Сууну үнөмдүү колдонуу үчүн 10 кеңеш

Бир күндүк жашооңузду суусуз элестете аласызбы? Албетте, жок. Суу – биздин ажырагыс бөлүгүбүз.

Суу түгөнүүчү ресурс экендигин жана Жер шарындагы суунун аз гана бөлүгү ичүүгө жарактуу эсептелерин баарыбыз биле бербейбиз.

Билесизби, дүйнөдө таза сууга жетпей, зар болгондор канча? 150 млн адам таза суу жок болгондуктан, кир сууну ичүүгө аргасыз. Ал эми 260 млн адам сууга жетиш үчүн сааттап жол жүрөт. Дээрлик 1,5 млрд адам ичүүгө жарактуу сууну табыш үчүн жарым саат убактысын коротот. Жылына 6 миң бала таза суу жетишсиздигинен ар түрдүү ооруларга чалдыгып, кайтыш болот.

Эгер бул көңүл ооруткан цифралар мындан да өсүшүн каалабасаңыз, сууну үнөмдөп баштаңыз. Аллах Таала ысырап кылуучуларды сүйбөйт. Сууну сарамжалдуу колдонуу үчүн бир нече кеңештерди сунуштайбыз:

1. Суу тамчылап жаткан бардык крандарды оңдотуңуз.

2. Ваннаны ордуна душ колдонуңуз. Душ кабыл алуу менен бир топ сууну үнөмдөйсүз.

3. Душка түшүүдөгү убакытты азайтыңыз.

4. Тишиңизди жууп жатканда, колуңузду самындаганда ж.б сууну токтотуп коюңуз. Суунун жөн эле агып туруусуна жол бербеңиз.

5. Жашылча-жемиштерди жуугандан кийинки суу менен эшиктеги өсүмдүктөрдү сугарыңыз.

6. Кир идиштерди раковинага суу толтуруп алып жууңуз.

7. Эгер мүмкүнчүлүк болсо, идиш жууган машина сатып алыңыз. Муну менен 100 литрлеген сууну үнөмдөйсүз.

8. Муздак суу чыгуусун күтүп, канча литр сууну текке кетиребиз. Бул убакта сууну жөн кетирбей, идиш тосуп коюңуз, ал сууну башка муктаждыктарга колдонсоңуз болот.

9. Чай койгондо, өзүңүзгө жеткидей гана сууну кайнатыңыз. Ашыкча суу кайнатуунун кереги жок.

10. Кир жуучу машинага аз эле кийим салып жууй бербеңиз. Бир жууганда көпчүлүгүн жууганга аракеттениңиз.

Комментарий жиберүү