Эксперт: Кондиционерлер корнавирустун жугуу коркунучун жогорулатат

Эксперт: Кондиционерлер корнавирустун жугуу коркунучун жогорулатат

Соода борборлору, мейманканаларда, коомдук транспорттордо, ооруканаларда жана банктардагы кондиционерлер коронавирус эпидемиясынын көбөйүшүнө себеп болууда. Түркиянын Медицина илимдер университетинин Жугуштуу оорулар жана клиникалык микробиология бөлүмүнүн башчысы, профессор Ильяс Дёкметаш адамдар кондиционердин ордуна үйлөрдү, айрыкча эл көп чогулган жабык имараттарды тез-тез желдетип турушу керек экенин Haberturk сайтына билдирди. Адистин айтымында, көптөгөн оорулар кондиционер аркылуу жугушу мүмкүн. “Аба ырайы жылуу боло баштаганда, адамдар кондиционерлерди көп колдонушат. Вирустук инфекциялардын көпчүлүгү кондиционерлер жана вентиляция тутумдары аркылуу жугушу мүмкүн. Үйдө, жумуш ордунда, адамдардын…

Прочитайте больше

Президент С. Жапаров БУУнун Азия жана Тынч океан үчүн экономикалык жана социалдык комиссиясынын 77-сессиясында сөз сүйлөйт

Президент С. Жапаров БУУнун Азия жана Тынч океан үчүн экономикалык жана социалдык комиссиясынын 77-сессиясында сөз сүйлөйт

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 26-апрелде, Бангкокто (Тайланд) видеоконференция форматында өтө турган Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) Азия жана Тынч океан үчүн экономикалык жана социалдык комиссиясынын 77-сессиясынын ачылышына катышат. Мамлекет башчысы куттуктоо сөзүн сүйлөп, аталган Уюмдун мындан аркы өнүгүүсү жана коронавирус пандемиясы учурунда региондо экономикалык кызматташтыкты чыңдоо боюнча биргелешкен чечимдерди иштеп чыгуу жөнүндө көз карашын билдирет. Бул тууралуу Президенттин Аппаратынын Басма сөз кызматы билдирди. Иш-чарага БУУнун Азия жана Тынч океан үчүн экономикалык жана социалдык комиссиясына…

Прочитайте больше

COVID-19: Индияда крематорийлерде орун жок өлгөндөрдүн сөөгү көчөдө эле өрттөлүүдө

COVID-19: Индияда крематорийлерде орун жок өлгөндөрдүн сөөгү көчөдө эле өрттөлүүдө

Индияда коронавирус илдетинен өлгөндөрдүн саны көп болгондуктан, крематорийлерде орун жок маркумдардын сөөгү күнү-түнү көчөлөрдө өрттөлүп жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды. Индия коронавируска чалдыккандардын саны боюнча төртүнчү күндүн рекордун жаңыртууда – бул өлкөдө күнүнө 360 миңден ашуун жаңы учур катталууда. Күнүнө бир нече миң адам көз жумууда. Баш калаада эле төрт мүнө сайын бирден киши каза таап жактанын Reuters агенттиги жазды. Расмий түрдө, күн сайын 3 миндин тегерегиндеги киши каза болууда, бирок жергиликтүү тургундар өлгөндөрдүн саны андан…

Прочитайте больше

Индонезия: Дайынсыз болуп жаткан 53 кишиси бар суу астында жүрүүчү кеменин калдыктары табылды

Индонезия: Дайынсыз болуп жаткан 53 кишиси бар суу астында жүрүүчү кеменин калдыктары табылды

Индонезиянын президенти Жоко Видодо Бали деңизинде 21-апрелден бери дайынсыз болуп, изделип жаткан суу астында жүрүүчү кеменин 53 мүчөсү каза болгонун расмий тастыктады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.“Мага деңиз флотунан жана армиядан кеме чөгүп кеткендиги тууралуу билдирүү келди. Индонезиялыктар суу алдында жүрүүчү кеменин баардык мүчөлөрүнүн үй-бүлөлөрүнө терең кайгыруу менен көңүл айтат”, – деди ал.Кемени издөө иштери 21-апрелден 24-апрелге чейин, Индонезиянын деңиз аскер күчтөрү суу астында сүзүүчү кеме чөгүп кеткендигин жарыялаганга чейин уланган. Кемеде запаста 72 саатка…

Прочитайте больше

Кыргыз Эл Баатыры, жазуучу, драматург Бексултан Жакиев дүйнөдөн кайтты

Кыргыз Эл Баатыры, жазуучу, драматург Бексултан Жакиев дүйнөдөн кайтты

25-апрелде катуу оорудан улам Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, III даражадагы «Манас» ордени жана «Даңк» медалынын ээси Бексултан Жакиев 85 жаш курагында каза болду. Бексултан Жакиев 1936-жылы 16-январда Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Бөкөнбаев айылында туулган. Ал 1958-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 1960-1962-жылдары Москвадагы киносценаристтердин эки жылдык жогорку курсунда окуган. Эмгек жолун «Кыргызфильм» киностудиясында редакторлуктан баштаган. Андан кийин 1963-1968-жылдары Кыргыз ССРинин Маданият министрлигинде, 1972-1975-жылдары Кыргыз ССРинин Мамлекеттик кинематография комитетинде…

Прочитайте больше

АКШнын президенти армяндар геноцидин тааныды, Түркия менен Азербайжан буга кандай жооп берди?

