Аз жештин пайдалары

Суроо: Орозо кармап, ачка болуунун кандай пайдалары бар?

ЖООП: Орозо кармоо башка, ачка болуу башка. Ачка болуунун пайдалары:

1-Ачка болгондун басирети (көрөгөчтүгү, даанышмандыгы) ачылат. Түшүнүү жөндөмү күчөйт. Хадиси шарифте: “Ачка болгон адамдын түшүнүгү артат, зээни (акылы) ачылат” жана “Тафаккур (ой жүгүртүү) ибадаттын жарымы, аз жеш болсо бүтүнү”, – деп айтылган. (И. Газали)

Көп жеген адам көп уктайт. Көп уктаган адамдын болсо өмүрү текке кетет. Көп жеген адамдын акылы жана зээни начарлайт. Хадиси шарифте мындай делген:

“Аллаху таала көп жеп-ичкен адамды сүйбөйт.” [И.Газали]

2-Ачкалык жүрөктө кылдаттыкты пайда кылат. Хадиси шарифте: “Аз жеген адамдын ичи нурга толот” жана “Аллаху таала аз жеп-ичкен жана денеси жеңил болгон момунду жакшы көрөт”, – деп айтылган. (Дайлами)

3-Ачкалыкта каалоолор сынат, напси элпек боло баштай. Көп жеш кайдыгерликти пайда кылат. Азоо атты тыйуу кыйын болгондой эле, ашыкча жегизүү менен напсини тыйуу да кыйын. Ачкалыкта тарбиялоо жеңилдейт. Хадиси шарифте мындай деп айтылат:

“Аз жеш аркылуу жүрөгүңөрдү тирилткиле!” [И.Газали]

4-Ток адам ырайымсыз, мээримсиз болот. Ток адам ачка адамдын абалын түшүнбөйт. Көп жеген адам катуу жана таш боор болот. Хадиси шарифте: “Көп жеп жүрөгүңөрдү өлтүрбөгүлө!” жана “Аллаху таала тойгондон кийин жеп, ашказанын бузган адамга ачууланат”, – деп айтылган. (И. Газали)

5-Нервдерине ээ болгон адам тынч болот. Ачкалык күнөө кылууга болгон каалоону сындырат, жамандык кылууга жолтоо болот. Хадиси шарифте мындай деп айтылат:

“Ачка жана суусуз болуп, напсиге каршы жихад – Аллахтын жолундагы жихад сыяктуу.” [И.Газали]

6-Көп жеген адам сууну көп ичет. Сууну көп ичкен адам көп уктайт. Өмүрү уйку менен өтөт. Көп уйку болсо дүнүйө жана акыретик пайдага жолтоо болот. Ачкалык нервдерди сергек кылат, чыңдайт. Токтук акылсыздыкка алып барат, окуганын түшүнүү жана эстеп калуу кыйын болот. Эки күндө үч маал тамактануу нормалдуу. Башкача айтканда, бир күнү эртең менен жана кечинде, экинчи күнү түштө тамактануу керек. (Тесхил-ул-манафи)

7-Көп жеп, курсак байлоо зыяндуу. Пайгамбарыбыз алейхиссалам курсактуу бирөөгө: “Бул ашыкчалык башка жерде болсо жакшыраак болмок”, – деди. (Хаким)

Жеп-ичүү илимин үйрөнүү ибадат илиминен мурда келет. Эгер дененин саламаттыгы чың болсо, бул дүнүйөдө ырахатка ээ болгонубуздай эле, сак дене менен көбүрөөк кызмат кылуу мүмкүнчүлүгү боло тургандыктан, акыретти табууга да себеп болот. Эки дүнүйө бактысы үчүн ашказаныбызды ойлоого тийишпиз. Курсак ачпай туруп жебеш керек, тойо электе дасторкондон туруу керек! Илим менен амал аз жегендикте, жүрөк (көңүл) тазалыгы аз уктагандыкта, даанышмандык аз сүйлөгөндүктө.

Аз жеш – чебердик, көп жеш – оору. Олуя аз уктайт, аз жейт, аз ичет, сыраттан куштай өтөт. Көп жеген адам көп уктайт, баарынан жалкоо болот. Көп жеш зыян, көп уктоо кайгы. Көп жеш акылды иштетпейт, көп уктоо максатка жеткирбейт. Аз жеген адамдын көңүл көзү сокур болбойт, ачкачылык менен оору бирикпейт.

Аз жеш мөмөлүү дарак, оорулуу жүрөккө дары. Аз жеш напсиге таандык каалоолорду өлтүрөт, жүрөккө жеңилдик берет, акыретте бактылуу кылат. Аз жеш жалкоолукту кетирет жана илим алууну жеңилдетет. Аз жегендин жүрөгүндө даанышмандык эшиктери ачылат, оозунан бермет-маржан чачылат. Көп жеш акыл үчүн жетишсиздик, зээн үчүн кемчилдик. Семиздик адамга душман болот, көп жегендер бушайман болот.

Аз жеш адам үчүн тазалык, зээнди ачкан парасат (кыраакылык). Көп жеп, көп уктоо, көп сүйлөө жүрөккө кайгы берет, ашказан шишип, жүрөк өлөт, ачка болгондо кайра тирилет. Көп жеген көп уктайт, көп уктаган көп сүйлөйт, көп сүйлөгөн нематтан куру калат. Көп жеш ашказанды бузат, ашказаны бузулгандын түйшүгү көбөйөт. Билген билет, жинди да ачка болгондо өзүнө келет. Аз жеш напсиге зындан, жүрөккө гүлистан. Көп жеген адам унутчаак болот, жүзү күлбөйт, кабагы бүркөк болот.

Комментарий жиберүү