Эксперт: Кондиционерлер корнавирустун жугуу коркунучун жогорулатат

Соода борборлору, мейманканаларда, коомдук транспорттордо, ооруканаларда жана банктардагы кондиционерлер коронавирус эпидемиясынын көбөйүшүнө себеп болууда.

Түркиянын Медицина илимдер университетинин Жугуштуу оорулар жана клиникалык микробиология бөлүмүнүн башчысы, профессор Ильяс Дёкметаш адамдар кондиционердин ордуна үйлөрдү, айрыкча эл көп чогулган жабык имараттарды тез-тез желдетип турушу керек экенин Haberturk сайтына билдирди.

Адистин айтымында, көптөгөн оорулар кондиционер аркылуу жугушу мүмкүн.

“Аба ырайы жылуу боло баштаганда, адамдар кондиционерлерди көп колдонушат. Вирустук инфекциялардын көпчүлүгү кондиционерлер жана вентиляция тутумдары аркылуу жугушу мүмкүн. Үйдө, жумуш ордунда, адамдардын чакан тобу болгон жерде кондиционерди колдонуунун ордуна, терезелерди ачып, желдетип турганыбыз оң”, – деди ал.

Эксперт ошондой эле кондиционерди үйдө кыска убакытка гана колдонууга кеңеш берет. Бирок, ал үйгө чоочун адам келсе, кондиционерлерди колдонуу өтө тобокелдүү экенин эскертти.

“COVID-19дун пайда болгонуна бир жылдан ашты. Коронавирустун жугуу жолу 99% дем алуу жолу менен жүрөрүн эми билебиз. Демек, кычкылтек алмашуу эл көп чогулган жерлерде, мисалы, кафе, метро, ооруканаларда, банктарда жүрөт. Мындай жерлерде мүмкүн болушунча адамдар аз болуш керек жана имараттар тез-тез желдетилип турушу керек”, – деп жыйынтыктады Дёкметаш.

Белгилей кетсек, окумуштуулар коронавирустун жайылышындагы кондиционерлердин ролу жөнүндө биринчи жолу Ухандагы ресторанда вирустун жугуу схемасын изилдеген кытайлык адистердин изилдөөсүнөн кийин айтып чыгышкан.

Окумуштуулар кондиционердин жанындагы столдордо отурганда тогуз адам коронавирус жуктуруп алганын аныкташкан.

Окумуштуулардын айтымында, вирусту COVID-19дун белгилери дээрлик жок болгон ресторанга келгендердин бири башкасына  таркаткан. Ал кондиционердин маңдайына отурган.

Кийинчерээк, анын жанындагы столдордо отурган жана аны менен түздөн-түз байланышпаган 9 адамдын коронавируска берген  тестинин жыйынтыгы оң чыккан.

Комментарий жиберүү