүү) ибадаттын жарымы, аз жеш болсо бүтүнү”, – деп айтылган. (И. Газали) Көп жеген адам көп уктайт. Көп уктаган адамдын болсо өмүрү текке кетет. Көп жеген адамдын акылы жана зээни начарлайт. Хадиси шарифте мындай делген: “Аллаху таала көп жеп-ичкен адамды сүйбөйт.” [И.Газали] 2-Ачкалык жүрөктө кылдаттыкты пайда…

Прочитайте больше

Путин Украина теракт жасоону уланта берсе катаал жооп аларын эскертти

Путин Украина теракт жасоону уланта берсе катаал жооп аларын эскертти

 Украина бийлиги Россиянын аймагында теракт жасоону уланта берсе Москва катаал жооп кайтарат. Бул тууралуу Россиянын Владимир Путин Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди. Путин Крым көпүрөсүндөгү жардыруунун артында Киев режими турганын баса белгиледи. “Криминалисттик жана башка экспертизалардын маалыматтары, ошондой эле ыкчам маалыматтар 8-октябрдагы жардыруу террордук акт экенин көрсөтүп турат. Ал Россиянын жарандык маанилүү инфраструктурасын жок кылууга багытталган теракт.  Аны Украинанын атайын кызматы уюштурганы да айдан ачык”, – деди Путин. Орус лидери ошондой эле Киев режими “Түрк агымы”…

Прочитайте больше

Ирандын Хорасан-Резави провинциясы Ош облусу менен кызматташат

Ирандын Хорасан-Резави провинциясы Ош облусу менен кызматташат

Ирандын Хорасан-Резави провинциясынын губернаторунун орун басары Абольфазл Чаманди баштаган делегация өкүлдөрү Ош облусуна келишти. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди. Маалыматка караганда, Ирандан келген делеацияны бүгүн, 7-октябрь күнү КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов кабыл алды. “Жолугушууда эки тараптуу соода-экономикалык кызматташуу, айыл чарба жана өндүрүш багытында тажрыйба алмашуу, инвестиция, медицина багытында иштешүү тууралуу сүйлөшүштү”, – деп айтылат маалыматта. Хорасан-Резави провинциясынан келген делегация өкүлдөрү Ош облусундагы өндүрүш жана айыл чарба…

Прочитайте больше

АКШнын мамкатчысынын жардамчысы Бишкекке келди

АКШнын мамкатчысынын жардамчысы Бишкекке келди

 АКШнын мамкатчысынын жардамчысы Элизабет Трюдо Кыргызстанга келди. Бул тууралуу Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчилиги кабарлады. Анда мамлекеттик катчынын жардамчысынын милдетин аткаруучу Элизабет Трюдонун сапары басма сөз эркиндигин, гендерлик теңчиликти жана инклюзивдик экономикалык өнүгүүнү колдоого багытталганы айтылат. Трюдо Бишкек сапарынын алдында Өзбекстанда болгон. Буга чейин АКШнын мамлекеттик департаменти Трюдо Кыргызстандан тышкары Непал, Бириккен Араб Эмираттары жана Өзбекстанга да барарын билдирген. Маалыматта Трюдо Кыргызстандан ЖМК өкүлдөрү, уюмдар жана социалдык тармактын активдүү колдонуучулары ошондой эле кыргыз өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү…

Прочитайте больше

Эрдоган, Алиев жана Пашинян Прагада жолукту

Эрдоган, Алиев жана Пашинян Прагада жолукту

  Прагада Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын ортомчулугу астында бей расмий жолугушуу өткөрүштү. Жолугушуу Европалык саясий шериктештиктин саммитинин алкагында өткөнүн Sputnik Türkiye сайты жарыялады.  Азербайжан президенти Илхам Алиев Армения тараптан жакшы ниет болсо, жыл аягына чейин тынчтык келишимине кол коюлушу мүмкүн экенин билдирди. “Бир нече убакыт мурун мен Армения тараптан жакшы ниет болсо, жылдын аягына чейин тынчтык келишимине кол коюлушу мүмкүн деп айткам. Убакыт өтүп баратат, демилгелерибиз оңой менен алга жылбай жатат, тышкы…

Прочитайте больше

Тажикстандын агрессиясы тууралуу Европа Биримдигине маалымат берилди

Тажикстандын агрессиясы тууралуу Европа Биримдигине маалымат берилди

 Акыйкатчы Атыр Абдрахматова Европа Биримдигинин Адам укуктары боюнча атайын өкүлү Имон Гилмор мырза менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу аталган укук коргоо мекемесинин маалымат кызматы билдирди. Анда  А. Абдрахматова Европа Биримдигинин Адам укуктары боюнча атайын өкүлү Имон Гилмор мырзадан Баткен облусунун тынч элине каршы тажик аскерлеринин адамкерчиликсиз, куралдуу агрессиясын чечкиндүү айыптоо менен Тажикстанды чек ара айылдарынын жай тургундарына каршы куралдуу жана башка чагымчыл аракеттерди токтотууга мажбурлоо чараларын көрүүсүн өтүндү. Жайкын элге каршы жасалган бардык кылмыштар үчүн жоопкерчилик болоорун Тажикистанга…

Прочитайте больше

Ыйманы алсыз адамдын 7 белгиси

Ыйманы алсыз адамдын 7 белгиси

Күчтүү ыйман инсанды эки дүйнө бактылуулукка жетелейт. Ыйманды күн сайын бекемдеп, анын үстүнөн иштөө зарыл. Ал үчүн Аллах Таалага жакындап, пайгамбарыбыздын ﷺ сүнөттөрүн карманабыз. Алсыз ыйман адамды Аллахтан алыстатып, акыры түбөлүк өкүнүчкө алып келет. Бул макалада алсыз ыймандын негизги белгилерине токтолобуз. Күнөо иштерди өкүнбөстөн кыла берет Ыйманы алсыз адам күнөө кылса да, аны мойнуна албайт. Аллахтан кечирим сурабайт. Пайгамбарыбыздын ﷺ хадисинде келет: “Пенде бир күнөө иш жасаган кезде жүрөгүндө бир кара так пайда болот. Эгер…

Прочитайте больше
1 7 8 9 10 11 133