Кийинүүгө байланыштуу 10 адеп

Ислам – адам жашоосунун бардык тарабын камтып, жол көрсөтүүчү дин. Динибизде кийинүүгө өзгөчө көңүл бурулуп, таза жана тыкан кийинүүгө үндөйт. Бул материалда кийинүүгө байланыштуу адептер тууралуу биле аласыз.

1. Таза кийим кийүү

Аллах Таала айтты: “Жана кийимиңди тазала!” (Муддассир,4)

2. Кийимди Аллахтын белеги деп кабыл алуу

Аллах Таала айтты: “Оо, Адам урпактары! Биз силерге абийир-уятыңарды жаба турган жана кооздук-зыйнат боло турган кийимди түшүрдүк” (Аъроф, 26).

3. Ак түстөгү кийимди кийүү

Пайгамбарыбыз ﷺ айткан: “Ак кийим кийгиле. Анткени ал таза жана жакшы” (Насаи).

4. Жума күнү жаңы кийим кийүү

Азирети Анас (р.а) айтат: “Аллахтын элчиси ﷺ жаңы кийимге ээ болгондо, аны жума күнү кийчү”.

5. Мусулман эместерге окшошуп кийинүүдөн сактануу

Пайгамбарыбыз ﷺ айткан: “Кимде-ким бизден башкаларга окшошсо, ал биздин үммөттөн эмес!” (Тирмизи).

6. Текебердиктин кийимин кийбөө

Пайгамбарыбыз ﷺ айткан: “Кимде-ким атак-даңктуулуктун кийимин кийсе, Аллах Таала Кыямат күнү ага ошол сыяктуу кийим кийгизип, ошол кийимде отко күйгүзөт” (Абу Дауд).

7. Кийинүүдө аялдар эркектерге, эркектер аялдарга окшошуп албоо

“Пайгамбарыбыз ﷺ аялдын кийимин кийген эркекке жана эркек кишинин кийимин кийген аялга каргыш айткан” (Абу Дауд).

8. Оң тараптан баштап кийүү

“Пайгамбарыбыз ﷺ кийим кийгенде, оң тараптан баштайт эле” (Тирмизи).

9. Кийим киерде төмөнкү дубаны окуу:

الْحَمْدُ للهِ الَّذِي كَسَانِي هَذَا وَرَزَقَنِيهِ مِنْ غَيْرِ حَوْلٍ مِنِّي وَلاَ قُوَّةٍ

Аль-хамду ли-Лляхи аллязи кяса-ни хаза-с-сауба ва разака-ни-хи мин гайри хаулин мин-ни ва ля кувватин.

Мааниси: “О, Аллах, сага мактоолор болсун! Сен мага бул кийимди кийгиздиң. Мен Сенден мунун өзүнүн жакшылыгын жана мунун жасалуу максатынын жакшылыгын тилеймин. Мен мунун өзүнүн жамандыгынан жана мунун жасалуу максатынын жамандыгынан сакташыңды тилеймин!”

10. Кийимди сол тараптан “Бисмиллах” деп айтуу менен чечүү

Пайгамбарыбыз ﷺ айткан: “Мусулман кийимин чечип жатканда, “Бисмиллах” деп айтуусу менен жиндердин көздөрүнүн жана адамдын ортосунда тосмо болот”.

Комментарий жиберүү