Кылган дубаңыз текке кетпейт

Суроо: Аллаху таала Мумин сүрөсүнүн 60-аятында: “Дуба кылгыла, кабыл кылайын”, – деп билдирүүдө. Бирок, мен кылган дубалар дайым текке кетүүдө. Мунун себеби эмнеде?

ЖООП: Жок, дуба текке кетпейт. Эки хадиси шарифтин мааниси:

“Раббиңер, албетте, хайа жана керем ээси. Кулдары колдорун көтөрүп бир нерсе сураганда алардын колдорун бош кайтаруудан хайа кылат.” [Тирмизи, Абу Давуд]

“Аллаху таала айтты: “Эй, адам баласы, мага шерик кошпой кулдук кыла турган болсоң амалыңдын жообун беремин. Дуба кылуу сенден, кабыл кылуу болсо менден.” [Табарани]

Аллаху таала: “Дубаңарды кабыл кыламын, колуңарды бош кайтарбаймын”, – деп билдирүүдө. Демек, дуба текке кетпейт. Бирок, биз каалаган нерсе болмоюнча дубабыз текке кетти деп ойлойбуз. Китептерде билдирилет:

Кылган дубаларыбыз менен күнөөлөрүбүз кечирилүүдө, келе турган бир балээ-кырсыктын алды алынган болууда, бир балээ же дарт жок болууда же болбосо дубаларыбыздын себеби менен сооп алуудабыз. Эки хадиси шарифтин мааниси да төмөндөгүдөй:

“Дуба кылган адам үч нерседен куру калбайт: Же күнөөсү кечирилет же дароо тилегенинин акыбетин алат, же болбосо акыретте сооп алат.” [Дайлами]

“Кул бир дуба кылганда тилеги орундалбаса ага бир хасана [сооп] жазылат.” [Дара Кутни]

Кечиккен дубалар да болот албетте. Ал дагы бекеринен эмес. Бир хадиси шарифте билдирилди:

“Момун дуба кылганда Аллаху таала Жабраил алейхиссаламга: “Тилегин дароо орундаба, мен анын үнүн жактырамын”, – деп буюрат. Фажир (күнөөкөр) дуба кылганда: “Мунун тилегин дароо орунда, мен анын үнүн жактырбаймын”, – деп буюрат.” [Ибни Нажжар]

Аллаху таала дубаны кабыл кылууну кечиктирип жаткан болсо демек көп нимат берет. Ошондуктан, шашылып, дубам эмнеге кабыл болбой жатат деп айтпоо керек. Бир хадиси шарифтин мааниси:

“Күнөө болгон бир нерсе үчүн же туугандык байланыштын үзүлүшү үчүн дуба кылмайынча же шашылып: “Дуба кылдым да кабыл болбоду” деп айтмайынча кылынган дуба кабыл болот.” [Муслим]

Комментарий жиберүү