Иран президенти Израилге катуу эскертүү берди

Иран президенти Израилге катуу эскертүү берди

Израиль дагы бир ката кетирсе, андан эч нерсе калбайт, деди Ирандын президенти Ибрахим Раиси Пакистанда Лахор университетинин студенттеринин алдында сүйлөп жатып. “Эгерде сионисттик режим дагы бир ката кетирип, Ирандын ыйык жерине кол салса, анда ал такыр башка кесепеттерге дуушар болот жана Израилден бир нерсе калабы же жокпу белгисиз”, – деп билдирди Раиси. Белгилей кетсек, Иран президенти азыркы тапта расмий сапар менен Пакистанда жүрөт. Анын сапары үч күнгө созулат. Израиль-Иран чыры Апрель айынын башында Израиль Ирандын Дамасктагы башкы консулдугуна…

Прочитайте больше

Кытай АКШны Тайванды куралдандырууну токтотууга чакырды

Кытай АКШны Тайванды куралдандырууну токтотууга чакырды

Пекин АКШны Тайванды куралдандырууну жана Кытайдын ички саясатына кийлигишүүсүн токтотууга чакырат. Бул тууралуу Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин Түндүк Америка жана Океания департаментинин өкүлү АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин Кытайга сапарынын алдында брифингде билдирди. “(АКШны – ред.) Тайванды куралдандырууну токтотууга, Кытайдын ички иштерине кийлигишүүнү токтотууга жана Кытайдын тынчтык жолу менен биригүүсүн колдоону баштоого чакырабыз”, – деген дипломаттын сөзүн Кытайдын борбордук телекөрсөтүүсү келтирди. Ал ошондой эле Тайвань маселеси Кытай-АКШ мамилелериндеги негизги кызыл сызык экенин, аны басып өтүүгө…

Прочитайте больше

Эксперт: АКШ Грузиядагы бийликти кулатууну көздөйт

Эксперт: АКШ Грузиядагы бийликти кулатууну көздөйт

АКШ Грузиянын азыркы өкмөтүн кулатууга жана Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвилинин жактоочуларын бийликке алып келүүгө кызыкдар. Мындай пикирин “Валдай” клубунун эксперти Дмитрий Суслов ТАССтын кабарчысы менен болгон маегинде билдирди. Анын айтымында, дал АКШ менен Батыштын колу Грузиядагы чет элдик агенттер жөнүндөгү мыйзамга каршы нааразылык акцияларынын жагдайында жараяндарды уюштуруп, аныктап жатат. «Грузин парламентинде талкууланып жаткан жана азыркы өкмөт тарабынан демилгеленген чет элдик агенттер жөнүндөгү мыйзам Грузиядагы америкалык жана батыштык клиентелага, башкача айтканда, батыштан каржыланган, Сорос Фонду жана башка…

Прочитайте больше

Кытай АКШны Тайванды куралдандырууну токтотууга чакырды

Кытай АКШны Тайванды куралдандырууну токтотууга чакырды

Пекин АКШны Тайванды куралдандырууну жана Кытайдын ички саясатына кийлигишүүсүн токтотууга чакырат. Бул тууралуу Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин Түндүк Америка жана Океания департаментинин өкүлү АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин Кытайга сапарынын алдындагы брифингде билдирди. “(АКШны – ред.) Тайванды куралдандырууну токтотууга, Кытайдын ички иштерине кийлигишүүнү токтотууга жана Кытайдын тынчтык жолу менен биригүүсүн колдоону баштоого чакырабыз”, – деген дипломаттын сөзүн Кытайдын борбордук телекөрсөтүүсү келтирди. Ал ошондой эле Тайвань маселеси Кытай-АКШ мамилелериндеги негизги кызыл сызык экенин, аны басып өтүүгө…

Прочитайте больше

Ирандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Санкт-Петербургдагы коопсуздук форумуна катышат

Ирандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Санкт-Петербургдагы коопсуздук форумуна катышат

Ирандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Али Акбар Ахмадиян Санкт-Петербургда өтө турган коопсуздук маселелерин көзөмөлдөгөн жогорку өкүлдөрдүн XII эл аралык жыйынына катышат. Ахмадиян иш-чарага ирандык делегациянын башында Россиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушевдин чакыруусу менен келет. Санкт-Петербургда Ахмадиян ошондой эле Россия, Бразилия, Түштүк Африка, Кытай, Индия жана Ирактагы кесиптештери менен өзүнчө жолугушууларды өткөрөт. Жыйын 23-25-апрелде өтүп, ага коопсуздук кеңештеринин катчылары, улуттук коопсуздук боюнча кеңешчилер, вице-премьер-министрлер, күч түзүмдөрүнүн жана атайын кызматтардын жетекчилери, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышат. Күн…

