Иранда базарда болгон террордук чабуулда 7 киши каза болду

  16-ноябрь күнү кечинде Ирандын Хузестан провинциясынын Изе шаарындагы борбордук базарда белгисиз адамдар тарабынан ок атылып, кеминде жети киши набыт болуп, 20га жакын адам жаракат алды.

Бул туураруу иран ЖМКлары жазды.

Маалыматта каза болгондордун арасында полиция кызматкерлери да бар экени жана жабыркагандардын айрымдарынын абалы оор экени айтылат.

Билдирүүгө караганда, эки мотоцикл минген белгисиз адамдар чогулган элге жана полиция кызматкерлерине автомат менен ок чыгарышып, дароо окуя болгон жерден из жашырып кетишкен. 

Иран бийлиги бул окуяны террордук акт деп атады. 

Хузестан провинциясынын губернаторунун коопсуздук боюнча орун басары окуяны тастыктап, кол салууну уюштургандарды аныктоо жана кармоо аракеттери уланып жатканын айтып, учурда Изе шаарында абал коопсуз экенин билдирди.

Изедеги окуяга байланыштуу Иран президенти Ибрахим Раиси провинциянын губернатору менен сүйлөшүп, коопсуздук жана укук коргоо органдарына бул террордук чабуулдун күнөөкөрлөрүн тез арада аныктоону тапшырды.

Раиси каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айтып, жабыркагандарга бардык керектүү шарттарды түзүүнү буйруду.

Провинциянын губернатору теракттка байланыштуу Изе шаарында үч күн, провинцияда бир күндүк аза күтүү жарыялады.

Эске салсак, октябрь айында Ирандын Шираз шаарындагы Шах Черах мавзолейинде теракт болгон. Анын кесепетинен 13 адам каза болуп, 23 адам жаракат алган.

Кол салуу үчүн жоопкерчиликти “ИМ” террордук уюму өзүнө алган.

Комментарий жиберүү