Тиш оорусу ракка алып келиши мүмкүн

Тиш оорусу ракка алып келиши мүмкүн

Илимпоздор рак менен ооз көңдөйдө жашаган бактериялардын байланышын аныкташкан. Бактериялар онкологиялык оорулардан тышкары инфаркт жана инсультка алып келери айтылат. Дарыгер жана алып баруучу Александр Мясников тишти жана ооз көңдөйүн таза кармап турбаса олуттуу ооруларды чакырарын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Анын айтымында, илимпоздор буга чейин эле рак менен ооз көңдөйдө жашаган бактериялардын ортосундагы тыгыз байланышты аныкташкан. Зыяндуу бактериялар периодонтитте, тиштин жана анын бүйлөсүнүн ооруларында көбөйөт. Булар өз кезегинде уйку безинин рак оорусун пайда кылат….

Прочитайте больше

Сирияда террорчулар химиялык кол салууну пландаштырууда

Сирияда террорчулар химиялык кол салууну пландаштырууда

Сириядагы террорчулар Идлиб провинциясындагы Кбана аймагында химиялык кол салууну пландаштырууда. Бул тууралуу Орусиянын Сириядагы согушуп жаткан тараптарды элдештирүү борборунун башчысынын орун басары контр-адмирал Александр Карпов билдиргенин “Ir.Sputnik” агенттиги жазды. Карповдун айтымында, орусиялык борбор “Хaйат Тахрир аш-Шaм” террордук  тобунун согушкерлери Идлибде химиялык заттарды колдонуп, террордук операция жасоого даярданып жаткандыгы жөнүндө маалымат алган.  “Колдо бар маалыматтарга караганда, согушкерлер Сириянын өкмөттүк күчтөрүн дагы айыптоо үчүн карапайым адамдарга каршы химиялык курал колдонууну көздөп жатышат”, – деди Карпов. Белгилей кетсек, Сириядагы куралдуу…

Прочитайте больше

Түркиянын ТИМ башчысы Кыргызстанга расмий сапар менен келет

Түркиянын ТИМ башчысы Кыргызстанга расмий сапар менен келет

Эртең, 10-мартта Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Кыргызстанга расмий сапар менен келет. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Сапардын алкагында эки мамлекеттин тышкы иштер министрлеринин сүйлɵшүүлɵрү жана Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы Биргелешкен стратегиялык пландаштыруу тобунун 4-жыйыны болуп ɵтɵт. Ошондой эле Түркиянын тышкы иштер министри Чавушоглунун Кыргызстандын жетекчилиги менен жолугушуулары пландаштырылган. Алдыда боло турган жолугушуулардын жана сүйлɵшүүлɵрдүн жүрүшүндɵ саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка чөйрөлөрдөгү эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары ɵнүктүрүү жана бекемдɵɵ боюнча…

Прочитайте больше

Нооруз майрамына карата кыргызстандыктар 3 күн катары менен эс алышат

Нооруз майрамына карата кыргызстандыктар 3 күн катары менен эс алышат

Нооруз майрамына карата кыргызстандыктар 3 күн катары менен эс алышат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 21-март жекшемби күнүнө туура келгендиктен, эс алуу күнү 22-мартка жылдырылат. Мындан улам кыргызстандыктар 20, 21 жана 22-март күндөрү эс алышат. Эскерте кетсек, Кыргызстанда 21-мартта Нооруз майрамы белгиленет.

Прочитайте больше

Ак үй: Орусия менен Кытайдын «вакцина дипломатиясы» бизди тынчсыздандырат

Ак үй: Орусия менен Кытайдын «вакцина дипломатиясы» бизди тынчсыздандырат

Ак үйдүн өкүлү Орусия менен Кытай коронавируска каршы вакцинасын “дипломатиялык максаттарга жетүү үчүн” колдонуп жатат деп айыптады. Ак үйдүн өкүлү Жен Псаки Орусия менен Кытай башка өлкөлөргө вакциналарды берүү жолу менен “дипломатиялык максаттарына жетүүнү” көздөп жатат деп ырастаганын эл аралык “Tasnim News” агенттиги билдирди. “Биз Орусия менен Кытайдын вакциналарды дипломатиянын куралы катары колдонууга жасаган аракеттери бизди тынчсыздандырат деп айта алам”,- деди Псаки. Ал ошондой эле АКШ өз жарандарын эмдегенден кийин башка өлкөлөргө вакцина жагынан жардам берүүгө даяр…

Прочитайте больше

Ирландиянын тышкы иштер министри Иранга жасаган иш сапарында өзөктүк келишим маселесин талкуулайт

Ирландиянын тышкы иштер министри Иранга жасаган иш сапарында өзөктүк келишим маселесин талкуулайт