Прочитайте больше

Казакстандын суу каптаган аймактарында кырдаал оор бойдон калууда

Казакстандын суу каптаган аймактарында кырдаал оор бойдон калууда

Орусиянын Ириклин суу сактагычындагы суу Жайык (Урал) дарыясына кое берилгенден кийин Казакстандын батышындагы суу ташкынына байланышкан кырдаал оорлоду. Бул тууралуу Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бүгүн, 23-апрелде жарыяланган баяндамасында айтылат. Ага ылайык, Атырау, Батыш Казакстан жана Түндүк Казакстан облустарында суу ташкындын кесепеттерин жоюу иштери уланууда. Абай, Улытау, Павлодар, Караганда, Акмоло жана Костанай облустарында абал туруктуу, жергиликтүү дарыялардагы суунун деңгээли төмөндөп жатат. Калктуу конуштарды суу каптоо коркунучу жок. Учурда куткаруучулар бул аймактарга таза суу жеткирүү, электр энергиясын…

Прочитайте больше

Ереван жана Баку биринчи жолу чек араны делимитациялоо боюнча макулдашууга жетишти

Ереван жана Баку биринчи жолу чек араны делимитациялоо боюнча макулдашууга жетишти

Армения Азербайжанга төрт көзөмөлүндөгү айылды өткөрүп берди.  Армения жана Азербайжан биринчи жолу чек араны делимитациялоо боюнча макулдашууга жетишти. Бул тууралуу Армениянын ТИМи жана Азербайжандын вице-премьери Шахин Мустафаев билдирди. Билдирүүлөрдө айтылгандай, тараптар «Советтик Союздун алкагында бул өлкө кулаганга чейинки мезгилде күчүндө болгон чек арага ылайык» төрт калктуу конуштун  «айрым чек ара линиясын алдын ала макулдашышты» деп билдирет  Медуза. Жүргүзүлгөн делимитация иш жүзүндө Азербайжан ССРинин курамында болгон, ал эми 1990-жылдардан тартып Армениянын көзөмөлүнө өткөн төрт селонун иш…

Прочитайте больше

Иран президентинин Пакистанга сапары. Тегеран менен Исламабаддын эки тараптуу мамилелерди чыңдоо аракети

Иран президентинин Пакистанга сапары. Тегеран менен Исламабаддын эки тараптуу мамилелерди чыңдоо аракети

Ирандын президенти Ибрахим Раиси бүгүн, 22-апрелде Пакистанга үч күндүк расмий сапар менен барды. Раисини бул сапарында жогорку даражалуу делегация, анын ичинде Ирандын тышкы иштер министри Хоссейн Амир Абдоллахиан жана башка өкмөт мүчөлөрү, ошондой эле бизнес өкүлдөрү коштоп барды. Сапардын алкагында Иран президенти Пакистандын президенти Асиф Али Зардари жана премьер-министр Шахбаз Шариф менен жолугушат. Иран президенти ошондой эле Лахор жана Карачи шаарларына да барат. Пакистандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, сапардын жүрүшүндө иран-пакистан алакаларын чыңдоо жана соода, коммуникация,…

Прочитайте больше

ЮНИСЕФ палестиналык балдардын өлтүрүлүшүн токтотууга чакырды

ЮНИСЕФ палестиналык балдардын өлтүрүлүшүн токтотууга чакырды

21-апрелге караган түнү Израилдин Газа тилкесинин түштүгүндөгү Рафах шаарына жасаган соккусунан 18 адам, анын ичинде 14 бала набыт болгон. Буга байланыштуу БУУнун Балдар фонду ЮНИСЕФ билдирүү жасап, Рафахтагы согушту жана бейкүнөө балдардын өлтүрүлүшүн тез арада токтотууга чакырды. ЮНИСЕФ Израилдин Иордан дарыясынын батыш жээгинде жайгашкан Тулкарм шаарындагы операциясында үч палестиналык баланын шейит болгонун да билдирди. Израиль Газанын 2,3 миллион калкынын жарымынан көбү башка жерлердеги согуштук аракеттерден баш калкалаган Рафахка дээрлик күн сайын абадан чабуул жасап келет….

Прочитайте больше

Лавров: Ирандын өзөктүк куралы жок жана ал эскалацияны каалабайт

Лавров: Ирандын өзөктүк куралы жок жана ал эскалацияны каалабайт

Иран Ислам Республикасынын өзөктүк куралы жок, муну Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) да тастыктайт. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштери министри Сергей Лавров россиялык үч ири радиостанцияга (“Комсомольская правда”, Sputnik жана  “Говорит Москва”) маек куруп жатып билдирди. Ал Иран Израилдин коркунучтарынан улам өзөктүк саясатын кайра карап чыгышы мүмкүн деген билдирүүлөргө токтолуп, мындай билдирүүлөр Израилдин маалымат каражаттарында жана Батышта таркатылып жатканын айтып, алардын максаты дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн Израилдин Газа тилкесиндеги операцияларынан Иранга коркунуч катары буруу деп белгиледи….

