Азирети Алиден (а.с) кымбат баалуу хадистер

 Эгер, карыз суроодон алыс болсоңор, түнкүсүн ойлонткон көйгөйдөн, күндүзгү жемелерден оолак болосуңар.

Кайсы бир аалым өз илимин акыйкатты баяндоодон башкалардан жашырса, кыяматта эң сасык жыт менен чыгып, бардык жандыктардын жек көрүүсүнө кабылат.

Кандай болгон күндө да акыйкатты айт жана аны корго, такыбалар менен достукту жана байланышты улант, бузуку жана күнөөкөрлөрдөн алыс бол, мунафыктардан алыс бол, саткындар менен аралашпа.

Азирети Али (а.с)  Имам Хасан (алайхис салам) аттуу уулуна насаат айтып жатып: «Сапарга чыгууну каалаардан мурда өзүнө ылайыктуу жолдош изде, үй камдоодон мурда кошуналардын абалын текшерип көр», – дейт.

Адамдын өзү менен сыймыктанышы анын акылынын аздыгынан кабар берет.

Эй адамдар, дүйнөгө болгон сүйүүдөн этият болгула, анткени дүйнөгө болгон сүйүү жана ар бир ката жана адашуулардын негизи, ал ар бир балээнин дарбазасы жана бардык жамандык, козголоң жана баш аламандыктардын алып келүүчүсү. Ошондой эле ар бир кырсыктын жана көйгөйдүн жаратуучусу.

Комментарий жиберүү