Жалкоолуктан арылуу үчүн маанилүү 7 кеңеш

Жалкоолук – чоң көйгөйлөрдүн башталышы. Шайтан максатына жетүү үчүн адамдын жалкоолугун курал катары колдонот. Эгер жалкоолук мойнуңа минип алса, бийик максаттарыңа жете албайсың. Жадагалса бул сапат сенин Аллах менен болгон мамилеңди да суутат. Акыры жалкоо адам эки дүйнөнүн тең бактысынан кур калат. Ошондуктан жалкоолуктан кутуулууга шашылуу зарыл.

Бул материалда жалкоолукту жеңүү үчүн керектүү кеңештерди сунуштайбыз. Окуп гана койбостон, жашоо-турмушуңузда колдонуңуз.

1. Дуба кылыңыз

Пайгамбарыбыз мындай деп дуба кылар эле:

اللّهُمَّإنِّيأعُوذُبِكَمِنالعَجزِوَالكَسلٍ

“Оо, Аллахым! Алсыздыктан жана жалкоолуктан Өзүңө гана баш калкалайм!”

2. Максаттарыңызды эске түшүрүңүз

Коюлган максаттарыңызды эстеңиз. Эгер алар жок болсо, конкреттүү максаттарды коюңуз. Азыркы абалыңыз менен кыялданган жашоого жете аласызбы? Мына ушул суроону өзүңүзгө берип, максаттарга жетүү үчүн бүгүнтөн тартып аракеттениңиз.

3. Улуу инсандардын өмүр баянын окуңуз

Аллахтын жардамы аркылуу жана талбас эмгегинин натыйжасында ийгилик жараткан тарыхый инсандардын басып өткөн жолун талдаңыз. Бул дүйнөдө максаттарына жетип, үлгү көрсөткөндөрдүн баары аракетчил жана тырышчаак болушкан. Же жөн эле уктап, ийгиликке жеткендер барбы?

4. Күжүрмөн адамдар менен дос болуңуз

Айланаңызда жалаң жалкоолор болсо, албетте, сизге алардын абалы таасир этет. Эч нерсе кылгыңыз келбей, шайыңыз жок болот. Ошондуктан чөйрөңүздү өзгөртүңүз. Максаттары бийик, энергиялуу, эмгекчил адамдар менен убакыт өткөрүңүз.

5. Эрте жатып, эрте туруңуз

Эгер түшкө чейин уктап жатсаңыз, эч качан жалкоолуктан арыла албайсыз. Убактыңыз берекесиз болот. Эрте туруп, намаз окуңуз. Күч-кубатыңыз көп кезде маанилүү жумуштарды бүтүрүңүз.

6. Күнүмдүк план түзүңүз

Кечинде эртеңки күндүн планын түзүп, аны бузбай аткарууга аракеттениңиз. План түзүү менен жоопкерчиликтүү болуп, убактыңызды туура бөлүштүрөсүз.

7. Телефонду туура колдонуңуз

Түрдүү социалдык тармактар убакытты текке кетирип, сизди ого бетер жалкоо кыларын ойлонуңуз. Телефонду жөн эле тиктеп отуруу эч кандай пайда алып келбейт. Смартфонду олуттуу маселелерде гана колдонууну адатка айантыңыз.

Комментарий жиберүү