Ражаб айы

Суроо: Ражаб айы тууралуу маалымат бересизби?

ЖООП: Ражаб – касиеттүү үч айдын бири. Бул ай тообо кылуунун, сый-урматтын жана ибадаттын айы болсо, Рамазан айы жакындык менен немат айы. Зуннун Мисри: “Ражаб – үрөн себүү, Шабан айы – сугаруу айы, Рамазан болсо – түшүм жыйноо айы”, – деди.

Ражаб айы кечирим айы, Шаабан айы шапаат жана Рамазан айы сооптор көп эсе бериле турган ай экени айтылды. Бул айларды урматтоо күнөөлөрдөн сактануу жана ибадат кылуу аркылуу ишке ашат. Урмат көрсөткөн адам анын сооп-сыйлыгын алат. Мына ушул касиеттүү мезгилдерде убада кылынган соопторду алуу үчүн эң оболу жүрөктөгү ыйманды оңдоо керек. Илимхал маалыматтарын үйрөнүп, ошого ылайык жашаш керек. Тообо кылып, кечирим тилеш керек. Каза болгон намаздарды окуп баштоо керек. Мүмкүн болушунча тезирээк карыздан кутулууга аракет кылуу керек.

Хадиси шарифтерде мындай делген:

“Ражаб айында Аллаху таалага көп истигфар айткыла. Анткени, Ражаб айынын ар бир убагында Аллаху таала Тозоктон азат кылган пенделери бар. Ушуну менен катар, Бейиште укмуштуудай сарайлар бар. Аларга Ражаб айында орозо кармагандар гана киришет.” (Дайлами)

“Аллаху таала Ражаб айында орозо кармагандарды кечирет.” (Гуния)

“Касиеттүү Ражаб айынын башында бир күн, ортосунда бир күн жана аягында бир күн орозо кармаган адамга Ражаб айын толугу менен орозо кармагандай сооп берилет.” (Мифтахул-жанна)

“Мына бул беш түндө кылынган дуба текке кетпейт: Рагаиб түнү, Шабан айынын 15-түнү, Жума түнү, Рамазан айынын түнү жана Курман айыттын түнү.” (Ибн Асакир)

“Аллаху таала Ражаб айындагы жакшы амалдарды эселеп көбөйтөт. Бул айда бир күн орозо кармаган адам бир жыл орозо кармагандай сооп алат. Жети күн орозо кармаган адамга тозоктун эшиктери жабылат. Сегиз күн кармаган адамга Бейиштин сегиз эшиги ачылат. Он күн кармаган адамга Аллаху таала сураган нерсесин берет. Он беш күн кармаганга бир кабарчы: “Өткөн күнөөлөрүң кечирилди”, – деп айтат. Аллаху таала Нух алейхиссаламды Ражаб айында кемеге түшүрдү. Ал Ражаб айын орозо кармап өткөрүп, жанындагыларга да орозо кармоолорун буйрук кылды.” (Табарани)

“Ражаб айында такыбаа менен бир күн орозо кармаган адамга орозо кармаган күндөрү тилге келип: “Эй, Раббим! Аны кечире көр”, – деп тилейт.” (Абу Мухаммед)

Комментарий жиберүү