Прочитайте больше

Дээрлик бир миллиард шайлоочу. Индияда дүйнөдөгү эң ири шайлоо башталды

Дээрлик бир миллиард шайлоочу. Индияда дүйнөдөгү эң ири шайлоо башталды

Индияда бүгүн эртең менен жергиликтүү парламентке шайлоо башталды, аны журналисттер жана эксперттер адамзат тарыхындагы эң масштабдуу добуш берүү деп аташууда. Ага дээрлик бир миллиард шайлоочу катышат. Алар парламенттеги 543 орун кантип бөлүштүрүлөөрүн жана ким премьер-министр болорун чечет. Шайлоочулардын добушу парламенттеги 543 орун кантип бөлүштүрүлөөрүн жана ким премьер-министр болорун чечет. Өлкөнүн чоңдугун жана дээрлик 1 миллиардга жеткен шайлоочулардын санын, ошондой эле коопсуздукту эске алуу менен Индияда шайлоо жети этапта өткөрүлөт. Акыркысы 1-июнга белгиленген. Добуш берүүнүн жыйынтыгы…

Прочитайте больше

УКМК адам органдарын сатып жүргөн трансулуттук топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт койду

УКМК адам органдарын сатып жүргөн трансулуттук топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт койду

КР УКМК адам органдарын өлкөнүн чегинен тышкары сатуу боюнча туруктуу мыйзамсыз канал уюштурган эл аралык кылмыштуу топтун мыйзамсыз аракеттерин аныктаганын атайын кызматтын маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын натыйжасында З.Р.З. аттуу жаран менен алдын ала макулдашуу боюнча адам органдарын сатуу каналын уюштурган К.А.К. аттуу жаран аныкталган. К.А.К. чет элдик клиникаларда бөйрөк алмаштыруу үчүн ири суммадагы акчаны (80 миң долларга чейин) төлөөгө даяр бейтаптарды издөөнү жөнгө салган. Андан ары КР…

Прочитайте больше

Эртең, 18-апрелден тартып Кыргызстанда TikTok бөгөттөлөт

Эртең, 18-апрелден тартып Кыргызстанда TikTok бөгөттөлөт

18-апрелден тартып Кыргызстандын аймагында  TikTok `социалдык тармагы бөгөттөлөт. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди. Министрликтин маалыматы боюнча, аталган социалдык тармакка бөгөт коюу чечими УКМКнын өлкөнүн аймагында TikTok сервисине кирүүнү чектөө боюнча катынын негизинде кабыл алынган. Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы байланыш операторлоруна аталган кызматтын жеткиликтүүлүгүн чектөө боюнча чараларды көрүү зарылдыгы тууралуу кат жөнөттү. “Мындай чечимди кабыл алууга TikTok тарабынан “Кыргыз Республикасында балдардын ден соолугуна жана физикалык, интеллектуалдык, психикалык, руханий…

Прочитайте больше

“Chatham House” аналитикалык борборунун директору Ирандын Израилге жообун жаңы парадигма деп атады

“Chatham House” аналитикалык борборунун директору Ирандын Израилге жообун жаңы парадигма деп атады

Британиялык “Chatham House” аналитикалык борборунун башкы директору Санам Вакиль CNBC агенттигине берген маегинде Израилдин агрессиясына каршы Ирандын ракеталык жообуна баа берип, аны мурда болуп көрбөгөн жана жаңы парадигма деп атады. Ал Израилге Ирандын ракеталык жообуна реакция кылбоо кыйын болорун билдирди. Анын айтымында, бул реакция чыр-чатактын андан ары курчушуна алып келиши мүмкүн деген тобокелчиликтер дагы да бар. Ал белгилегендей, Израилдин Ирандын аракетине кандай жана качан жооп кайтарары бардыгын аныктайт. «Израилдиктер соңку бир нече күндөн бери Ирандан мындай жоопту…

Прочитайте больше

Бишкектеги Азия чемпионаты: грек-рим күрөшү боюнча Иран 1-орунду, Кыргызстан 2-орунду алды

Бишкектеги Азия чемпионаты: грек-рим күрөшү боюнча Иран 1-орунду, Кыргызстан 2-орунду алды

Бишкекте өткөн Азия чемпионатында Ирандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасы командалык эсепте 1-орунду, Кыргызстан 2-орунду жана Япония 3-орунду ээледи. Аталган таймашка жыйырма өлкөнүн тандалган балбандары катышты. Грек-рим күрөшү боюнча мелдеште  спортчулар 10 салмак ченинде күч сынашты (55 кг, 60 кг, 63 кг, 67 кг, 72 кг, 77 кг, 82 кг, 87 кг, 97 кг жана 130 кг). «Eurasia Today» маалымдагандай, жалпы командалык эсепте Иран 200 упай, Кыргызстан 144 жана Япония 142 упай алды. Учурда…

Прочитайте больше
1 2 3 4 6