Мусулман социалдык тармакта өзүн кандай алып жүрүш керек?

Бүгүн жашообузду социалдык тармактарсыз элестете албай калдык. Албетте, интернеттин адам жашоосун жеңилдеткен бир пайдалуу жагы бар. Биз ал аркылуу мыкты мугалимдерди таап, онлайн илим-билим алабыз. Жакындарыбыз жана туугандарыбыз менен байланышып, мамилени бекемдейбиз. Бирок социалдык тармактардын тескери жактары да бар экенин унутпашыбыз керек. Күнөөдөн алыс болуу үчүн мусулман коммуникациянын бул куралын абайлап колдонуусу зарыл. Бул жолу окурмандарыбызга социалдык тармакты пайдалануу эрежелерин сунуштайбыз.

%article_title%

1) Жакшы кулк-мүнөз

Мусулман бардык жерде, жадагалса виртуалдык дүйнөдө да өзүн татыктуу алып жүрүш керек.Пайгамбарыбыздын хадистеринин биринде айтылат:“Кыямат күнү мага эң жакын болчуңар жана менин сүйүүмө арзый турганыңар – кулк-мүнөзү эң жакшы болгонуңар”.

Айрыкча, башка адамдарды кемсинтүүдөн алыс болуу зарыл.Аллах Таала бул тууралуу мындай дейт:“Адамдарды артынан сынга алып, тили жана кыймыл-аракети менен шылдыңдагандарга азап болсун!”(104;1).

2) Жалгандан алыс болуу

Социалдык тармакта такталбаган маалыматтар кеңири тараган. Бурмаланган фактыларды таратып, жалгандын очогуна айлануудан алыс болуңуз.Аллахтын Элчиси:”Момун бардык катаны кылышы мүмкүн, бирок кыянаттык кылышы жана жалган сүйлөшү мүмкүн эмес”,- деген.

3) Тыюу салынган нерселерден баш тартуу

Интернеттен тыюу салынган видеолорду көрүүдөн, аудиофайлдарды угуудан сактаныңыз (эротика, адам өлтүрүүгө чакырыктар, терроризмди жактаган материалдар).Пайгамбарыбыз күйөө баласы Алиге (р.а) мындай насыят кылган:«Биринчи караганың үчүн (тыюу салынган нерсени) суралбайсың, бирок экинчиси сага каршы күбөлүк берет» (Абу Давуд, Тирмизи).

Кээде байкабай, кокустан көрүүгө болбой турган постторго чалдыгып калабыз. Бирок атайылап бул баракчадан чыкпай, кечке тиктеп отурсак, Кыяматта жооп беребиз.

4) Урмат көрсөтүү

Элибизде: “Улууга урмат, кичүүгө ызаат” деген улуу сөз бар. Албетте, мусулман социалдык тармактарда да башкаларга урмат-сый менен мамиле кылуусу зарыл.Пайгамбарыбыз:”Улууларыбызды сыйлабаган, кичүүлөрүбүздү ызаттабаган адам бизден эмес”,- деп айтат.

5) Ушактан алыс болуу

Тилекке каршы, бүгүн социалдык тармактар ушак-айыңдарды тараткан башкы каналга айланган. Белгилүү адамдардын артынан кандай гана ушактар айтылбайт, ошол күнөө иштерди жайылткан адамга айланбаңыз.Хадисте мындай деп келет:“Ушак-айыңдан сактангыла, анткени ушак зынаадан да оор күнөө. Зынаа кылган киши тообо кылса, Аллах аны кечириши мүмкүн. Ал эми ушакталган киши кечирмейинче, ушакчынын кечирилиши мүмкүн эмес”.

6) Жөнөкөйлүк

Адам кайсыл жакта болбосун өзүн атайылап көрсөтүп, кекирейүүгө болбойт.Аллахтын Элчиси:“Ар бир ишенимдин өз өзгөчөлүгү бар, Исламдын өзгөчөлүгү – жөнөкөйлүк”деген.Ал эми Куранда Аллах Таала мындай дейт:“Жерде орунсуз текеберленгендерди Өз кереметтеримден четте калтырам” (7;146).

Комментарий жиберүү