Ирландиянын ТИМ жетекчиси БУУнун Коопсуздук Кеңеши баш болгон өкүлдөр менен Жакынкы Чыгыштын маанилүү маселелери боюнча сүйлөшүү максатында ирандык жетекчилер менен жолугушат.Mehr News агенттигинин Irish Times гезитине шилтеме берүү менен берген маалыматына ылайык, Ирландиянын тышкы иштер министри Симон Кавони Ирандын президенти Хасан Рухани менен 7-мартта Тегеранга болгон иш сапары учурунда жолугушмакчы.Белгилей кетсек, Ирландиянын Тегерандагы элчилиги ачылгандыгы жарыялангандан бир нече күн өткөндөн кийин (2023-жылга чейин) боло турган иш сапардын алкагында Ирландияныны ТИМ жетекчиси Рухани жана Ирандын тышкы…

Прочитайте больше

КМШда адам укуктары боюнча комиссия түзүлөт

КМШда адам укуктары боюнча комиссия түзүлөт

Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин (КМШ) Аткаруу комитетинин маалымат борбору уюмга мүчө мамлекеттер “Шериктештиктин адам укуктары боюнча комиссиясын” түзүүгө чечим кабыл алышканын билдирди. Бул тууралуу «Fars News» агенттиги маалымдады.Маалыматка ылайык, комиссия түзүү боюнча уюмдун эксперттер тобунун жыйыны Беларуссиянын борбору Минск шаарында болуп өттү.Ал эми бул маселени карап чыгуу боюнча видеоконференцияга Армения, Беларусь Республикасы, Казакстан, Кыргызстан, Орусия, Тажикстан, Өзбекстан жана шериктештиктин Аткаруу комитетинин өкүлдөрү катышты. Анын жүрүшүндө аталган комиссиянын түзүлүшү жана иш алып баруусу боюнча кеңири талкуу жана пикир…

Прочитайте больше

АКШ президенти Иранга каршы улуттук өзгөчө кырдаалды дагы бир жылга узартты

АКШ президенти Иранга каршы улуттук өзгөчө кырдаалды дагы бир жылга узартты

Америка Кошмо Штаттарынын президенти Иран Ислам Республикасына карата улуттук өзгөчө кырдаалды дагы бир жылга узарткан билдирүү жасады.  Tasnim News агенттигинин аль-Жазирага шилтеме берип маалымдоосуна ылайык, АКШнын президенти Жо Байден 5-мартта жасаган билдирүүсүндө, Иранга каршы улуттук өзгөчө кырдаал дагы бир жылга узартылганын билдирди.“Иран өкмөтүнүн иш-аракеттери жана саясаты Кошмо Штаттардын улуттук коопсуздугуна, тышкы саясатына жана экономикасына чоң коркунуч туудурууну улантууда”, – деди Байден.Ал мындай деп кошумчалады: “Демек, Билл Клинтондун тушунда 1995-жылы 15-мартта биринчи жолу жарыяланган Иранга карата улуттук өзгөчө кырдаал…

Прочитайте больше

Окуучулар мектепке барып окуй башташат

Окуучулар мектепке барып окуй башташат

Биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков: Мектептер 9-марттан баштап салттуу түрдө окуу процессин жандандырууга даяр болууга тийиш. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков мектептерде билим берүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулоо боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Артём Новиков белгилегендей, 9-марттан баштап Бишкекте 2-3-4-класстардын окуучулары үчүн окуу процесси офлайн режиминде, 1-апрелден баштап өлкө боюнча бардык класстарга салттуу түрдө окуу башталат. «Ошону менен катар белгилей кетүүчү нерсе, мектептер ата-энелерден окуу китептерин сатып алууну жана 2021-жылдын 1-сентябрына чейин…

Прочитайте больше

Түркияда тик учак кулап, 9 аскер курман болду

Түркияда тик учак кулап, 9 аскер курман болду

Түркиянын чыгышында аскердик тик учак кулап, 9 аскер курман болуп, 4 киши жаракат алды. Түркиянын Коргоо министрлиги Cougar тибиндеги аскердик тик учак Бингёль шаарынан учуп чыккандан кийин Битлис провинциясындагы Татван шаарында кулап түшкөнүн билдирди.  Бул тууралуу Sputnik агенттиги жазды. Коргоо министрликтин маалыматы боюнча, аскердик тик учак саат 13:55те Бингёль шаарынан учуп чыккандан  30 мүнөттөн кийин аны менен байланыш үзүлгөн. Ошол замат издөө иштери башталып, тик учакты издөө үчүн учактар жалданган. Орусиялык ЖМКлар маалымдагандай, алдын ала маалыматтар боюнча,…

