Кыйынчылык келген учурда эмне кылышыбыз керек? Маанилүү 8 кеңеш

Аллах Таала айтты:«Кандай гана кыйынчылык келбесин – ал Аллахтын буйругу менен келет. Ким Аллахка ыйман келтирсе анын жүрөгүнө хидаят [Туура Жол] берет. Аллах бардык нерсени Билүүчү» (Куран, 64:11).

Бул материалда башынан оор мезгилди өткөрүп жаткан бир туугандарыбызга кеңештерди сунуштайбыз.

1. Түйшүк келер замат сабыр кылуу

Пайгамбарыбыз ﷺ айткан: “Сабыр деп кыйынчылык келери менен кылынган сабырды гана айтат” (Бухари).

2. Кыйынчылыктын себебинен сооптун келүүсүн үмүт кылуу

Пайгамбарыбыз ﷺ башына кыйынчылык түшкөн бир аялга минтип айткан: “Сабыр кылыңыз жана сооп үмүт кылыңыз” (Бухари).

3. Кыйынчылык келген учурда “Инна лиллахи ва инна илайхи рожиъун” (Албетте, бардыгыбыз Аллахка таандыкпыз жана Ага гана кайтуучубуз) деп айтып, анан төмөнкү дубаны окуу:

“Оо, Аллах! Бул кыйынчылыкта мага ажыр-сыйлык бер. Мунун артын мындан да жакшыраагы менен толтур”.

4. Өлүмдүн келерин түшүнүп, кыйынчылыкты жеңилдетүү

Пайгамбарыбыз ﷺ минтип айткан: “Бардык рахатты кесип жок кылуучу өлүмдү кө эстегиле. Анткени кайсы бир адам турмуштун тар кезинде өлүмдү көп эстесе, сөзсүз тарчылыгын кеңейтет” (Муснадуль Баззаар).

5. Пайгамбарыбыздын ﷺ дүйнөдөн кайткан кезин эстеп, түйшүктү жеңилдетүү

Пайгамбарыбыз ﷺ айткан: “Качан силердин бириңерге түйшүк жетсе, анда мен дүйнөдөн өткөндүгүм себебинен келген түйшүктү эстесин. Себеби ал – эң чоң түйшүк”.

6. Кыйынчылыкта шүгүр келтирүү

Момундардын башчысы азирети Умар (р.а) айткан: “ Мага кайсы кыйынчылык келбесин, анда сөзсүз Аллах Тааланын мага берген 3 белеги болгон. Себеби (биринчиден) ал (келген түйшүк) – менин динимде алсыроо эмес. (Экинчиден) андан башка чоңураак түйшүктөр келген жок жана (үчүнчүдөн) Аллах Таала бул кыйынчылыкка сабыр кылуума мүмкүнчүлүк берди”.

7. Бардык нерсени тагдырдан деп билүү

Аллах Таала айтты: “Жердеги жана өзүңөрдөгү апаат-кырсык Биз аны болтурганыбызга чейин эле китепте жазылып калган. Бул Аллах үчүн жеңил. Өткөнгө кайгырбагыла, келгенге сүйүнбөгүлө. Аллах бардык текебер, мактанчаактарды жакшы көрбөйт” (Хадид, 22-23).

8. Ушул кыйынчылыктан Аллах жеңил кутултат деген жакшы күмөндө болуу

Пайгамбарыбыз ﷺ кудсий хадисинде мындай деген: “Аллах Таала айткан: “Пендем Мен тууралуу кандай күмөндө болсо, ошондой мамиле кыламын” (Тирмизи).

Комментарий жиберүү