Ыйманы алсыз адамдын 7 белгиси

Күчтүү ыйман инсанды эки дүйнө бактылуулукка жетелейт. Ыйманды күн сайын бекемдеп, анын үстүнөн иштөө зарыл. Ал үчүн Аллах Таалага жакындап, пайгамбарыбыздын ﷺ сүнөттөрүн карманабыз.

Алсыз ыйман адамды Аллахтан алыстатып, акыры түбөлүк өкүнүчкө алып келет. Бул макалада алсыз ыймандын негизги белгилерине токтолобуз.

Күнөо иштерди өкүнбөстөн кыла берет

Ыйманы алсыз адам күнөө кылса да, аны мойнуна албайт. Аллахтан кечирим сурабайт.

Пайгамбарыбыздын ﷺ хадисинде келет: “Пенде бир күнөө иш жасаган кезде жүрөгүндө бир кара так пайда болот. Эгер ал күнөө иштерден баш тартып, Аллахтан кечирим тилеп, тообо кылса, жүрөгү ал кара тактан арылат. Ал эми Жараткандан кечирим тилебестен, кайра күнөө иштерге бара берсе, жүрөгүндөгү кара тактар көбөйүп отуруп жүрөктүн бүт баарын каптап калат” (Тирмизи).

Ибадаттарды араңдан зорго кылат

Ыйманы алсыз адам ибадат кылууда ойлору чачыранды болот. Намазды Аллахка берилүү менен окуй албайт. Дубалар чын жүрөктөн чыкпайт. Ибадат кылуу ал үчүн өтө оор келип, жүрөгүнө тынчтык тартуулабайт.

Жүрөгү ташка айланат

Ыйык Куранда мындай деп келет: “Андан соң силердин жүрөгүңөр таш сыяктуу же андан да катуураак болуп калды. Таштардын арасынан сызылып агып чыккан булактар бар, алардын арасында ташты жарып агып чыккандары жана Аллахтын корккондугунан төмөн аккандары да бар. Аллах силердин жасап жатканыңарды байкабай калбайт” (Бакара, 74).

Кыямат, өлүм тууралуу сөз болгондо кайдигерлик байкалат. Башкаларга жасаган мамилесинен да жүрөктүн катып баратканын көрүүгө болот.

Маанайы тез өзгөрүлөт, депрессия

Жашоодогу жакшы нерселер аны кубантпай калат. Кайгы-муң басат. Сыноолорду сабырдуулук менен көтөрө албайт. Алсыз ыйман адамды депрессияга алып барат. Пайгамбарыбыз ﷺ башына түшкөн оор кыйынчылыктарга карабастан, жылмайып жүргөндүгүн эстейличи.

Байлыкка, бийликке гана умтулат

Дүнүйө иштери биринчи орунга чыгып, акыретти ойлонгусу келбейт. Акча, оокат, тамак-аш адамдын жашоосун бийлеп алат.

Көп наалыйт

Ыйманы алсыз адам Аллахтын берген ырыскысына ыраазы болбойт. Шүгүр келтирбейт. Анын оозунан көбүрөөк нааразычылыктар чыгат. Анастан (р.а) риваят : “Ыймандын эки бөлүгү бар. Бир бөлүгү – сабыр, экинчиси – шүгүр”.

Мусулмандардын абалы үчүн тынчсызданбайт

Пайгамбарыбыз ﷺ айтты: “Момун-мусулмандар бири-бирин жакшы көрүүдө, бири-бирине ырайым кылууда жана көңүлүн алууда бир дене сыяктуу. Эгерде дененин бир мүчөсү ысытма ооруусу же уйкусуздук менен ооруса, анда дененин калган мүчөлөрү да аны менен бирге ооруп, тынчы кетет” (Бухари),

Чыныгы ыймандуу адам мусулмандар кыйынчылыкка кабылса, тынчсызданат. Кыйын кырдаалга кайдигер карабастан, колунан келишинче жардам көрсөтөт.

Комментарий жиберүү