Ибадат зарыл

Суроо: Намаз окубаган бирөө: “Адамдардын бейиштик же тозоктук боло тургандыктары эзелде тагдырга жазылган. Бейиштик адам ибадат кылбаса да кечирилет, Бейишке барат. Эзелде тозоктук болгон адам канчалык көп ибадат кылса да пайдасы болбойт, сөзсүз Тозокко кирет. Андай болсо, сен да мен сыяктуу көңүлүң тынч болсун, ибадат кылуу аркылуу өзүңдү бекер кыйнаба!” – деди. Муну айткан адам балким ыймансыз бирөө, атайылап айткан болушу ыктымал. Бирок, сөздөрү жүйөлүү эмеспи?

ЖООП: Жүйөлүү эмес. Динген каршы болгон сөздө жүйө изделбейт.

Биз кулбуз. Кулдун милдети – кожоюнунун буйругуна багынып, ибадат кылуу. Ибадат кылуунун зыяны жок. Тескерисинче, пайдалуу. Анткени, эзелде бейиштик болгон адамдын соопторунун артуусу, даражасынын көтөрүлүүсү үчүн ибадат кылуусу зарыл. Тозоктук адам болсо ибадат кылбоо, Аллахка каршы чыгуу азабынан кутулуу үчүн ибадат кылууга тийиш. Ибадат кылуунун эч кандай зыяны болбойт, тескерисинче, пайдасы болот. Анткени, Аллаху таала хикмат ээси. Ибадат кылгандарды азаптоосу Анын хикматына жарашпайт. 

Андай болсо, ибадат кылбоо өтө жаңылыш болот. Акылдуу адам пайдалуу нерсени кылат жана зыяндуу, пайдасыз нерселерди таштайт. Эзелде өзүнүн тозоктук экенин ойлогон адам да Раббибизге моюн сунган абалда Тозокко кирүүнү күнөөкөр болуп кирүүгө караганда артык көрүүгө тийиш. Мындан тышкары, Аллаху таала ибадат кылгандарды Бейишке киргизээрин жана ибадат кылбагандарды Тозокто жазалаарын убада кылган. Аллаху таала убадасына бекем, башкача айтканда, туура. Ал сөзүнөн кайтпайт. Бир аяти кариманын маанисинде: “Аллах берген сөзүнөн кайтпайт”, – деп айтылган. Андай болсо, ибадат кылууну улантуу зарыл. (Берика) 

Комментарий жиберүү