Сүйлөөнүн 10 адеби

Биз айлана-чөйрөбүзгө сөзүбүз аркылуу оң, же терс таасир этишибиз мүмкүн. Ошондуктан чыныгы мусулман сүйлөө адебин сактап, өзүнө жана башкаларга зыян тийгизип албагыдай болуш керек.

Бул макалада пайгамбарыбыздын ﷺ үлгүлүү жашоосунан алынган сүйлөө адептерин сунуштайбыз.

1) Ашыкча сүйлөөдөн сактануу

Пайгамбарыбыз ﷺ айтты:“Пайдасыз нерсени таштоо – Исламдын кооздугунан”.

Хинд бин Аби Хаала айтты: “Пайгамбарыбыз ﷺ зарылчылыксыз сүйлөбөйт эле”.

2) Жакшы сөз сүйлөө, болбосо унчукпоо

Аллахтын элчиси ﷺ айткан:“Ким Аллахка жана Акырет күнүнө ыйман келтирсе, жакшы сөз сүйлөсүн, же унчукпасын”.

3) Шашылбастан, ачык жана таза сүйлөө

Айша (р.а) айтат:“Пайгамбарыбыздын ﷺ сөзү силердин сүйлөп жатканыңар сыяктуу эмес эле. Ал так жана даана сүйлөйт эле, жанында отургандар аны жаттап алышчу”.

4) Сөздүн тууралыгын ойлонуп, толук түшүнүү менен сүйлөө

5) Орчундуу, мазмундуу сөздү 3 жолу кайталоо

Анас бин Малик (р.а) айтты:“Пайгамбарыбыз ﷺ адамдар жакшы түшүнүүсү үчүн сөзүн 3 жолу кайталайт эле.

6) Ачууланып жатса, жини тарагандан кийин сүйлөө

7) Чындыкты гана айтып, калп сүйлөөдөн сактануу

Пайгамбарыбыз ﷺ айткан:“Силер чындыкты сүйлөгүлө. Анткени чындык жакшылыкка, ал эми жакшылык бейишке алып барат. Жалгандан сактангыла. Анткени жалган күнөөгө, ал эми күнөө тозокко жеткирет.

8) Күнөөкөр жана бузуку адамдарды мактоодон качуу

Пайгамбарыбыз ﷺ айткан:“Эгер бузуку адам макталса, Аллах Таала ачууланат жана Арш титирейт”.

9) Оройлуктан жана кимдир бирөөнү кемсинтүүдөн алыс болуу

Хинд бин Аби Хаала мындай деген:“Пайгамбарыбыз ﷺ катуу мүнөз жана кемсинтүүчү адам эмес эле”.

10) Сүйлөөдө жана суроо берүүдө улууларга кезек берүү

Комментарий жиберүү