АКШнын президенти армяндар геноцидин тааныды, Түркия менен Азербайжан буга кандай жооп берди?

АКШ президенти Жо Байден 1915-жылы Осмон империясындагы армяндардын массалык кыргын жана депортация болушун геноцид деп тааныды. Бул тууралуу Би Би Си билдирди.  “Америка эли 106 жыл мурун башталган геноцидде курман болгон бардык армяндарды урматтап эскерет”,- деди Байден. Ал эми Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Байденге жолдогон катында “бүткүл дүйнөдөгү армяндар геноциддин таанылышын чоң шыктануу менен кабыл алышты. Бүгүнкү күндө АКШ бийлиги адам укуктарын жана гуманитардык баалуулуктарды коргоого болгон умтулуусун биротоло тастыктады”,- деп билдирген. Ошондой эле Армениянын Тышкы иштер министрлиги АКШ…

Прочитайте больше

Россиядагы кыргызстандык мигранттардын көйгөйү чечилди

Россиядагы кыргызстандык мигранттардын көйгөйү чечилди

Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков: 2021-жылдын 15-июнуна чейин Россия Федерациясында мыйзамсыз жүргөн мигранттар административдик жана башка жоопкерчиликсиз каттоого тура алышат. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү менен Кыргыз Республикасынын мигранттарынын Россия Федерациясынын аймагында жүрүү маселеси боюнча жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөт Аппаратынын маалымат кызматы билдирди. Белгиленгендей, үстүбүздөгү жылдын 21-апрелинде Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей Оверчук менен жолугушуунун жүрүшүндө россиялык тарап 2021-жылдын 15-июнуна чейин административдик чара колдонбостон жана Россия Федерациясынын…

Прочитайте больше

Байден Эрдоганга жакын арада армян геноцидин тааныйт урганын эскертти

Байден Эрдоганга жакын арада армян геноцидин тааныйт урганын эскертти

АКШнын президенти Жо Байден Вашингтон жакынкы мезгилде Осмон империясындагы армян геноцидин тааный тургандыгын Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоганга билдирди. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты. “Байден Эрдоганга Армениядагы кыргынды геноцид деп тааный тургандыгын айтты”,- деп жазат Bloomberg. Буга чейин Ак үй Байден Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн, анда Вашингтон менен Анкаранын ортосундагы мамилелерди чыңдоо жөнүндө сөз болгонун билдирген. Шаршемби күнү “The Wall Street Journal” АКШнын аты аталбаган расмий өкүлдөрүнө шилтеме берип, Байден Осман империясындагы армян геноцидин расмий…

Прочитайте больше

Индияда ооруканада өрт чыгып, 13 бейтаптын өмүрүн алып кетти

Индияда ооруканада өрт чыгып, 13 бейтаптын өмүрүн алып кетти

Индиянын Махараштра штатынын бир ооруканасында коронавирус менен ооруп, жандандыруу бөлүмүндө жаткан 13 бейтап өрттөн каза болду. Өлкө бийлиги жума күнү таңга маал чыккан өрт өчүрүлүп, төрт адамды өрттөн куткарылып, жакынкы ооруканаларга жеткирилгенин билдирди. Кырсыктын себеби азырынча белгисиз жана Махараштранын губернатору тиешелүү тармактарга өрттүн келип чыгуу себептерин иликтөөнү буйрук кылган. 21-апрелде ушул эле штаттын дагы бир ооруканасында кычкылтек чыгып, натыйжада жасалма дем алдыруучу аппараттагы 22 бейтап каза болгону маалымдалган. Индия коронавирустун жайылышына каршы күрөшүп жаткан учуру….

Прочитайте больше

АУЦАнын президенти баңги заттарды сатууга шектелип кармалды (видео)

АУЦАнын президенти баңги заттарды сатууга шектелип кармалды (видео)

Коопсуздук органдары АУЦАнын президенти Эндрю Качинс баңги заттар менен кармалып, текшерүүгө алынганын билдиришти. Белгилей кетсек, Кыргызстандын Ички иштер министрлиги АУЦАнын президенти Эндрю Качинс ИИМдин тергөө кызматы тарабынан катталган сотко чейинки суракка чакырылгандыгын билдирген. Кийинчерээк, Эндрю Качинс Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин “Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз өндүрүү” беренеси боюнча суракка чакырылгандыгы белгиленди. Берилген маалыматтар боюнча, АКШнын жаранынан дээрлик бир килограмм баңгизат табылып алынган. Учурда  Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү кызматы менен биргеликте ыкчам издөө иш-чаралары…

