Кимдерге орозо кармабай коюуга уруксат берилген?

Ыйык Рамазан айында бардык жашы жеткен мусулмандарга орозо кармоо парз кылынган.

Ал эми орозо кармабай коюуга уруксат берилген себептер булар:

1-Оору: Ооруган же орозо кармаганда оорусу күчөгөн адам орозо кармабайт, кармап жаткан болсо бузса болот. Оорулуу адамды караган адам орозо кармаганда оорулуу адамды кароо ишинде кыйнала турган болсо ал дагы орозо кармабаса болот.


2- Сапар: 104 км алыс жерге барган адам 15 күндөн аз калчу жерде сапар болот. Жолчулукта кыйынчылык болуп, иш аксап же казага себеп боло турчу бир жагдай болсо орозону казага калтыруу уруксат болот. Хадисте: «Сапарда кыйынчылык ичинде орозо кармоо такыбаа саналбайт», – деп буюрулду. (Бухари)


3- Кош бойлуу жана бала эмизүү: Өзүнө же баласына зыян келе турган болсо кош бойлуу жана бала эмизген аял орозо кармабайт. Хадисте:«Аллах Таала кош бойлуу жана бала эмизген аялга орозо кармабоосу үчүн уруксат берди, жана орозодон бошотту», – деп айтылууда. (Абу Давуд, Тирмизи, Несаи). Бала эмизген аял өз баласын же башка биринин баласын эмизип жаткан болсо да өкүм бирдейт.


4- Ачкалык жана суусуздук: Өзүндө өтө кыйын ачкалык же суусуздук пайда болгон адам өлүм коркунучу бар болсо же акылы кете турган болсо же ооруп калып бир зыянга дуушар боло турган болсо орозосун буза алат.


5- Карылык: Орозо кармай албаган жана сакайуу ыктымалы да болбогон кары оорулуу адам кармай албаган күндөрү үчүн «фидйа» берет. 30 күндүн фидйасы 53 кг ун. 53 кг ун ала турганчалык алтын да берсе болот.


6- Коркуу: Орозо кармаган адам «Орозоңду бузбасаң сени өлтүрүп же бир дене мүчөңдү кесебиз» делип коркутулган болсо, алардын айткандарын кылууга күчү жетсе жана муну сандырак сөз катары айтып жатпаган болсо орозону бузуу уруксат болот.


Ыйык Рамазан айында кечиримдүү үзүр себепсиз орозо кармабоо чоң күнөө. Хадисте: «Кечиримдүү себепсиз Рамазанда бир күн орозо кармабаган мунун ордуна жылды толугу менен орозо кармаса, Рамазандагы ошол бир күнкү соопко жете албайт», – делди. (Тирмизи)

Комментарий жиберүү