Дуба кылуунун 10 адеби

Пайгамбарыбыз ﷺ: «Дуба – момундун куралы, диндин түркүгү жана асман менен жердин нуру», – деген.

Бул макалабызда дуба кылуунун адептерин сунуштайбыз. Маалыматты жакындарыңыз менен бөлүшүүнү унутпаңыз.

Жакшы, кененчилик абалда да дубаны көп кылуу

Пайгамбарыбыз ﷺ айтат: «Кимде-ким кыйынчылык жана кыжалатчылык учурда Аллах анын дубасын кабыл кылуусун кааласа, жеңилчиликте дубаны көп кылсын” (Тирмизи)

Дүйнө жана акыреттин бардык нерселерин Аллах Тааладан гана суроо

Пайгамбарыбыз ﷺ айтты: “Албетте, ким Аллахтан сурабаса, Аллах андан нааразы болот” (Тирмизи).

Дубанын кабыл болуусуна толук ишенүү

Пайгамбарыбыз ﷺ айтты: “Аллах Таалага дубанын кабыл болуусуна ишенип, дуба кылгыла” (Тирмизм)

Толук көңүл коюп, дуба кылуу

Пайгамбарыбыз ﷺ айтты: “Билип алгыла! Аллах Таала бейкапар, кош көңүл жүрөктөн чыккан дубаны кабыл кылбайт” (Тирмизи).

Дуба кылууда чектен ашпоо

Аллах Таала айтты: “Роббиңерге жалбаруу менен купуя түрдө дуба (ибадат) кылгыла. Чындыгында, Ал чектен чыгуучуларды сүйбөйт” (Аъроф, 55).

Дубанын кабыл болуусуна шашпоо

Пайгамбарыбыз ﷺ айтты: “Силердин дубаңар кабыл болот “Мен Аллах Таалага дуба кылдым, Аллах (азыркыга чейин) кабыл кыла элек” дегенге чейин” (Бухари).

Алаканды көккө жайып, дуба кылуу

Пайгамбарыбыз ﷺ айткан: “Аллахтан сурасаңар (дуба кылсаңар) алаканды жайып, дуба кылгыла. Алакандын асманга каратып дуба кылбагыла” (Абу Дауд).

Аллах Таалага мактоолорду айтуу менен дуба кылуу

Пайгамбарыбыз ﷺ айтты: “Силердин бириңер намаз окуса, биринчи Аллах Таалага мактоо айтсын. Анан пайгамбарга салават айтсын, анан каалаган нерсесин сурасын” (Абу Дауд).

Биринчи өзү үчүн дуба кылуу

Азирети Убай ибн Кааб (ага Аллахтын ыраазычылыгы болсун) айтты: “Аллахтын элчиси ﷺ дуба кылганда, биринчи өзүнөн баштайт эле”.

Дубанын акырында “Оомийн” деп айтуу

Азирети Абу Зухайр (ага Аллахтын ыраазычылыгы болсун) айтат: Түндөрдүн биринде Аллахтын элчиси ﷺ менен чыктык. Тырышчаактык менен дуба кылып жаткан адамдын алдына келдик. Пайгамбарыбыз ﷺ дубасын кунт коп угуп, токтоп калды да мындай деди: “Дуба кабыл болот, эгер мөөр басса”. Бирөө сурады: “Эмне аркылуу мөөр басат? Оо, Аллахтын элчиси”. Пайгамбарыбыз ﷺ: “”Оомийн” деп айтуу менен”, – деп жооп берди.

Комментарий жиберүү