Балдарга динин сүйдүрүү

Суроо: Кичинекей балдарга динибизди кантип сүйдүрө алабыз, кантип тарбия кылуубуз керек?

Жооп: “Мындай кыл, мындай кылба” дегендин ордуна абалыбыз менен үлгү болушубуз керек. Анткени, абалыбыз, иш-аракеттерибиз сөзгө караганда көбүрөөк таасирлүү болот. Өзүбүз абалыбыз менен, кыймыл-аракеттерибиз менен жакшы үлгү, өрнөк боло алсак тарбия ишинин жартысы аткарылган болот. Анан Пайгамбарыбыздын, сахабалардын, дин улууларынын, олуялардын өмүр баяндарын, ибреттүү окуяларын айтып берип, аларга карата сүйүүсүн ойготуу керек. Бул сүйүү балага берилсе алардын атын айтып, Аллаху тааланы түшүндүрүү, динибиздин буйруктары менен тыюуларына багыттоо оңой болот. Адам өзү жакшы көргөн адамдарына окшогусу келет, жакшы көргөн адамдарынын сөздөрүнө моюн сунат. Дин улуктары шакирттерине эң алгач намаздан, орозодон, арамдардан айтышчу эмес. Маселен, Хазрети Имам Раббани өз устаздары тууралуу айтып берчү, аларды сүйдүрчү. Андан кийин алар бардык жерде намазды, динибиздин буйрук менен тыюуларын ойлошчу. Дин улуктарына деген сүйүү дары сыяктуу. Аларга карата махабат менен, алардын берекеси менен динибизге моюн сунуу өтө жеңил болот.

Комментарий жиберүү