Кайсы маалда уктаганга болбойт?

Таң атканга чейин уктоо ырыскыны тосот

Фатима (р.а) айтат: “Мен таң эрте уктап жатканмын. Пайгамбарыбыз ﷺ биздин алдыбыздан өтүп жатып, буту менен кыймылдатып айтты: “Ээ, кызым! Өз Роббиң ырыскы бөлүп жаткан учурда сен ойгоо бол, капилетте калуучулардан болбо. Таң чыккандан тартып, күн баткан мезгилдин ортосунда Аллах Таала элдерге ырыскыны бөлүштүрөт”.

Таң эрте уктагандын кулагына шайтан заара кылат

Ибн Масуддан (р.а) риваят: “Пайгамбарыбызга ﷺ бир кишинин таң атканга чейин уктап жата бергендиги тууралуу айтылганда: “Анын кулагына шайтан заара кылды”, – деп айтты.

Асрдан кийин уктаса, акылда алсыздык пайда болот

Айша (р.а) пайгамбарыбыздан ﷺ риваят кылат: «Ким асрдан кийин уктап, акылында алсыздык пайда болсо, ал өзүнөн башка эч кимди жемелебесин”

Шамдан кийин уктоо макүрөө

Айшадан (р.а) риваят: “Пайгамбарыбыз ﷺ куптандан мурда (шамдан кийин) уктоону макүрөө деп түшүнөт эле”.

Макаланы жакындарыңыз бөлүшүүнү унутпаңыз.

Комментарий жиберүү