Ачууланганда эмне кылышыбыз керек? Эффективдүү 7 ыкма

“Ачуу – душман, акыл – дос” деп элибизде бекер айтылбайт. Ачуубуз келгенде жасаган кылык-жоруктарыбыз үчүн ар дайым өкүнүп калабыз. Ошондуктан адам бул маалда өзүн кармап, сабырдуу болуш керек.

Сүйүктүү пайгамбарыбыз ﷺ шайтандан болгон ачууну басуу үчүн сахабаларына бир нече кеңештерди берген. Бул макалада жардам берчү ошол ыкмалар менен бөлүшөбүз.

Аллах Тааланын улуулугун эстөө

Азирети Абу Масуд (р.а) өзүнүн кулун уруп жатканда, пайгамбарыбыз ﷺ мындай деген: “Албетте, сен бул кызматчыңа кудуретке ээ болгонуңа караганда, Аллах Таала сенин үстүңдө чексиз кудуретке ээ” (Тирмизи).

“Аъузу билланы” окуу

Пайгамбарыбыз ﷺ мындай деди: “Адам баласы ачууланганда, “Аъузу билланы” айтса, ачуусу басылат” (Канзул уммал).

Ачууланганда аны жутуу

Аллах Таала айтты: “Ачууларын жутушат жана адамдарга кечиримдүү болушат” (Куран, 3:134).

Ачууланганда унчукпай калуу

Пайгамбарыбыз ﷺ мындай деген: “Кимдин ачуусу келсе, унчукпай калсын” (Аль-адабу муфрод).

Кайсы абалда ачуулук келсе, ошол абалды өзгөртүү

Аллахтын элчиси ﷺ айткан: “Турган абалда ачуусу келсе, анда отуруп алсын. Мында да кетпесе, жатып алсын” (Абу Дауд).

Даарат же гусул алуу

Пайгамбарыбыз ﷺ мындай деген: “Чындыгында, ачуулук шайтандан. Шайтан оттон жаралган, от суу менен өчөт. Андыктан ким ачууланса, даарат алып алсын” (Абу Дауд)

Экинчи тарапты Аллах үчүн кечирип жиберүү

Аллах Таала момундарды мактап айткан: “Ачуулары келгенде (ичине жутушуп, ачуусун келтиргендерди), кечиришет” (Куран, 42:37).

Комментарий жиберүү