Прочитайте больше

Кыргызстанга Спутник V вакцинасынын 20 миң дозасы келди

Кыргызстанга Спутник V вакцинасынын 20 миң дозасы келди

БИШКЕК, 23-апрель. — Eurasia Today. Орусиянын коронавируска каршы Sputnik V вакцинасынын 20 миң дозасы Кыргызстанга алынып келинди. Белгилей кетсек, вакцина ушул жылы 24-25-февралда өлкөнүн Президенти Садыр Жапаровдун Орусия Федерациясына болгон иш сапарында жетишилген келишимдердин алкагында алынып келинген. Кыргызстан өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, вакцинаны өткөрүп берүү жөрөлгөсүнө өлкөнүн Биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков, Орусия Федерациясынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Николай Удовиченко жана Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев катышты. “Кыргызстан, Орусиядагы калкты эмдөө кампаниясына карабастан, маселени тез арада чечкендиги үчүн…

Прочитайте больше

Кыргызстандын ТИМнин орун басары жана Ирандын элчиси эки тараптуу кызматташтыктын кеңири чөйрөсүн талкуулашты

Кыргызстандын ТИМнин орун басары жана Ирандын элчиси эки тараптуу кызматташтыктын кеңири чөйрөсүн талкуулашты

Бишкек, 23-апрель. – Eurasia Today. Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Саид Харазини кабыл алды. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-иран кызматташтыгынын кеңири чөйрөсүн талкуулашты. Белгилей кетсек, пандемия мезгилинде транзиттик жана транспорттук байланыштарды калыбына келтирүү жана жакынкы келечекте эки мамлекеттин борборлорунун ортосунда түз аба каттамдарын калыбына келтирүү маселелери ортого салынды.  Ошондой эле, эки тараптуу мамилелер тутумундагы биргелешкен кыргыз-иран өкмөттөр аралык комиссиясынын ишмердүүлүгүнүн…

Прочитайте больше

Казакстан эмнеге өзөктүк державага айланбай калды?

Казакстан эмнеге өзөктүк державага айланбай калды?

Бишкек, 23-апрель, – Eurasia Today. Эгерде Казакстан өзөктүк куралын өнүктүрсө, мусулмандардын алдыңкы мамлекетине айланып, Борбордук Азиянын тарыхы башкача жол менен кетмек. Ильдар Мухаметжанов Казакстандын СССР убагындагы өзөктүк куралдары тууралуу ой-пикирин билдирди.Советтер Союзу кулаган учурда, Казакстанда 1216 ядролук дүрмөттөр болгон, алар ири ядролук ракетанын “калканы” жана “кылычтын” курамына кирген. Эгерде СССРге империалисттер кол салган учурда бул куралдар колдонулмак. Бирок, Беловежская келишимдерине кол коюлгандан кийин, маселе андай болбой калган. Кийинчерээк, СССР аймагында жайгашкан, советтик куралды өз карамагына алган жаңы…

Прочитайте больше

Ирандагы коронавирус боюнча акыркы статистика. Sputnik V вакцинасынын алтынчы партиясы жеткирилди

Ирандагы коронавирус боюнча акыркы статистика. Sputnik V вакцинасынын алтынчы партиясы жеткирилди

БИШКЕК, 23-апрель. — Eurasia Today. Ирандын Саламаттык сактоо жана медициналык билим берүү министрлиги акыркы бир сутка ичинде өлкө боюнча коронавирустан 453 адам каза болгонун билдирди. Бул тууралуу ирандык маалымат каражаттар маалымдашты. Ирандын Саламаттыкты сактоо жана медициналык билим берүү министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, өткөн сутка ичинде COVID-19дан 453 бейтап каза болуп, өлкөдөгү жалпы өлүмдүн саны 68 366 адамга жетти. Ал эми 24 092 жаңы оорулуу катталып, алардын ичинен 3438ү ооруканага жаткырылып, жалпы оорулуулардын саны 2 миллион 335 миң…

Прочитайте больше

Өкмөт салык жана бажы кызматтарындагы коррупцияны кантип жоёт?

Өкмөт салык жана бажы кызматтарындагы коррупцияны кантип жоёт?

БИШКЕК, 23-апрель. — Eurasia Today. Премьер-министр Улукбек Марипов: Фискалдаштыруу тутуму ар кандай каршылыктарга карабастан ишке ашырылышы керек. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов салык жана бажы процедураларын санариптештирүүнү ишке киргизүү боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөт аппаратынын маалымат кызматы билдирди. «Негизги милдеттердин бири – бул салык жана бажы процедураларын фискалдаштыруу тутумун толук кандуу ишке киргизүү, ал ар кандай каршылыктарга карабастан өз мөөнөтүндө ишке ашырылышы керек.  Бул бизге коррупцияны жоюп, көмүскө экономиканын деңгээлин кескин кыскартып, мамлекеттин кирешесин жогорулатууга…

Прочитайте больше
1 179 180 181 182 183 207