Прочитайте больше

ДССУ Кытайга болгон сапарынын жыйынтыктары жөнүндө отчет жарыялоодон баштартты

ДССУ Кытайга болгон сапарынын жыйынтыктары жөнүндө отчет жарыялоодон баштартты

Кытайдын Ухань шаарында SARS-CoV-2 коронавирусунун келип чыгышын иликтеген Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) эксперттер тобу сапарынын жыйынтыктары жөнүндө алдын ала отчет жарыялоодон баш тартты. Бул тууралуу “Irib News” агенттиги “Wall Street Journal” (WSJ) басылмасына шилтеме берип жазды. Маалыматка ылайык, 26 эксперттен турган топ Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмун коронавирус жана анын келип чыгышы жөнүндө жаңы иликтөөлөрдү баштоого чакырышты. ДССУнун эксперттер тобу Уханга болгон иш сапары ийгиликсиз болгонун тастыкташты. Эске салсак, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эксперттер тобу 14-январдан…

Прочитайте больше

Зариф: Кайрадан өзөктүк сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү мүмкүн эмес

Зариф: Кайрадан өзөктүк сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү мүмкүн эмес

Иран Ислам Республикасынын  тышкы иштер министри Өзөктүк келишим боюнча кандайдыр бир жол менен сүйлөшүүгө болбой тургандыгын баса белгиледи. Иран ТИМ жетекчиси бардык тараптар кол койгон милдеттенмелерин аткарууга кайтып келгени жакшы экендигин билдирди.Tasnim News агенттигинин эл аралык тобу билдиргендей, Иран Ислам Республикасынын Тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф Твиттердеги баракчасында өзөктүк келишим боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө болбой тургандыгын баса белгилеп, бардык тараптарды өз милдеттенмелерин аткарууга кайтып келүүгө чакырды.“Эгерде 2021-жыл 2015-жыл эмес болсо, анда 1945-жыл да эмес”,- деди ал, АКШнын Мамлекеттик…

Прочитайте больше

НАТОнун Баш катчысы: Америка менен Европаны Кытайга каршы бириктирүү керек

НАТОнун Баш катчысы: Америка менен Европаны Кытайга каршы бириктирүү керек

Йенс Столтенберг НАТОнун мүчөлөрүн Пекинге каршы биргелешип күрөшүүгө чакырып, Кытайды АКШ жана Европа үчүн жалпы коркунуч деп атады.  Mehr News агенттигинин маалыматына ыалйык, НАТОнун Башкы катчысы Европалык Колледж ( Брюгге) студенттеринин алдында сүйлөп жатып, Кытайдын көтөрүлүшү, киберчабуулдар жана деструктивдүү технологиялар сыяктуу жалпы глобалдык чакырыктарга каршы туруу үчүн АКШ-Европа кызматташтыгынын зарылдыгын белгиледи. Йенс Столтенберг мындай деди: “Бүгүнкү күндө НАТОнун 30 күчтүү мүчөсү бар жана дээрлик бир миллиард адамдын коопсуздугун коргойт.”“Бирок биздин биримдигибиз бизди курчап турган дүйнө өзгөргөн…

Прочитайте больше

Эрдоган Иранга каршы санкцияларды алып салууга үндөдү

Эрдоган Иранга каршы санкцияларды алып салууга үндөдү

Түркиянын президенти Иранга каршы бир тараптуу санкциялардын алынып салынышы жана «өзөктүк келишимге” кайтып келүү регионалдык туруктуулукка жол ачат деп эсептейт. Mehr News агенттигинин Sputnik агенттигине шилтеме берип билдиргенине караганда, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Экономикалык Кызматташтык Уюмунун (ЭКО) 14-саммитинде сүйлөгөн сөзүндө Иранга каршы санкцияларды алып салууга чакырды. Ал мындай деп кошумчалады: “Иранга каршы бир тараптуу санкциялардын алынып салынышы жана “өзөктүк келишимге” кайтып келүү аймактагы туруктуулукту камсыз кылууга шарт түзөт”.Белгилей кестек, февраль айынын башында ал ирандык кесиптеши Хасан Рухани менен телефон аркылуу…

Прочитайте больше

Пентагон Ирактын авиабазасына кол салуу болгонун тастыктады

Пентагон Ирактын авиабазасына кол салуу болгонун тастыктады

АКШнын коргоо министрлиги Ирактагы “Айн-ал-Асад” авиабазасына кол салуу болгонун тастыктап, америкалык аскерлер арасында жабыркаган болбогонун маалымдады. Бул тууралуу “Ir.Sputnik” агенттиги кабарлады. “Ирактын “Айн-ал-Асад” авиабазасына ракеталык чабуул жасалганын тастыктай алабыз.  Алдын-ала статистика көрсөткөндөй, болжол менен 10 ракета атылган”, – деди Пентагондун расмий өкүлү Жон Кирби. Ал америкалык аскерлер арасында курмандыктар жөнүндө маалымат жок экенин айтып, жарандык кызматтагы бир адамдын жүрөгү кармап каза болгонун билдирди. Анын айтымында, АКШ азырынча кол салууну ким жасагандыгын айта албайт. Бирок Ирактын расмий өкүлдөрү…

Прочитайте больше
1 175 176 177 178 179 188